Домой Эс тутум Акжолов – устат педагог, журналист

Акжолов – устат педагог, журналист

3

Тээ, 1980-жылдары Ош областынын “Ленин жолу” газетасынын беттеринен А. Акжолов деген кабарчынын жазган материалдарын окуп калчу элем. Ал кезде советтик идеология өз өкүмүн сүрүп турган. Өлкөнү коммунисттик партия башкарып, Лениндик принциптер биринчи орунга коюлган. Басма сөз да ошого үн кошуп, мактоо, ураан-чакырыктарга басым жасалчу. Ошол мезгилдеги райондук, областтык, республикалык газета беттеринен Аким Акжолов деген ысым көп кездешип, анын түрдүү тематикадагы материалдары үзгүлтүксүз жарыяланып, эл арасында бул ысым таанылып гана тим болбой, кеңири тарай баштаган. Калеми курч, сөзү мурч, чалкан чаккандай чакан маалыматтарды жазган, чагылгандай жарк эткен кандай журналист болду экен деген ой менден калбай ээрчип жүрө берди. Айтылган инсан менен 2001-жылы, ал ЖАМУГА окутуучу болуп келгенде бетме-бет жолугушуп, жүз көрүштүм. Көрсө, “Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши”,- дегендей мурду барбайган, өзү балбандай келбеттүү жигит экен…

Аким Акжолов – жазуучу: “Көк-Арт”, “Спорттун формуласы кокусунан жазылбайт”, “Кочкор палван”, “Калымбет комузчу” ж. б. повесттердин автору. “Полковниктин айымы”, “Аристотелдин махабаты”, “Түшкө кирген карышкыр”, “Бүзейне” сыяктуу көптөгөн кызыктуу аңгемелерди жазган.

Аким Акжолов – акын: “ойлорум – менин академиям”, “Турмуштун формуласы” деген сыяктуу бир поэзия жыйнактарын жарыкка чыгарган. Акындын башкалардан өзгөчөлөнгөн жеке ыр жазуу стили бар, Кыргыз версификациясы  (Версификация. лат – Versus – стих,  facio – делаю) Аким Акжоловдун ырларында, ал ага маани берүү менен алга кадам жасай алды деп толук айта алабыз, ыр кошуу, ыр токуу, ыр улоодогу анын деңгээли жогорку бийиктикте. Поэтикалык техниканы мыкты өздөштүрүп, аны ыр жазууда туура колдоно алган.

Ал акын катары анатомиялык портреттерди (баш, чач, бет, көз, ооз, тил ж. б. у. с.) толук ачып жаза билген жазуучу. ”Кто не изучил человека в самом себе, никогда не достигает глубокого знание людей”,- деп Г. Чернышевский белгилегендей, Аким Акжолов ар кандай теманы окурманга толук ачып бере алат, анткени ал профессионал адис, дасыккан жазуучу эле.

Аким Акжолов – илим адамы: “Журналистиканын жаңы типологиясы”, Информацияны окутууда дискурсту пайдалануу жолдору”, “Көркөм-публицистикалык жанрлар” деген сыяктуу илимий китептенрди жараткан. Илим изилдөөчү, чыгармачылык менен дүйнөлүк адабияттарды, анын ичинде кыргыз адабиятын жан дили менен изилдеген.

Аким Акжолов – драматург: “Ырдын бейити болбойт” аттуу драманы жараткан.

Аким Акжолов – окурман: ал жашоодогу көп убактысын китепканаларда талыкпай изденүү менен өткөрдү. Коомдогу агымдан калбай – турмуштун бардык жагдайынан кабардар болуп жашады. Алла Тааладан Мухаммед САВга “Оку” деген буйрук келгенин эсинен чыгарбай, дайыма өз билимин өркүндөтүүнүн үстүндө системалуу иш алып барды.

А. Акжолов – адабий сынчы: Көптөгөн кесиптештеринин чыгармаларын окуп, талдап, иликтеп, жеке оюн сунуштаган. Көптөгөн чыгармачыл инсандардын китептерине пикир жазган. Орустун улуу сынчысы В. Г. Белинский жазмакерлерди “литератор” жана “литараторщик” деп эки топко бөлгөн, эгер ушул пикирге кошулсак, анда Аким Акжолов литераторлордун тобуна кирет, анткени ал элдин көйгөйүн, үмүтүн чагылдырган мазмундуу чыгармаларды жазган.

Аким Акжолов – тажрыйбалуу насаатчы-окутуучу: Ал студенттерге журналистика адистиги боюнча лекция, практика, семинар сабактарын таасирдүү, жеткиликтүү өтүп келди. Ал студенттерге баласындай, а студенттер ага атасындай мамиле жасашчу., Ар дайым студент – окутуучу – студент чынжырчасы бекем жана туруктуу ишке ашып келген. Түшүндүрүүнү практикадан – теорияга өтүү жолунда турмуш менен айкалыштырып, студенттерге ар дайым терең таалим-тарбия берип келген. Өз кесибин жанындай сүйгөн методист-окутуучу, көбүнчө өзүнүн тажрыйбаланган ментордук иштөө системасы менен иштөөчү.

Аким Акжолов – устат педагог: Кафедранын, факультеттин, университеттин кадырман сыйлуу аксакалы, ардагер мугалими катары жаштардан баалуу кеңештерин аяган эмес.

Аким Акжолов – ЖАМУну даңазалаган жарчы: ЖАМУнун стратегиялык иш план, программаларын, аткарган алгылыктуу иштерин, өрнөктүү жаңы идеяларды, табылгаларды кыргыз элине республикалык, областтык газета-журналдар, ТВ аркылуу тынымсыз жарыялап келди.

Аким Акжолов – элди ойлогон патриот инсан жана жетекчи: Ал жөнөкөй журналисттен баштаган өз чыйырын тынымсыз илгерилетип, райондук, областтык газеталарды башкы редакторлук милдеттерин көп жылдар бою аткарган.

Аким Акжолов – компетенттүү журналист: Ал өмүр бою түрдүү темадагы чыгармаларды жазып келди. “Настоящий писатель – это же, что древний пророк, он видит яснее, чем обычные люди”,- деп орустун улуу жазуучусу А. П. Чехов айткандай, анын чыгармаларында турмуш, экология, экономика, илим, тарых, сүйүү, үй-бүлө, саясат, Ата Мекендик согуш, эл-жер, тарбия, адабият, философия, тил багытындагы темалар кеңири орун алган. Ал классикалык чыгармаларга дагы кеңири кайрылган.

Аким Акжолов – педагог жана психолог: Анын берген суроолору жооп берүүгө татаалдыкты жарачу эмес, тескерисинче жооп табууга көмөк көрсөтөт. Суроону туура берүү – өзү маданият, тарбия, аны түз, кенен ой жүгүртүүгө, өзүн оңдоого, даярданууга багыттайт, ички туйгу, сезимдерди ойготот. Буга жазуучу экөөбүздүн так ушул “Дил” гезитине жарыяланган баарлашуубуз, б. а. дил маегибиз мисал. Ал берген суроосу аркылуу адамдын өзү билбеген ички сезимдерин аңтарып чыгат, жаңы идеянын издеп табууга жардамдашат, акырында жазат. Бул оңой жумуш эмес, оор түйшүк, жазуучу ар дайым кыялданып басат, ойлонот, толгонот, фантазияга батат, изденет, жаңы стилде жазууну, чечилбеген көйгөйлөрдү ачууну максаттайт. Аким Акжоловдун чыгармалары өзбек, орус, араб, кытай тилдерине которулуп, түрдүү улуттагы элдер окуп жатышканы ошондон.

Аким Акжолов – спорт, искусство тармагына да астейдил көңүл буруп кайрылган. Буга анын жогоруда айтылган “Спорттун формуласы кокусунан жаралбайт” деген китеби мисал боло алат. Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал композиторлор Р. Абдыкадыров менен Ж. Шералиевдин музыкалык чыгармачылыгын ал кенен талдап изилдеген. Музыканын философиялык кенен ачып бере алган. Автор катары ал чыгарманын темасын туура коё билет, андагы көйгөйлөрдү ачып бере алат, башкаларды туурагысы келбейт, жаңыча жазат. Анын чыгармаларында сүрөттөө, салыштыруу, логика, талдоо, синтез принциптери кенен орун алган. Ал глобалдуу маселелерге көп кайрылган.

Аким Акжолов – көп кырдуу, таланттуу журналист, чыныгы гумандуу инсан, оратор, күчтүү адис: Ал Россиянын, Европанын, Американын таасирлерин айтып келип, кыргыз журналистика системасын (концепциясын) аша чаппастан, жетпей калбастан толук иштеп чыгуу жагын дайыма адистерге сунуштап келген. Журналистиканын формуласы кандай? Сын жоголуп, баш аламандык болуп жатат, көзөмөлгө алуучу борбор түзүү керек, журналист акчанын кулу болбосо эле элге жагат,- деп дайыма айтып келген. Эгерде мага анын көзү бар кезде: “Бүгүнкү күндүн чыныгы журналистти кандай болуу керек?”,- деген суроо берилсе, токтолбостон: “Аким Акжоловдой”,- деп жооп бермекмин.

Кеп соңундагы сунуш-пикирлер:

  1. Акын Аким Акжоловдун ырларынын маанисине төп келген ырлар жаралса;
  2. Жазган чыгармаларына карата сүрөттөр тартылса;
  3. Студенттерге А. АКжоловдун чыгармаларын изилдөөгө байланышкан курстук жана квалификациялык иштерди жазышса;
  4. Аким Акжолдовдун чыгармалары системалаштырылып жыйнагы чыгарылса…

Акырында, менин Аким Акжоловго арналып, анын көзү тирүү тирүү кезинде жазылган бир ырым болор эле, азиз окурмандарыбызга ошону тартуулай кетейин:

 

Кырк беш жыл иштедим деп…

 

“Кырк беш жыл иштедим”,- деп чарчабаңыз,

Бүттү деп бекерчи болуп жатпаңыз.

Бүт сырларды ичиңизге катпаңыз,

Системага салып жазып таштаңыз.

 

“Кырк беш жыл иштедим”,- деп арыбаңыз,

Чалкалап ТВ көрүп жатпаңыз.

Аткара турган жумуштар бир топ,

Бекерге алаксууга убакыт жок.

 

Кырк беш жыл иштөө – бул чек эмес,

Сиз үчүн жүз жыл иштөө чек эмес.

Аким аке, жазыш керек, жазыш керек,

Жаратуу жаңы ойлорду элге керек.

 

Жашоо, иштөө системасы, стили бар,

Жамгыр, ысык болот, жаайт ак кар.

Жаңы идеялар чыгат эми алдыда,

Жазылат анда маанилүү тарбия.

 

Көңүлүңүз шат, ден соолугуңуз чың болсун,

Өмүрүңүз узун, бакыт кушу сизге консун.

Юбилейлик жылдар сизди күтүп турат,

Акжоловдун чыгармасы элди өзүнө бурат.

 

Жеңишбек КУВАКОВ,

ЖАМУнун доценти.