Азыркы учурда ааламдагы басма сөз, соц. тармактарга назар таштаган кишинин кепелеги учуп, жүрөгүнүн үшү кетет. Кайда гана караба, “ядролук куралын октоп койду”, “балан жерге мындай курал жайгаштырды”, “мындайдын мынча даанасы эле бүтүндөй материкти күм-жам кылат”, “орус антип жиберди”, “кытай минтип жиберди”, “Америка куралын жайгаштырды”, “Өлкөгө коркунуч туулду”, “Үчүнчү дүйнөлүк согуш тутанганы калды…”, жана башка, жана башка… Ушуларды саат сайын угуп жаткан пенденин үшү кетпей, анан кимдин үшү кетет?
Кадырыңыз жам болсун, үчүнчү дүйнөлүк согуш болбойт, тагыраагы, жакын ортодо болбойт! Албетте, көзү ачыктык кылуу кудайга жакпаган иш, андыктан бул ойду биз божомол иретинде эмес, дүйнөлүк саясий кырдаалга көз сала олтуруп, чыгарылган бүтүм, тыянак катары айтып олтурабыз.
Эмесе, оюбузду улап көрөлү, кудай анын бетин ары кылсын, бирок дүйнөлүк жаңжал чыкчу болсо, анда НАТО блогуна кирген 30 өлкө бир кишидей бек туруп, аларга каршы тарапка согуш жарыялашы керек. Аларда мына ошондой биримдик барбы, албетте, келишимдер, макулдашуулар бар, ошондой учурда аткарыла турган милдеттер дагы аныкталган, бирок дүйнөлүк алааматка “башкалардан калбай эле” кирип кете бергидей ошол 30 өлкөнүн киндиги туташпы? Украина жаңжалынан кийинки кырдаал таптакыр башка нерсени көрсөтүп турат, алсак, отуз өлкөнүн он чактысы Орусиянын газы-менен нефтисин, алар талап кылгандай, орус акчасы менен сатып алууга макул, дагы бир тобу ички сырын ачпай сактанып, ортозар абалда турушат, Швеция менен Финляндиянын НАТОго киришине Түркия караманча каршы. Бир катар Европа өлкөлөрү өз кызыкчылыгына доо кетирбей, боюн сыртка тартып, бизди кызылдай экономикалык азапка салып берди дешип, Америкага нааразы. Айтканды кылып, айдаган жакка баспайт деп, Америка кайра аларга нааразы, айтор – НАТО өлкөлөрүнүн ортосундагы ички биримдик алашем. Ушунун өзү үчүнчү дүйнөлүк согушка НАТО өлкөлөрү даяр эмес деген эле кеп.
Экинчиден, НАТОнун Америка менен Англия сыяктуу мүчөлөрү альянстын кайсы бир мүчөсүнүн кызыкчылыгы үчүн эле ким бирөөлөр менен кырды-бычак болуп кете бербеген, өтө кыйды саясат жүргүзгөн, абдан чебер “оюнчулар”. Алар ушул тапта Орусия менен түздөн-түз жоолашууну эмес, аны башкалар менен кагыштырып, чектеш өлкөлөр менен араздаштырып, ылаажы болсо өлкө ичинен чатак чыгарып, мамлекетти алсыздандырууну көздөп турушат. Бул “отту башка бирөөнүн колу менен ичкерештирүү” дегендин эле өзү. Ошол эле маалда орус бийлигинин деле Америка өлкөсүнө кол салып жиберейин деген ниети жок, ал азыр өз өлкөсүнүн чегиндеги жагдайды жайгара албай убара.
Ал ортодо Кытай, Индия сыяктуу “киттер” эч бир тарапка ылым тартпай турушат, бул түшүнүктүү эле, алар үчүн түпкүлүгүндө АКШ деле, Орусия деле атаандаш, эки бирдей атаандаш пайда болсо, кайсынысына жан тарса, өздөрүнө пайдалуу болот, алар үчүн башкы маселе – мына ушул. Азырынча алар Орусияга ыктагандай түрү бар, бирок алар баары бир учурдагы конфликттин жыйынтыгын күтүшөт.
Баса, конфликт демекчи, ал кандай – Орусия өз коопсуздугун сактоо максатында деп НАТО өлкөлөрүнө бир катар талаптарды койгон, эмне талаптар экенин баарыңыздар билесиздер, андыктан кайталап олтурбайбы. Ошол талаптар аткарылабы, жокпу – маселе мына ушунда турат. Талаптар аткарылса, эч кандай суроо жаралбайт, аткарбай коюшсачы? Менимче, талап коёрдон мурда, Орусия эгер окуя ушундай өнүксө, кандай кадамга барарын эбак эле даярдап койгон. Албетте, Орусия кандай кадамга барарын азырынча эч ким так айта албайт, бирок дүйнөлүк саясат боюнча серепчилердин пикирине караганда, бул “атаандаш тараптар үчүн өтө оор кадамдар болот”.