Жапандардын таппаганы жок. Эми суу өткөрбөй турган, бекем жана ийкемдүү кагаз ойлоп табышыптыр. Муну менен алар азыркы ааламды каптап бара жаткан пластик буюмдардын айрымдарын алмаштырып, экологиялык тазалыкты жогорулатууну көздөп турушат.
Анткени менен бул нерсеге деле химиялык заттар колдонулат, бирок алар пайдаланылгандан кийин кургаган соң углеродго, сууга жана кремнийге ажырап толугу менен жок болуп кетет экен дагы, жаратылышка эч кандай залалы болбойт экен. Жапандар бул табылгасын дагы өркүндөтүшүп, айнекке, керамикага жана пластикага ыңгайлаштырып, аларды кир болуудан сактап, узакка чыдай турган кылабыз деп да турушат. Маалыматты EurekAlert агенттиги тараткан.