Домой Жай турмуш “Жашыл мурас” иш чараларын улантып…

“Жашыл мурас” иш чараларын улантып…

5

Кыргыз Республикасынын Президентинин “2022-жыл – Тоо экосистемаларын  жана климаттын туруктуулугун коргоо жылы” деп жарыялоо жөнүндөгү” Жарлыгынын алкагында  “Жашыл мурас” иш чаралары Ноокен районунун мектеп жамааттарында жогорку деңгээлде уюштурулууда. Алсак, райондогу №29 Я. Мирзаходжаев атындагы орто мектебинин кесиптик бирлик уюмунун демилгеси жана колдоосу менен 1000 түп бир жылдык гүлдөр, 100 түп терек, 70 түп мөмөлүү дарактардын көчөттөрү мектептин жамааты тарабынан эгилди. Мектептин тегерегинде көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери уюштурулду. Райондогу мектептер арасында бул багытта атайын кароо сынак уюштурулган. Аталган мектептин жамааты бул иш чарага жигердүүлүк менен катышууда.
Мындай маалыматты мектептин баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы С. Абдурахимова билдирди.