Домой Мезгил, окуя, факты Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш жакынкы күндөрү башталат

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш жакынкы күндөрү башталат

8

Муну энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди. Ал Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында ГЭС плотинасы, бурма каналы жана машиналык зал курула турган жер менен таанышканын билдирди.
«Бул — өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздай турган өтө маанилүү долбоор. Азыркы учурда болгон күчүбүздү Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна жумшай турган болсок, анын акыбети кайта турган күн алыс эмес», — деди Бекмурзаев.