Домой Күрөө тамыр Кыргызстанда “караандар” жүрөт?..

Кыргызстанда “караандар” жүрөт?..

6

“Европада бир караан, коммунизмдин карааны жүрөт…”,- деп башталчу эмес беле марксизм-ленинизмдин бир маанилүү документи. Эгер Кыргызстандын саясий айдыңына соц. тармактар аркылуу көз чаптырсак, бизде мындай “караандардын” бир тобу жүрөт. Алар кимдер?
Биринчиси, учурдагы президентибиз С. Жапаровду колдоочулардын карааны. Булар президентке жел тийгизгиси келбегендер, анын ишин сындаганды кой, сунуш иретинде бирөө бир нерсе айтса деле, баса калып тепкилеп жатып калчулар. Алардын пикирине, оюна туура келбеген, башка көз караштагы адамдын баары душман, аларга каршы “даканса” кармашууга күнү-түнү даяр. Байкадыңызбы, “до конца” эмес, “даканса!”
Эгер, чындыкка тике карасак, булардын мындай аракетинен президентке кандайдыр бир жардам, колдоо, элибиздин жашоо-турмушуна жакшы таасир болуп жаткан жери жок. Кайра алар президентти ыңгайсыз абалга калтырышып, эл алдындагы беделине шек келтирип жатышат, акыры президент деген футболдогу чабуулчу эмес да, ар топ тепкен сайын кол чаап, ышкырып, ураалай бере турган.
Экинчи караан, диний фанаттар, чала түшүнүк, чала молдолор. Булар диндин чыныгы маңызы, адамдын дилине, жан дүйнөсүнө кыла турган кызматы, түпкү мааниси деген түшүнүктөрдөн эбак эле оолактап, сакал коюу, аялдардын боюн жаап жүрүүсү, кийим-кече, той-топур, эки аял алуу сыяктуу нерселерди биринчи планга чыгарып алышкандар. Эми булардан да өтүп, өлүк коюу, балага ат коюу, уул үйлөп, кыз чыгаруу сыяктуу иштерге чейин кийлигишип, көп жерлерде андай иш чараларды түз эле башкарып алып жатышат. Ушундай аракеттердин бирди жарымын кой бул болбойт, биз өз тартибибиз, өз жолубуз менен иштейбиз деп койсо, барбы, сөгүп-сагып, ызырынып, жаныңда болсо тытмалап кетүүчүдөй болушат.
Бул иштердин маңызы бирдей эле, “дакансалардын” аракетинен президентке эч кандай огожо болбогон сыңары эле, булардын аракетинен дагы чыныгы диний ишенимге сокур тыйынчалык пайда жок. Булар кайра адамды динден алыстатып, ага карата ишенбөөчүлүктү, чочулоону жаратышат.
Дагы көп эле “караандарды” айтсак болот эле, алсак, “Мадумаровду жактоочулар”, “Теңирчилер”, “Батышчылар”, “Орусчулар”… сыяктуулар бар. Ал эми “министр А. Бейшеналиевди кызматтан кетирмекчилер”, аны “коргоочулар” сыяктуу “караандар” эми телчиге башташты. Айтор караан , баарына токтолуп олтурбайлы, анткени айтайын деген оюбуз түшүнүктүү болду да.
Бир гана кошумчаларыбыз, коомдо ушуларга окшогон “апендикс” (ашыкча, кереги жок) караандардын кимиси гана пайда болбосун, сөзсүз ага каршы дагы бир топ пайда болот. Ошентип ички ыйкы-тыйкы, араздашуу, атаандашуу, касташуу пайда болот. Тарых эчен жолу күбөлөндүргөндөй, мамлекеттин ичиндеги араздашуу, айрыкча диний жана улуттар аралык чыр-чатактар жана касташуулар – ошол өлкөнүн ажалы болот. Буга мисалды Чыңгыз хандын Алтын ордосунан тарта, Югославия, Чехословакияга чейинки фактылардан көрсөк болот.
Албетте, мамлекетте, коомдо ар түрдүү көз караштар, пикирлер, түшүнүктөр, ишенимдер болушу кажет, анткени баарыбыздын инкубатордун жөжөлөрүндөй болуп окшошуп калышыбыз мүмкүн эмес. Бирок бизди маселенин башка жагы, ушул “караандардын” кесепетинен мамлекетибиздин бүтүндүгүнө, анын келечегине, өлкөбүздүн жашоо-турмушуна кооптуу жагдайлар жаралып кетпейби деген ой түйшөлтүп олтурат. Албетте, мамлекет деген “машинаны” адамдар өздөрү, бирин-бири башкарып туруш үчүн ойлоп табышкан, андай болгон соң, эми мамлекет өзүн-өзү сактоо үчүн кам көрүп, апендиксти алдырып турушу зарыл.
“Демократия жарытылуу деле нерсе эмес, бирок азырынча адамдар андан түзүгүрөөгүн ойлоп табыша элек”,- деген эмеспи дүйнөлүк деңгээлдеги саясатчы У. Черчилл, мындан келди, ар нерсени чеги менен жактап, чеги менен колдоп, чеги менен сындап, жалпыбыздын жашоо-тирилигибизге залалы тийбегендей деңгээл үчүн аракет кылуу – биздин башкы багытыбыз мына ушундай болууга тийиш.