Ага Өзбекстан, Жапония, Иран, Түркмөнстан, Индия, Казакстан, Монголия сыяктуу 11 мамлекеттен келишкен 300гө жакын балбандар катышып жатышат. Бул иш-чара 2022-жылдын сентябрь айында Түркиянын Изник шаарында өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тандоонун экинчи этабы болуп саналат. Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылы башталган.