Эми Өзбекстандын мамлекеттик медициналык мекемелеринде, тагыраагы поликлиникаларда элдик медицина кабинеттери жана фитобарлар түзүлөт. Аларда кайрылган бейтаптарды дары чөптөрдүн жардамы менен дарылай башташат. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги бул ишти ушул жылдын 1 июнунан тартып, этап-этап менен ишке ашыруу тапшырылган. Маалыматты Nur.uz. агенттиги таркатты.