КР билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылына Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн абитуриенттерге Жалпы республикалык тестирлөөнү уюштуруп, өткөрүү жөнүндөгү буйругу чыкты.
Ага ылайык, республикалык тестирлөө төмөнкү мөөнөттөрдө өткөрүлөт:
I этап: 2022-жылдын 24, 25-майында;
II этап: 2022-жылдын 27, 28-майында;
III этап 2022-жылдын 24, 25-июнунда.
Соңку III этапта жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтү жылдырылган тестирлөө өткөрүлөт.
Каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн 2022-жылдын 23, 26-майда жана 23-июнда тесттик борборлордо кошумча каттоолор жүргүзүлөт.
Маалыматты аталган министрликтин басма сөз кызматы тараткан.