Ош шаарында 32 жаштагы Замирахан Каримова төртем төрөдү, алардын экөө уул, экөө кыз. Бөбөктөрдүн салмагы 1 кг 200 граммга чейин. Үчүнчү жолу төрөп жаткан Замирахан буга чейин эки уулдуу болгон. Дээрлик жарым ай медиктердин кароосунда болгон ымыркайлар жакында үйүнө чыгарылды, облус бийлиги алардын ата-энесине 100 миң сом көрүндүк (материалдык жардам) берди.