Жакында президент С. Жапаров “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыкка кол койду. Ага ылайык, мамлекеттик катчы быйыл 1-сентябрга чейин Улуттук наркты сактоо жөнүндө улуттук программаны иштеп чыгууга тийиш. Анда мамлекеттик тилге жана тарыхый баалуулуктарга өзгөчө көӊүл буруу сунушталган.
Диний ишенимдердин жана каада-салттын баалуулуктарын бири-бирине карама-каршы койбоо, өрнөктүү, нарктуу жаранды калыптандырууда чөлкөмдүк, этникалык жана материалдык кызыкчылыктардан улуттук аӊ-сезимдин артыкчылыгын эске алуу белгиленген. Муфтиятка салттуу ислам баалуулуктарын жана кыргыз элинин улуттук наркын сактоодогу түшүнбөстүктөрдү жоюу үчүн керектүү чечимдерди кабыл алуу сунушталары жазылган. Ошондой эле салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуунун маанилүү экени да белгиленген.
“Жер жүзүндөгү ар бир улуттук нарк адамзаттын жан дүйнө казынасынын кайталангыс табылгасы болуп саналат. Жалпы адамзаттык нарк улуттук-этникалык маданияттардын көп түрдүү биримдигинен түзүлөт. Жаратылыштагы биоартүрдүүлүк сыяктуу эле адамзат коомундагы социомаданий ар түрдүүлүк да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Улуттук нарк башка элдерге да жакын жана түшүнүктүү болуп, жалпы адамзаттык баалуулуктардын катарына кирет. Ошондуктан ал калктардын, этностордун ортосундагы ынтымак-достукка, өз apa мамилеге шайкешип, бириктирүүчү кызматты аткарган.
Миӊдеген жылдар мурун өз алдынча ээлик түзүп, ага көз карандысыз башкаруу тартибин орнотуп, чоӊ жана кичине элдер менен тең ата мамиле жүргүзүүдө натыйжалуу ийгиликтерге алып келген кыргыз элинин эӊ негизги таянычы жана ишеничи эреже-тартиптерден, жүрүм-турум адебинен, каада-салтынын жыйындысынан куралып, улуттук дүйнөтаанымдарына шайкелишкен улуттук нарк мыйзамы иштелип чыккан. Улуттук нарк кылымдар бою мезгилдин сынынан өтүп, айрым жерлеринде толукталып, бекемделип жүрүп отурган. Нарктын таасири эӊ жогорку деӊгээлге өсүп чыккан, алсак эл арасында “Хан бийлигинен нарк күчтүү”, “Эрден өтмөк бар, элден өтмөк жок” деген накыл сөздөр Айкөл Манас атабыздын доорунда жаралып, азыркы мезгилге чейин өзүнүн күчүн жоготпой келе жатат.
Ошол эле учурда мамлекеттик башкаруу иштерине башка диний ишенимдер жана кызыкчылыктар таӊууланган учурда эл арасында жиктер пайда болуп, ынтымактын ыдырашына кайсыл бир деӊгээлде таасир бере баштаган. Тарых барактары мындай окуялардын бир нечесин тастыктап бере алат. Мамлекеттик башкаруу системасында нарктуулуктун бузулушу ири дөөлөттөрдүн, өлкөлөрдүн урашына алып келген.
Советтик доордо мамлекетибизде мыйзамдуулуктун үстөмдүгү салыштырмалуу түрдө бекем орноп турган мезгилде дагы кыргыз элинин “жазылбаган” каада-салт, нарк мыйзамдары кызуу иштеп, адамдардын, урук-уруулардын ортосундагы мамилелерди теске салууда алардын кенен пайдаланылып келгендиги баарыбызга маалым. Демек, жалпы адамзатка таандык эсептелген мыйзамдарга салыштырмалуу элдин өзү иштеп чыккан нарк системасы маанилүү жана ийгиликтүү жыйынтыктарды жаратып келген.
Азыркы мезгилде элибизге жаңы көз караштарды, ойлорду сунуштап, эксперимент жүргүзө берүү эмес мезгил сынынан өтүп, элдин көкүрөгүнө уюган улуттук нарктуулукту кайра калыбына келтирүү зарылчылыгы чыгып жаткандыгын белгилейбиз.
Бул сунушталып жаткан улуттук нарк дөөлөтүбүз Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №1 “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын ырааттуу уландысы катары сунушталып жатат”,- деп айтылат мамлекет башчынын аталган жарлыгында.
Маалыматты президенттин басма сөз кызматы билдирди.