Чаткалдын Терек-Сай айылындагы мектептин шыбы түшүп кеткенден улам тараган “саясий чаң” али таркабай турат. Таркамак тургай, кайра коюуланып бара жаткандай, анткени жергиликтүү элдин бир тарабы, асыресе, бийликке ыктаган жагы, окуянын жамгырдын кесепетинен болду деп, ага табигый мүнөз бергиси келсе, башка бир тарабы ошол аймактан кен казып, тоо-ташты улам жардырып жаткан “Эти Батыр Терек-Сай” кен казуучу фирмасынын аракетинен улам болду деп далилдөө менен алек.
Ушул көрүнүштүн өзү Чаткалдагы кен казган “Вертекс Голд Компани”, “Джамгыр Майнинг”, Чаарат ЗААВ” сыяктуу компаниялар менен жергиликтүү элдин ортосунда чечилбеген талаш бар экенин көрсөтөт, бул маселени улам сыпайылатып, косметикалык ремонт кылып коё берген менен иш бүтпөйт, бир күнү болбосо, башка күнү жаңкы мектептин шыбына окшоп кулап түшөт. Ырас, бул окуядан кийин жергиликтүү бийлик, областтык бийликтен К. Бечелов, республикалык Токой чарба кызматынан А. Мусаев сыяктуу расмий бийлик өкүлдөрүнүн катышуусу менен Чаткалда кен казган айрым ишканалардын жетекчилери менен Терек-Сай айылынын жашоочуларынын жолугушуусун өткөрдү. Бирок анын жыйынтыгында ортодогу чыңалуу бир аз бөксөргөнсүгөнү менен тараптардын ар бири өз пикиринде кала бергени байкалды. Эмне демекпиз, республикабыздын бийлиги Чаткалдагы бардык кен казган ишканалар менен жергиликтүү элдин ортосундагы пикир келишпестикти жоюу боюнча кадамдарды жасоонун убактысы келгенин байкагандыр.
Ал ортодо республикабыздын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү билим берүү мекемелеринин коопсуз иштешине жооптуу тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин сынга алып, Терек-Сай айылындагы №18 орто мектептин имаратында болгон окуянын себептерин аныктоону, ошондой эле Терек-Сай айылындагы бардык имараттарды, мындан сырткары республиканын бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелеринин имараттарынын техникалык абалын текшерүүнү тапшырды.
Ошенткени жакшы, анткени кырсык деген күн сайын, же саат сайын боло бербейт, ал айда, жылда бир болуп, кесепети огеле оор болуп калышы да мүмкүн…