Домой Көйгөй Чатыры ураган мектеп жаңыланат, ич ара мамиле жаңыланбай жатат

Чатыры ураган мектеп жаңыланат, ич ара мамиле жаңыланбай жатат

15

Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы №18 орто мектептин имараты жаңы курулат. Бул тууралуу жакында КР билим берүү жана илим министри А. Бейшеналиев аталган мектептин акыбалын көрүп, ошол аймактан кен казган “Эти Батыр Терек-Сай” компаниясынын жетекчилиги менен жолугушкан учурда кеп болуп, аталган компания жаңы мектеп салып берүүгө макул экендигин билдирди. Муну министр өзү дагы социалдык желедеги өз баракчасы аркылуу инвестордун атын атабастан ырастап, буга кошумча, кырсыктан жабыркаган мугалим Асия Сакеевага жайкы каникул учурунда Ысык-Көл облусундагы ден соолукту чыңдоочу санаторийлердин бирине үй-бүлөсү менен эс алып келүү үчүн жолдомо берилерин  билдирди. Мектептин салынганы, албетте, жакшы, бирок ушундай аракеттен кийин деле жергиликтүү элдин айрым өкүлдөрү менен аталган компаниянын ортосунда ысык ымала пайда болот дегенге ишеним аз.
Акыбалдын мындай туңгуюк тартып турушунун эки себеби бар: биринчиси, кен казган фирмалар жаратылышка залал келтирбөө, экологиялык талаптарды аткаруу, жерди ыксыз бузбоо жана бак-дарактарды, өсүмдүктөрдү талкалабоо боюнча милдеттерин чалакайым аткарышат, же таптакыр эле аткарышпайт. Ишке жумушчуларды тартууда жергиликтүү элдин өкүлдөрүнөн жумушчуларды алышканы менен көп учурда аларга иштин оорун жана чегеришип, айлыкты аз төлөшөт.
Чаткалдагы бардык эле кен казган ишканалардын жетекчилери өз кызыкчылыгындагы иштердин баарын биздин республиканын жетекчилери менен чечкендиктен, жергиликтүү элди мындай кой, акимдер менен губернаторду деле тогото беришпейт, сүйлөшүүлөргө кайра-кайра чакыртып жатышып келсе келишет, болбосо келбей деле коюшат. Жергиликтүү бийликке, карапайым элге карата жасалган мындай төрө пейил мамиле жергиликтүүлөрдүн кыжырын кайнатып, басылбай жаткан тирешүүлөрдүн негизги себеби болуп жатат.
Көрүнүп тургандай, жасалып жаткан иштердин экологияга карата болочоктогу таасири, тийе турган залалы жана кен иштетүүдөн улам пайда болгон ар кандай залалдуу калдыктардын тагдыры, кандай да болбосун көбүрөөк алтын шилеп алыш үчүн жанталашкан андай немелердин кызыкчылыгындагы иш эмес.
Экинчи себеби, жергиликтүү элдин өкүлдөрүнүн айрымдары, кен казган фирмалар менен мыйзам чегинде, орундуу талап коюу, өз ара макулдашуу менен иштешүүнүн ордуна, “ырас, биздин жердин алтынын казып жатышабы, демек, биздин жашоо-турмуштагы болгон-бүткөн жумуштун баарын ошолор аткарышы керек” дешип, биротоло салмагын артып алмакчы ниетте. Минтип, берген сайын кайра эле бер дей берген алымсынбагандык, ыраматылык А. С. Пушкиндин айтылуу жомогундагы кемпирдин сынык тепшисине гана алып келет. Баса, кудум ошонун өзү сыяктанган окуя, жакында дал ошол “Эти Батыр Терек-Сай” компаниясында иштеген жергиликтүү тургундардын арасында жүз берди. Кендин жетекчилигине: “Айлыгыбызды элүү пайызга көтөрүп бересиң, болбосо чогуу иштен кетебиз”,- дешип 400гө чукул жумушчу арыз жазышат, кендин жетекчилиги арыз жазгандардын ар биринин арызын канааттандырып, иштен бошотуп коёт. Арадан бир аз убакыт өтүп, “кокуй, бизди шайтан азгырыптыр, мурдагы эле айлыкка жан деп иштейбиз, жаңылдык-жаздык” дешип кайра келишет. Кендин жетекчилиги алардын ичинен жалаң “кудайы момундарын” иргеп олтуруп, көпчүлүгүн кайра жумушка алышат. Ал эми ошол ишти уюштурду деп эсептелген, өз укугун талаша билген, айтор, кендин жетекчилиги үчүн “ыңгайсыз” деп саналган 70 чамалуу жумушчуну жанына жуутпай коёт. Учурда, Терек-Сайдагы акыбал боюнча акимден президентке чейин айгай салып, “жергиликтүү бийлик алсыз, жаратылышыбыз талкаланды, жардыруудан улам эшик-терезелерибиз солкулдап жатат” дешип, окуяга саясий боёк сүртүп, саясатты чаңытып жаткандардын арасында так ошол “ишинен өз арызы менен бошогондор” да бар.
Оюбузду жыйынтыктасак, бул тирешүүнүн эки тарабында тең “периштелер” турган жери жок, эки жакта тең кемчиликтер болуп жатат, андыктан Чаткалдагы акыбалдын андан ары татаалданып кетишинин алдын алуу үчүн, биздин өлкөнүн тиешелүү жетекчилигинин аракети зарыл болуп турат.