Домой Агартуу айдыңында Эл сыйлаган Элдос агай

Эл сыйлаган Элдос агай

13

Мен Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүндөгү Т. Тайгараев атындагы орто мектепте мугалим болуп иштейм. Биздин мектепте ардагер мугалим Тураев Элдос агай 50 жылдан бери талыкпай эмгектенип, окуучуларга билим жана тарбия берип келет. Азыр да кайратынан жазбай математика сабагын балдарга өтө кызыктуу өтүп, жаш жеткинчектердин чыныгы ардактаган агайы  болуп келе жатат.  Мектептеги дээрлик бардык мугалимдер агайдан үлгү алышып, аны терең урматташат. Мен да бир кезде мугалимдик кесипти ушул агайымдын таасири менен тандагам…

Элдос агайдын өмүр жолу да өтө кызыктуу, ал 1967-жылы 16 жашында У. Абдукаимов атындагы орто мектепти аяктап ошол эле жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун Физика-математика факультетине тапшырып, аны 1971-жылы ийгиликтүү аяктап, мугалимдик кесипке ээ болгон. Ошол эле жылы Сузак районундагы “Үлгү” орто мектебинде мугалимдик ишин баштаган, 1972-жылы Советтик Армиянын катарында кызмат өтөөгө чакырылып, аскердик милдетин Украина жергесинде аткарган. !973-жылы Мекенине кайтып келип, өзү аяктаган У. Абдукаимов атындагы орто мектепте мугалим болуп иштей баштайт, мектептеги комсомол уюмун жетектеп, 1978-жылы Кыргызстан комсомолунун ХХ съездине делегат болуп катышкан. Ал 1979-жылдан М. Ломоносов атындагы сегиз жылдык мектепке мугалим болуп дайындалат. 1998-жылы Т. Тайгараев атындагы орто мектепке которулуп келип, 2005-жылдан баштап аталган мектептин директору болуп дайындалып, мектептин жаңы имаратын кабыл алат. Эки жылдын ичинде мектептин ички жасалгасын толук бүтүрүп, райондогу мектеп директорлорунун семинары ушул мектепте өтөт, ошондо мектеп директорунун ишине дагы жогорку баа берилген. Кийинчерээк мектепте күрөш залы, комуз, бий, теннис кружоктору ачылып, алардын тарбиялануучулары областтык деңгээлдеги көптөгөн иш чараларга катышкан.

Элдос агай – Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы, хоббиси шахмат оюну жана ыр жазуу, ал Сузак районунун мугалимдеринин арасында өткөрүлгөн мелдештерде шахмат боюнча бир нече жолу чемпиондукту жеңип алган. “Турмуш кайрыктары” аттуу ыр китеби жарык көрүп, Сузак районундагы бардык мектептерге таркатылган, азыр ал экинчи ыр жыйнагын чыгаруунун аракетинде жүрөт.

Мен дагы элге Элдос агай сыяктуу кызмат кылсам деген тилектемин жана аны ишке ашыра алам деген ойдомун.

Кеп аягында айтарым, макаланын аягына агайдын бир ырын кошо сунуш кылдым, өзүңүздөр окуп, талдап алсаңыздар болот. Эмесе, агайдын иштеринде көп ийгиликтер жаралып, өмүрү узак болсун!

Гүлнур САТАРОВА,
Т. Тайгараев атындагы орто
мектептин мугалими,
Сузак району.