Расмий айтылган маалыматтарга караганда 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жарандардан 19 844 кайрылуу келип түшкөн.
Жарандардын бардык кайрылууларынын үчтөн бирин сот жана укук коргоо органдарынын ишине карата даттануулар жана арыздар түзөт – 3512 (27,8%). Турак жай жана аны куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселеси боюнча 1580 жаран (12,5%) жана жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү башка маселелер боюнча 1162 жаран (9,2%) кайрылган. 1314 жаран (10,4%) социалдык кызматтардын ишине, эмгек акынын, пенсия жана жөлөкпулдардын аздыгына, жеңилдиктерди жана материалдык жардам көрсөтүүгө, ошондой эле дарыланууга жана кымбат баалуу операцияларга каржылык колдоо көрсөтүүгө тийиштүү даттанышкан.
Мындай акыбал, сот жана укук коргоо органдарында жүргүзүлүп жаткан реформалар ал өз жемишин бере электигин, ал эми жергиликтүү бийлик органдары элдин көйгөйү менен талабын аткарууга карата али деле жетишерлик көңүл бурбай жаткандыгын, ошондой эле жарандарыбыздын бир тобу маселени тиешелүү жерине койгонго караганда, президенттин түз өзүнө кайрылсам, ишим оңунан чечилип калабы деген ыраматылык компартия калтырган ишенимден арылбай келе жаткандыгын көрсөтөт.