Домой Мезгил, окуя, факты 20 оорукана салынат

20 оорукана салынат

3

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жакында: «Үстүбүздөгү жылдын апрель айында бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысын эң көп жогорулатуу жүргүзүлдү, социалдык төлөмдөр көбөйтүлдү. Бул багытта министрлер кабинети чоң пландарды коюп жатат. Анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен республиканын 20 шаарында эң жогорку талаптарга жооп берген ооруканаларды куруу пландалууда», — деп билдирди. Ошондой эле ал учурда бул долбоорду ишке ашыруу максатында техникалык жардам көрсөтүүгө даяр эл аралык адистер изделип жатканын кошумчалады. Ошондой эле билим берүү тармагын реформалоо иштери жүрүп жаткандыгы, анда кесиптик-техникалык билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулары айтылды.