Домой Күрөө тамыр 2010-жылдын июнь окуясынын курмандыктары эскерилет

2010-жылдын июнь окуясынын курмандыктары эскерилет

8

2010-жылы  жай саратанда башталып, элдин ынтымагы менен шамал үйлөгөн чычаладай заматта жалп өчкөн каргашалуу окуя мамлекеттин тарыхында унутулгус болуп калды. Андан бери мына, он эки жыл өттү. Бирок, ошо кездеги улуттар аралык оттун тутанышына ошо убакта жүргүзүлгөн саясат жана ушак-айың, жалган сөздөр айгак-себепчи болгону ырасталган. Карапайым калк бийлик көксөгөн улутчул саясатчылардын айынан жабыр тартты. Эмки аптада 2010-жылдын июнь окуясынын курмандыктары эскерилгени турат. Жылдагыдай эле бул жылы да ошо кезде жазыксыз жерден шейит болгондордун арбагына куран окутулуп, эстеликтерине гүлчамбарлар коюлат.

Окуя кайрадан изилденүүдө

Быйыл ал калаба боюнча кайрадан иликтөө иштери жүргүзүлө баштады. Алдын-ала маалыматтарга караганда азырынча июнь окуясы боюнча шектелип, башкы прокуратура тарабынан Убактылуу Өкмөттүн үч мүчөсүнө, өткөн аптада болсо,  «июнь окуясы» боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге да айып коюлду. Анын жактоочусу бул оор берене экенин, бирок кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенин кошумчалады. Убактылуу Өкмөттүн үч мүчөсү болсо, өздөрүнө карата козголгон кылмыш иштерди “саясий куугунтук жана кысым көрсөтүү” деп, маалымат каражаттарына билдирип келишүүдө.

Өткөн айда республиканын башкы прокуратурасы экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон Убактылуу өкмөттүн 9 мүчөсүнүн үй-мүлкүн “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин алкагында тактап жатканы белгилүү болгон.

Маалымат каражаттарында жазылып-айтылып келаткандай, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бир жыл мурда, июнь окуясы боюнча 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген.

Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка «Июнь окуясындагы» материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган. Иш боюнча атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев башкы прокуратурада 25-апрелде, Садыр Жапаров 27-апрелде күбө катары сурак берип чыккан.

Коогалаңда жетекчилик кызматтарда турган, иликтеп-териштирүүгө катышкан баш-аягы 15 адам сурак берген.

“Июнь окуясы” деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча республика боюнча 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек.

2010-жылдын 10 –12-июнунда Ош, Жалал-Абад облустарында дүрт эткен от  ошо жылдагы апрель жана май айларындагы баш аламандыктардын изи сууй электе жанданган. Пенде баласын үркүтүп, өткөн кылымдын токсонунчу жылкы улуттар аралык кагылышты эске салган тоз-тополоң  бир эле учурда облуска караштуу Жалал-Абад шаарында, Сузак жана Базар-Коргон, Ала-Бука районунун аймактарында улутчулдар тарабынан тутанганы маалымат каражаттарында жазылып келүүдө. Тынч жашоонун барк-баасын, өлүм менен тирүүлүктүн  айырмасын билген калктын эрки, каалоосу, жаштардын күчү  жана ички иштер уюмдарынын кызматкерлеринин аракети менен жергебиздеги жаңжал 14-июнда үлп өчкөн.

Жиктелүүгө негиз жок

Азыр ал мезгил артта калды. Бүгүнкү күндө эл арасы ынтымак жана тынч. Ар ким өзү каалагандай жашап,  бейпил жашоо доор сүргөн убак. Ага күнөстүү республикабызда жетиштүү шарттар бар, акыл-эс, ынтымактуулук менен базар шартын жакшы өздөштүрүп, маңдай тери менен иштеген адамдардын, өзгөчө бөлөк улуттардын  тиричилиги өтө жакшырууда. Мындай баага облустун тургуну Ураим Жоробаев да макул:

-Мекенибизде дайыма ушинтип тынчтык менен ынтымактуулук өкүм сүрүп турсун! Чыр-чатак болбосун! Областыбызда жашаган түрдүү улуттун өкүлдөрү бир үй-бүлөнүн уул-кыздарындай болуп, ынтымактуу өмүр сүрүүдө. Эч кимге эч ким үстөмдүк кылган жок, баары тең укуктуу. Биздин жашообуз түпкүлүктүү кыргыз элинин турмушунан кыйла жакшы. Мен билгенден ишкерлик кылган биздин өзбек туугандар чексиз байыды. Ошо ишкер, дыйкан жана соодагерлер май көл, сүт көл жашоосун чоң ата-чоң энелери жашап өтүп, киндик каны төгүлгөн Мекенине барып, “Кыргыз Республикасында, анын ичинде Жалал-Абадда биз жергиликтүү кыргыздардан жакшы жашайбыз, бизнесибиздин “ити алда качантан бери чөп жеп калган”,- деп мактанса болот эле. Улут сүрүштүрмөй, басынтып-кемсинтмей, тиги-бу деп чыр-чатакташмай азыр дегеле жок. Бийлик уюмдарында иштеген жана депутат болгон улут өкүлдөрү да бир кыйла. Ынтымактуулук менен бала-чакабызды жакшы окутуп, ар тараптан өнүгүп-өсүп жатабыз. Кабат-кабат үйлөрүбүз, “Жип” баштаган кымбат баалуу машиналарда жүрөбүз”,- деп айтып кел десем, унчукпайт. Башка улуттардын арасынан котур ташын койнуна каткан ичимтап адамдар да бар, арабызда.  Мына ошондойлор 2010-жылы болгон кандуу калабада өз көмөчүнө күл тартып, бийлик талашып, коюн-колтук жашаган элди кагыштыргандарды ээрчип, мыш болушту. Баш аламандыктын айынан июнь окуясында жан сактоо үчүн кыргыздар тоолуу жактарга, өзбектер Өзбекстанга качкан. Эл арасына бүлүк салган мындай каргашанын эч кимге кереги жок. Ата Мекенибизде түбөлүккө тынчтык болсун!,- деп ак тилегин билдирди Ураимжан Жоробаев.

Коогалаңга бийлик көксөгөн  улутчулдар жана ушак-айың тиешелүү

2010-жылдын июнь айындагы кандуу окуяга талдоочулардын жыйынтыктарына караганда ошо жылы бийлик алмашуудан келип чыккан өлкөдөгү убактылуу туруксуз абал, андан пайдалангысы келип,  өлкөбүздүн бүтүндүгү менен келечегине кара ойлуу сепаратисттердин баш көтөрүүсү, эмдигиче так айтылбай келе жаткан үчүнчү күчтөр себепкер болгон. Окуяны парламенттик комиссия жана эл аралык, өкмөттүк комиссия да иликтеп чыгып, өз баасын берген.

Парламенттик комиссиянын изилдөөлөрүнө караганда ошо кезде олку-солку болуп турган республикада  өз алдынча болууну, “мамлекеттик кызматтарда биринчи адамы, өзүнчө милициясы, прокуратурасы, мектептери болуусун, иш-кагаздарын кыргыз-орус тилдеринде жүргүзүүнү каалабай, өзүнчө бийлик болууну” көксөгөн өзбек улутундагы  кара ниет саясатчылар карапайым элдин башын айландырган. Ошто туш-тарабынан сороюп чыккан кылыч-шамшарлар  менен  кыдырата тосулган машинаны жасаттырышкан. Ошко бара жаткан өзбек лидерлеринин автоунаасынан курал-жарак табылган.  Кокус коңшу тараптан түнкүсүн бомбалоо башталса,  өз улутташтары жайрап калбоосун ойлоп,  алар жашаган шаар, айыл-кыштактарга, үйлөрдүн төбөсүнө түнкүсүн ажыратып билүү үчүн агыш-көк түстүү, чоң  тамгалар менен “SOS” деп бадырайта жаздырышкан. Мындай жазууну биз “Азаттык” радиосунда иштеп жүрүп, июнь окуясында жабыр тарткан жарандарды издеп жүрүп, Жалал-Абаддын чет жакасындагы Таш-Булак айылын аралап өткөн жолдун ортосунан да көрүп, “бу кыштактагыларга эч ким тийишпеди эле го! Чет жактан куралдуу жардам күткүдөй бул жердегилердин тынч жашоосун эч ким бузган жок,  “Жылкысы деле үркпөдү эле, кыязы, ичинен иригендер бар окшойт” деген ойго келип,  таң калганбыз.

Элдин жүрөгүнө чок салган коогалаңдын жаралышына областтагы улутчул саясатчылардын катыштыгы бар экени дамаамат айтылат. Чындыгында, Жалал-Абад шаары менен Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Ала-Бука райондорундагы көптөгөн техникалык, өнөр жайлык мекеме-ишканаларды текейден арзан баага менчиктештирип алган маркум адам өлкө ичи будуң-чаң болуп турган кезде улутчулдук саясатын козгоп чыгаар эле. Маселен, 2005-жылы 12-майда Жалал-Абад шаарындагы “Кыргызстан” аттуу дүр-дүйнө дүкөнүнүн  алдында өзүндөй арам зилдүү адамдарды чогултуп, мамлекеттик жана расмий тилдердин иштеп жатканын көрө албай, өзбек тилине да макам берүү тууралуу митинг өткөргөн. 2010-жылы 13-14-майда куралчан адамдары менен областтын борборунда кагылыш уюштуруп, Сузак районунун Масадан айылындагы мурдагы президенттин туугандары менен абасы жашаган үйлөрдү жана мамлекеттик Туу менен боз үйдү өрттөөгө жетекчилик кылган.

 

Жалал-Абад облусунда кырдаал кандай болгон?

Натыйжада улуттар аралык чыр-чыгып,  сузактык куралчан адамдар Жалал-Абаддын көп кабаттуу үйлөрүнө ок атып, кирип келгенде, эр жүрөк жигиттердин күчү менен мизи кайтарылганы биздин эсибизде. Өрт андан ары тутанып, бир эле мезгилде 11-июнда Сузак, Базар-Коргон, Ала-Бука айылдарынын улутчулдары жолго чыгып, баш аламандык кылгандары белгилүү. Мисалы,  өзбек улутчулдары  10-июнда,  бешим ченде “Санпа” заводунун  тушунан “Бишкек – Ош” жолун бөгөп, жол жээгиндеги мунай өткөн куурду тешип, андан алган кара майды жолго төгүп, жолду бузган. 12 – 14-июнда Ош менен Жалал-Абаддан чыгып, Базар-Коргон, Ноокен, Кара-Көл, Токтогул, Чүй аймактарындагы үйлөрүнө кайтып бара жаткан жүргүнчүлөрдү ок менен атып, жарадар болгондорду бычак, айры, учтуу шиш, учталган лом менен уруп-согуп, өлгөндөрүн өрттөп жок кылышкан. 2010-жылкы июнь окуясында  Ош – Бишкек жолунун Жалал-Абад – Сузак айлампасынан Топурак-Бел ашуусуна чейинки аралыкта Сузак айылынан чыккан улутчулдар  он алты эркек адамды мыкаачылык менен өлтүрүп, кыз-келиндерди талап-тоноп, өрттөп, тогуз автоунааны күйгүзүп, жок кылышкан. Муну убагында областтык ички иштер башкармасынын маалымат кызматы билдирген. Жабыркагандардын айтымында ана башчылары кошуна өлкөгө өтө качып, кармалган эмес. Он тогуз адам гана  соттолгон.

Куралдуу кишилер Жалал-Абад жана Ош тараптан келген автоунааларды атып токтотуп, андагы жүргүнчүлөрдү талап-тоноо менен ур-токмокко алып, өмүрлөрүн кыйганын ушул окуя боюнча соттук материалдар жана жабырлануучулар, күбөлөр ырастайт. Жол боюндагы  жана Жалал-Абад шаары менен Базар-Коргондогу калаймандын келип чыгуусуна негизсиз ушактардын жайылышы себеп болгон.

 

Кара-Үңкүр көпүрөсү жөн-жай тосулган эмес

“Улутчулдар менен Ошко калайман салган саясатчылардын  бирдиктүү  планы болуу керек”,- деген ой аргасыздан келет. Антпесе, Ошто июнь алааматы  болуп жатканда Жалал-Абад, Сузак, Базар-Коргон, Ала-Бука аймактарында болгон баш аламандык бир күндө башталмак эмес. Базар-Коргон кыштагынан  Бишкек – Ош жолун тосууга  чыккан  адамдардын Кара-Үңкүр дарыясынын көпүрөсүн жардыруу, ошол аракети менен Базар-Коргон аймагынан Ошко чейинки аймакты бөлүп салуу амалы болбосо, адамдар 12-13-июнда  көпүрөгө чогулушмак эмес. Эгер арам ойлору болбосо, араздашпай, жолду ачууну көздөп,  райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын жетеги менен көпүрөгө куралсыз, куру кол барган милициянын он алты кызматкерине кол салышпайт эле. Алар адегенде милицияны  барымтага алууга аракеттенишкен. Ал ойлору ишке ашпай калганда куралсыз милиционерлерди таш бараңга алышкан. Анын айынан милициянын башчысы оор жараат алып, качып кутулган. Ал эми участкалык инспекторду учтуу нерселер менен сайып отуруп, эсинен ажыраганда өрттөп өлтүрүшкөн. Милицияга кол салгандардын башчылары окуядан кийин качып кеткен. Кийин колго түшкөн сегиз адам ар түрдүү мөөнөттөргө эркинен ажыратылган.

Өзбек улутчулдардын мындай мыкаачылыгына жооп иретинде жергиликтүү адамдар Жалал-Абад шаарынын Ленин, Осмонов, Токтогул, Кыргыз Республикасы  көчөлөрүндөгү үйлөрүн өрттөп, “Элдердин достугу”  университетинин айнектерин талкалаган. Ошентип, массалык баш аламандыктардын акыбети менен эки тараптан Жалал-Абад облусунда 89 адам курман болуп, 447 киши денелеринен түрдүү жараат алган. Областтын экономикасына оңбогондой залал келтирилген. Айласыздан кыргыз өкмөтү чет элден карыз алып, жабыркагандарга көп кабаттуу үйлөрдү тургузуп берүүгө, каза тапкандардын ар биринин үй-бүлөсүнө бир миллион сомдон компенсация төлөөгө аргасыз болгон.

Ырысбай АБДЫРАИМОВ.