Домой Көйгөй Ааламдашуудан аман калууга болобу?

Ааламдашуудан аман калууга болобу?

12

Жагдайыбыз кандай, жаамы журт?

Криминалдык беделдөө саналган Чыңгызды башка бир жерде эмес, түрмөдө отурган жеринде мууздап салышты… Бишкекте он сегиз жаштагы жигит баңгизат таркатып жүрөт деп шектелип кармалды… Базар-Коргондо чачташкан аялдарды соттошту… Кыргызстанга орусиялык AI кызматкерлери улам көбүрөөк келип жатышат. Ысык-Көл туристтерге толду, жата турган жай да, билет да тартыш…

Мына, бир жуманын ар жак-бер жагында бизде, Кыргызстанда, ушул өңдөнгөн көптөгөн окуялар жүз берди, ал арада элибиз майрамдарды тосуп, эгин оруп, мал айдап, бала көрүп той берип, жакын адамынан айрылып, аза күтүп – айтор кадимки турмуш өз нугунда жүрүп жатат. Албетте, мезгил өзү күн менен түндөн турган сыяктуу – жашоо да жакшы менен жамансыз болбойт, бирок, бизде кыргыз коомчулугунда, терс көрүнүштөр көбөйүп, адамды адам сыйлоо, барктоо, этият мамиле кылуу, башкалардын тынчтыгын алгандан, ага ыңгайсыздык келтиргенден тартынуу сыяктуу жашоонун өзөгүн түзгөн маселелердин күн санап куну кетип, алардын ордуна кандай да болбосун пайда көрүп калуу, жеке кызыкчылык, керт башынын камын гана ойлогон пенделик тар түшүнүк сыяктуулар кирип жатат.
Глобализация же болбосо ааламдашуу деп аталган бүткүл дүйнөлүк маданияттар менен тилдердин, каада-салттар менен түшүнүктөрдүн, улуттар менен расалардын жапырт синтези, же карапайым тил менен айтканда жапырт аралашуусу укмуштай тездик менен жүрүп жаткан азыркы шартта, биздин коомчулукта мындан башка нерселер болушун күтүүнүн өзү деле туура эмес. Ааламдашуунун, дүйнөлүк агымга кошулуунун жакшы жагы, албетте, бар, бирок андан биз сыяктуу аз сандагы калктардын чекесин жылытарлык жакшылыкты күтүүгө болбойт. Бүткүл дүйнөлүк агымга кошулуу менен биз өз алдынчалыгыбызды, тилибизди, ата-бабалардан калган ыйык салт-мурастарыбызды жоготобуз. (Бул тууралуу улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов эчен жолу кан какшап айткан – биз этибар кылган эмеспиз). Муну мындай мисал менен түшүндүрсөк да болот, Кыргызстандын түштүгүндөгү бардык дарыялар Нарын дарыясы жана Кара-Дарыяга келип куюлат, ал эми Нарын менен Кара-Дарыя бирикккенден кийин атактуу Сыр-Дарыя башталат, ошентип ааламга Сыр-Дарыя гана белгилүү, калган сууларды эстеген деле эч ким жок. Тек жээгинде жашаган жергиликтүү эл гана аны билбесе, алыстагылар ошондой аттуу өзөн бар экенин, аны туш тарапка буруп кетпей, тим койсо – Сыр-Дарыяга барып кошуларын аңдабайт деле. Ошонун сыңары коммунизм идеясынын негиздөөчүлөрү, марксизм-ленинизм үгүтчүлөрү бирдиктүү бир советтик эл деген катмарды түзүп, калган майда-барат элдин баарын ага сиңирмек болушкан. Иш жүзүндө ошондой эле болду, Кавказдан тарта Владивостокко чейинки аралыкта кандай улуттар бар экенин санап көрсөңүз, буга ишенесиз. Мен бул жерде Россияны айыптайын деген ниетим жок, андай мисалдар аз эмес, Кытай маселен, бир кезде өзү көчмөндөрдөн коркуп камалган Улуу Кытай дубалынан сыртты көздөй жайылып, кошуна жашаган, уйгур, кыргыз, казак, монгол, өзбек, эвенк, тува, бурят, манчыжур, тунгус сыяктуу толуп жаткан улуттарды чеңгелине басып олтурат, демократиянын атасы бизде деп дөгүрсүгөн Америка кызыл денелүүлөрдү кырып-жоюп, жер жүзүнөн жок кылган кыйраткыч цивилизациянын ээси болуп саналат. Биз, кыргыздар, кудайдын сүйгөн пенделеринин бири экенбиз, өз алдынча мамлекет курап кете алдык. Дегеним, коомдук өнүгүүнүн табияты ошондой, ким алсыз, маданияты төмөн, анысы аз келгенсип, ич ара ит-мышык болуп жашаса – өнүккөн элдин жеми болот.
Мурдагы убактарда (азыр деле аз эмес) бул үчүн толгон-токой согуштук жаңжалдар чыгып, каршылык пайда болуп, акыры алдуусу алсызын баса жыгылса, азыр глобализация деген мандем чыгып, эч кандай согуш-сопкутсуз эле адамдардын мээсин ээлеп, акырындык менен бирок туруктуу түрдө “басып алуучулук” кылып жатат. Айталы, рэп, рок, эстрада сыяктуу ыргактар азыр бүткүл дүйнөгө кожоюн, ошонун алдында комуз менен ырдаган кишини, жумшак айтканда, этибарга алышпайт. Толуп жаткан мультфильмдер, телефондогу азгырыктар, мушташты, зомбулукту даңазалаган кунары төмөн кинолор балдарды көз көрүнөө бузуп, алар ал тургай атасынын сөзүн да этибарга албай турган болуп бара жатышат. Айтор, азыр ааламдашуудан окчун турган эч нерсе жок, демек, В. И. Ленин туура айткан: “Коомдо жашап туруп, андан обочолонуп жашоого мүмкүн эмес”. Андай экен ааламдашуу деген ажыдаардын оозуна жутулуп кетпеш үчүн, эсеби маселен, Кыргыз мамлекети кандай саясатты тутунушу керек? Канткенде биздин балдар, келечек муундар, өз элинин чыныгы патриоту болуп, үч миң жылдан ашуун убакыттан бери жашап келе жаткан кыргыз улутунун атын өчүрбөй, мамлекет катары сакталып турушун камсыз кыла алышат?
Бул үчүн коомдо болуп жаткан, түпкү натыйжасы мамлекетке залал келтире турган көрүнүштөргө каршы азыртан чара көрүү, мектептерде жана диний окуу жайларда, үй-бүлөдө балдарды тарбиялоонун усулдарын өзгөртүп, улам эскиргенин калтырып, азыркы турмушка ылайык келе тургандарын өркүндөтүп жүрүп олтуруп, мамлекетибиздин ар бир жараны өлкөнүн алдындагы өз жоопкерчилигин толук сезе турган (Эгер сезбей эле туруп алса мыйзам жолу менен сездире турган) кырдаалды жаратуу зарыл. Бул эмне деген сөз, канткенде биз ошондойго жетише алабыз? Эң биринчи кезекте тыюу салуу (катаал мыйзамды талап кылган өзгөчө учурлар жөнүндө кеп башка, маселен, нашаа сатуу, кылмыш жасоо ж. б.) дегенден алыс болушубуз керек, айталы, жаштар рэпти жактырабы, ага тыюу салыштын кереги жок, тескерисинче, так ошол рэптин үлгүсүнө салып, Мекенди корго, мамлекетти сактоо, адамгерчиликти, адеп-ахлакты, нукура сүйүүнү даңазалоо багытындагы чыгармаларды жаратуу керек. Ушунун эле өзүн толуп жаткан жеңил-желпи, уруш, мушташ, зомбулукту, кара күчтү даңазалаган кино сөрөйлөрдүн, мультфильмдердин ордуна балдар жапырт кызыгып көрө турган, бирок идеясы бийик чыгармаларды жаратуу багытында колдонсо болот. Айтор буга окшогон мисалдар толтура, бирок мындай идеялардын демилгечиси жана ишке ашыруудагы кыймылдаткыч күчү мамлекет өзү болушу керек.

Жакшыга жармашкан кесепет

Албетте, биздин мамлекетте өнөр жайын өнүктүрүү, мамлекеттин кубатын чыңдоо, элдин турмуш-тиричилигин чыңдоо, жашоо деңгээлин жогорулатуу багытында огеле көп иштер болуп жатат, негизи өзү ошондой эле болушу керек. Бирок ошол иштердин шарапаты менен толуп жаткан биздин элдин турмушуна жат, түпкүлүгүндө мамлекетке зыян алып келе турган нерселер да кирип жатканына көңүл бурулбай калып жатат. Маселен, Кыргызстанга легалдуу да, жашырын да кирген чет элдиктер аз эмес, мындан ары карай дагы алар азайбайт, көбөйүшү мүмкүн, ошондой болгондон кийин алар өз каада-салттарын, жүрүм-турум эрежелерин ала келишет. Анан жергиликтүү эл менен аралашат, мамиле күтөт, достошот, касташат, үйлөнөт, ажырашат дегендей толуп жаткан алака-катыш болот. Эгер биздин өлкөгө кирген чет элдиктер тууралуу мыйзамдарыбыз, Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча маселелер ушул баштан колго алынбаса, кийин-соңунда мамлекетибиздин башына түшкөн эң чоң машакат ошол болот. Айталы, Францияда бир кезде африкадан ооп барган кара денелүүлөрдүн урпактары, бирок француз жарандары болуп эсептелген адамдардын толкундоолору байма-бай болуп турат, жаштар баары жокту талкалап салган учурлар да аз эмес. Бул француз жергесине ооп барып отурукташып калган африкалык адамдардын урпактарынын: “Биз деле француз жараны болуп эсептелгенибиз менен укуктарыбыз, ак денелүү француздардыкына караганда төмөн, бизди денебиздин түсү үчүн кодулап жатышат”,- дегендей эгерим бүтпөй турган чатагынын бир көрүнүшү.
Бизде да дагы элүү-алтымыш жылдан кийин ошондой көрүнүштөр болуп кетпейт деп ким кепил боло алат, анткени башка улуттагы адамдарга турмушка чыккан кыргыз аялдары ажырашкан соң дүнүйө-мүлк талашып, соттошкону аз келгенсип бала талашып, ал тургай “баламды түрк, иран ж.б. атасы бербей жатат, же уурдап кетти” деп даттанган учурлары азыр эле кездеше баштабадыбы. Ушуга бир мисал айта кетсек, Бириккен Араб эмираттары өнүгүүсү жагынан дүйнөдөгү алдыңкы мамлекеттердин катарына кирет, ал өлкөнүн жарандыгын алуу башка өлкөлүктөр үчүн мүмкүн эмес, араб жери башка өлкөлөрдүн жарандарынын менчигине таптакыр берилбейт, араб кыздарын аялдыкка алуу чет элдиктер үчүн огеле татаалдаштырылган, ошонун ичинде эгер араб кыздарына үйлөнгүсү келсе, чоң суммада салык төлөйт. Анан… Анан азыркы Эмираттарда жашап жаткан калктын дээрлик жыйырма пайызын пакистандыктар менен индиялыктар, андан азыраак пайызын кытайлар, калган улуттар дагы калганын ээлеп олтуруп, арабдар өз жергесинде жалпы элдин аз эле үлүшүн түзүп калышкан. Эмне үчүн андай, анткени ал жер – Европа менен Азиянын маданияттары бириккен, кургактагы, суудагы, абадагы тогуз жолдун тоому, кан базар. Ал жерде адамдардын жашоосу, иштөөсү, күн көрүүсү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр жаралган, андай жерге адамдар өзүнөн-өзү агылып турат. Эгер жогорудагыдай катаал мыйзамдары болбосо, Эмираттардын түпкү эли эбак келген элге аралашып, ошолорго сиңип кетмек.

Өзүн-өзү сактоо инстинкти

Эгер биз өз мамлекетибиздин келечекте аман калып, ааламдагы көптөгөн, улам барган сайын кескин көбөйүп жаткан адамдардын ичинде, кыргыздардын да бар болушун кааласак, анда ошондой катаал мыйзамдарды азыртан киргизүүбүз керек: Алар – Кыргыз мамлекетинин жерине (заводуна, мейманканасына, кайсы бир тармагына, мисалы, кен казуу ж. б. эмес, жердин өзүнө) башка өлкөнүн жарандарынын ээ болушу мүмкүн эмес, башка өлкөнүн кыргыз эмес жарандарынын КРнын жарандыгына алынышы (Биздин өлкөнүн жаранына турмушка чыккан келин-кыздардан башка) мүмкүн эмес, Кыргыз мамлекетинин башка өлкөнүн жарандарына турмушка чыккан келин-кыздарын никеге турары менен өлкөнүн жарандыгынан чыгаруу жөнүндө, башка өлкөлөрдүн жарандарына турмушка чыккан келин-кыздардын туулган балдары күйөөсү кайсы өлкөнүн жараны болсо, ошол өлкөнүн жараны деп эсептелиш керектиги жөнүндө деген сыяктуу толгон-токой тартип, мыйзамдар болушу мүмкүн. Мындай катаал чаралар, албетте, бир топ адамдарга жакпайт, бирок биздин андан башка аргабыз жок, ансыз башка элдер менен аргындашып, адат-салттарыбыз жоголуп, биротоло жок болуп кетебиз. Биологияда “өзүн-өзү сактоо инстинкти” деген түшүнүк бар, ар бир жандык өзүн сактап калуу үчүн күрөшөт, эгер марксизм-ленинизм классиктеринин (Ч. Дарвинди эстеңиз) айткандарына ишенсек, адам – биологиялык жандык, демек, ал дагы өзүн-өзү сактап калыш үчүн күрөшүүгө тийиш.

Самидин СТАМБЕКОВ,
Жалал-Абад шаары.