Домой Чыгармачыл аалам Абиш ырчы

Абиш ырчы

18

Абдырайым Мамадалиев 1936-жылы Талас облусунун Будённый айылында туулган. Эки жашында атасы өлүп, көр оокаттын айынан бир абасы аларды эрчитип Чаткалга келет, кийин ал киши кайра көчүп кетет, апасы Мамадалы деген кишиге турмушка чыгып, Чаткалда туруп калышат. А. Мамадалиев Айгыр-Жал айылынан орто мектепти, Наманган шаарынан айдоочулук курсту бүтүргөн. Көп жылдар бою айдоочу болуп иштеген. Атайын адабий билими болбосо дагы, тубаса акындык шыгын бөксөртпөй, областтык, республикалык кароо-сынактарда көп жолу байгелүү орундарга ээ болгон. Райондогу ири жыйындар, ой-тамашалар Абиш ырчынын саламдашуусу болмоюн ачылчу эмес. Карапайым элдин ичинде жашаган акын чын дилиндеги ырды жазып, чыгарманы жасалмалоо, кооздоо деген эмне экенин билген эмес, анын ырларынын артыкчылыгы – так ошол нукуралыгында. Көзү өткөндөн кийин, Абиш ырчынын “Ырларым калды ордума” деген ыр жыйнагы 2014-жылы чыгарылган. Өзү жашаган Айгыр-Жал айылындагы маданият үйүнө акындын ысымы берилген.
Согуш маалы

Ал кезде согуш убагы,
Жайлоодо козу кайтарам.
Короого айдап түш ченде,
Калтырбай баарын алпарам.

Көгөнгө үч жүз козуну,
Калтырбай тизем бир-бирден.
Акжолтой деген күчүк бар,
Артымдан ээрчип бир жүргөн.

Аңгыча койлор кыр ашып,
Короого келет чуулдап.
Койлордун үнүн укканда,
Жүрөгүм турат зырылдап.

Саанчылар чыгат үйүнөн,
Чакасын кармап жай басып.
Калганы түтүн булатат,
Казанга бышма кайнатып.

-Тээтиги койду карма,- деп,
Койчуман таяк тап кылат.
Чалынып кетсем жыгылып,
Чокоюн чаап каткырат.

Койлорду кармап тырмышып,
Шыйрактап келем жетелеп.
Ошондо он бир жаштамын,
Ооздон сүтүм кете элек.

Чарс койлор туйлап секирип,
Бутумду сыйра басышат.
Көзүмдөн жашым кылгырып,
Кыйлага чейин ачышат.

Чакаларын кармашып,
Үч саанчы катар отурат.
Жетелеп келген коюма,
Мага дешип кол сунат.

Урушуп кетет кээ-кээде,
Апкелген койду талашып.
Ар кылбай урушкандарын,
Алышат кайра жарашып.

Эртеси кайра таң атып,
Козуну айдап чыгамын.
Артымдан ээрчип калбаган,
Ак күчүк менин ынагым.

Бет жакта жапыз арча бар,
Ошого жетип тынамын.
Басылып калса согуш деп,
Кудайдан ошол сурарым.

Курсагым ачып кайышам,
Эч нерсе таппай ичкенге.
Кошулуп уктайм азыраак,
Козулар жуушайт түш ченде.

Саан койлорго план бар,
Өкмөткө майын тапшырат.
Кир басып бүткүл денемди,
Кийбедим кийим жакшыраак.

Чокой жок бутка кийгенге,
Таш тилип кетсе кан агат.
Оюнду билбей бир топ жыл,
Ошентип өттү бала чак.

Согуштун тарттык азабын

Согуш жылдар, тарттык анын азабын,
Ачарчылык болгон кезди жазамын.
Отко асып аш бышырып иче албай,
Беш-алты жыл кайнаган жок казаның.

Алгы атала катыгы жок ичкенбиз,
Ошондо да калбаганбыз иштен биз,
Таңга жуук бригадири кыйкырса,
Кыйшаңдабай түз алдына түшкөнбүз.

Жылаңайлак чөңөр сайып бутумду,
Же ыштан жок калкаларга тушумду.
Карбаластан тетир басып уялып,
Канча жолу Абиш байкуш кысылды.

Жонго куурай көтөрөбүз тал менен,
Болбой калган анда ишибиз нан менен.
Тапканыбыз арпа атала болгону,
Ичкенибиз ошол эле саар менен.

Адам байкуш чыдайт тура баарына,
Ачына да, тогуна да, жогуна.
Таман жагы түшүп калса чөмчөнүн,
Тасма таппай көктөгөнбүз шоонага.

Беш-алты саат чыдап туруп ал дагы,
Анан эле чырт үзүлүп жок болот.
Эске салып ошол кезди ойлосом,
Заарканып ички дартым козголот.

Аны эми көрсөтпөсүн кудайым,
Согуш болбой тынчтык болсун ылайым.
Ээ, Алла, деп элге тилеп жакшылык,
Эл-журтумдун амандыгын сурайын.

Кечээ согуш

Кечээ согуш, кара туман каптаган,
Азап тартып кыйналдык го ачкадан.
Талкан таппай, алгы казып темселеп,
Курсак тойбой, көздөн учкан жарты нан.

Мен ошондо жапжаш элем наристе,
Курсак ачып, эчен жолу ыйлагам.
Желкесине минип алып апамдын,
Нан тапкын деп жер тепкилеп кыйнагам.

Ичкенибиз арпа атала, тузу жок,
Айла канча, ошого да сүйүндүк.
Бир жагынан келте каптап эл ичин,
Кайгы тартып кара жандан түңүлдүк.

Күндө өлүм, үчтөн-төрттөн көмүлөт,
Көздүн жашы кургабастан төгүлөт.
Кепин таппай айла кетип калганда,
Жууркандардын ичи-тышы сөгүлөт.

Күндө келет кара кагаз согуштан,
Кайгы үстүнө кайгы каптап элимди.
Кары-картаң, кемпир менен чал калган,
Кош айдашып, эптеп себет эгинди.

Кайрат айтып эл-журтуна бел болгон,
Ошол кезде бир аксакал бар эле.
Ал кишинин элге кылган эмгеги,
Эстен кетпей, көз алдымда дагы эле.

Жарма жасап арпа аралаш буудайдан,
Бүт айылды өз үйүнө чакырчу.
Келгиле деп күлүп-жайнап жаркылдап,
Канча болсо кара үйүнө батырчу.

Арбагына мен ыраазы боломун,
Ал кишинин аты болчу – Дөлөке.
Ачарчылык, кыйын-кезең учурда,
Элге болгон тоодой, таштай көлөкө.

Аялынын сыйрып берип жоолугун,
Өлгөндөрдү көмдүрчү эле кепиндеп.
Куран окуп бата кылчу арбакка,
Кудай өзүң күнөөлөрүн кечир деп.

Жардам берип жетишинче күчүнүн,
Көз салчу эле жетим менен жесирге.
-Кийгизип кой балаңа,- деп апама,
Бир кийимдик катек берген – эсимде…

***
Өкүнөмүн калганыма окубай,
Турмуш-шартым начар эле ошондо.
Жалгыз элем, тууган-урук жокко эсе,
Жол киреме тыйын-тыпыр кошорго.
Карбаластан айлам кетип, акыры
Кой кайтарып чыгып кеткем оторго…

Рыспай

Рыспай ырдап жатканда,
Ыргалып турчу тал-терек.
Кулактын канып кычуусу,
Кумардан чыгып калчу элек.

Өзгөчө эле обону,
Өзүнө арбап алчу эле.
Буралган бакта сайраган,
Булбул да тыңшай калчу эле.

Уксак деп обон, ырларын,
Үналгыдан тыңшадык.
Токтобой сайрап ырдаган,
Торгой да калчу тынч алып.

Кызыгып обондоруна,
Кыз-келин аны сүйчү эле.
Кыпкызыл болуп жайнаган,
Гүлдөр да башын ийчү эле.

Рыспай келди деп укса,
Жаш-кары калбай барчу эле.
Өкүнтүп кетти дүйнөдөн,
Обончулардын алпы эле.

Ырлары калды – өзү жок,
Издесек кайдан табабыз.
Башкача талант эле го,
Миң жылда кайра жаралгыс…

Жалгыздык

Ичимен жалгызмын деп өкүнчү элем,
Ичкенде жатып алып өкүрчү элем.
Үйлөнсөм уул бер деп бир кудайдан,
Үшкүрүп, тилек кылып, өтүнчү элем.

Үйлөндүм – уул берди, кыз да берди,
Кудайым перзенттерин аяган жок.
Аман кой, ушуларга өмүр бер деп,
Жалынам Жаратканга көңүлүм ток.

“Жалгыздын жары –кудай”,- деген сөздүн,
Чындыгы бардыгына ынанамын.
Бөксөргөн бөйрөктөрүм толуп мына,
Балдарым бардыгына кубанамын.
Балдардын алдында ал деп Жараткандан,
Жалынып күндө үч маал суранамын.

Ааламдын гүлү – аялдар

Аялзат мынча кымбатсың,
Эркектер үчүн урматсың.
Турмушуна эркектин,
Туткасы сенсиң жыргаштын.
Аялсыз бизде жашоо жок,
Андыктан мактап ыр жаздым.

Аялдар – үйдүн көркүсүң,
Эркектин кийген бөркүсүң.
Эркектер менен тең иштеп,
Бүтүргөн аркы-беркисин.
Жүрөгүң таза туптунук,
Жигиттер сүйгөн селкисиң.

Үй-жайды жыйнап көгөрткөн,
Эркекке бала өңөрткөн.
Алыска чыкса алганы,
Ардактап сыйлап жөнөткөн.
Силерсиңер аялдар,
Адамдын санын көбөйткөн.

Аял, эркек – кош өгүз,
Арабаны тең тарткан.
Эркектер иштеп жатканда,
Жанында карап турбастан –
“Бул жери мындай болсун”,- деп,
Бүтүргөн ишти бир баштан.

Ааламдын гүлү – аялдар,
Аял бар жерде адам бар.
Жашоодо аял болбосо,
Жаралат кайдан адамдар?
“Ата-а” деп чыккан алдыңдан,
Аял бар үчүн балаң бар!..

Көл өрөөнү

Сепкеним чыкпай калбайт деп,
Элдери кылбайт муң-кайгы.
Чар тарабы керилген,
Чалкыган өрөөн турбайбы.

Көлүндөй жери тептегиз,
Таппайсың бир таш тоголок.
Тоолорду курчап кудайым,
Коюптур өзү коргондоп.

Көйкөлүп турган кези экен,
Картошка менен ак буудай.
Буйруган кенен жер тура,
Бүт кыргыз келсе баткыдай.
Жээгинде көлдүн төрөлүп,
Калбаган экем, аттиң-ай!..

Соң-Көл

Бузулбай учкан сабынан,
Булбулдар сайрайт таңынан.
Суйкайган сулуу ак куудай,
Соң-Көлдү көрдүм жанынан.

Жүзүңдү көрүп турасың,
Жүз метр терең жеринен.
Өзгөчө көрктүү жер экен,
Өрдөк, каз кетпес жээгинен.

Ак Мөөрдүн тарткан сүрөтүн,
Акактай тунук бетине.
Берметтей тунук суусунун,
Бет чайдым барып четине.

Балкыдым көлдөй мен дагы,
Бетимди көлгө чайкасам.
Кырк кулак казан асылган,
Таш тулга турат байкасам.

Корумдай жайнап бетине,
Койлору жатат жайылып.
Тапкыла менин сырым деп,
Таш казык турат сайылып.

Соң-Көлдү Манас жердеген,
Деген сөз түштү эсиме.
Очокто жаткан күл болуп,
Көмүрдү жыйдым четине.

Аттанып жоого баратып,
Ат тизгин сага бурганбы?
Кырк кулак казан асылган,
Мен көрдүм таштан тулгаңды.

Нан

Эсирип кеткен экенбиз,
Чоң тоюп калып кардыбыз.
Кийимдер бүтүн болсо да,
Нан жактан азыр жардыбыз.
Нан издеп, тентип таба албай,
Чет элге кеттик жармыбыз.

Убагында ойлонуп,
Кадырын нандын билбедик.
Аксакалдар айтышса,
Кулакка аны илбедик.
Ишиңиз сиздин канча деп,
Ичибизден тилдедик.

Адамга кудай жар экен,
Адамдын жаны нан экен.
Адамга кудай көрсөттү,
Убалы анын бар экен.
Кордосоң нанды киргизбейт,
Бейиштин оозу тар экен…

Кыркымда

Мээге өтүп күндүн аптабы,
Шашлыктай кылып кактады.
Шашылып жүрүп директор,
Шыйпырын али какпады.
Курдурган жаңы кыркымы,
Көөнүнө элдин жакпады.

Чар тарап ачык – капабыз,
Чаң жутуп кыркып жатабыз.
Жакында үстүн жаппаса,
Жайлоого биз да качабыз.

Токтогул калды байпакчан,
Токону качты айтпастан.
Төлөгөн деген эр экен,
Мушташа кетет кайтпастан.

Түнкүсүн өтүк жоголуп,
Токтогул туруп оңолуп –
Таң атпай келип Урия,
Төлгөсүн тартты боору ооруп:

“Чулгооң жатат жолдо,- деп,
Табылат, капа болбо”,- деп.
Батасын берип жөнөттү,
Бабээдин өзүң колдо деп.

Акашка жүргөн таарынып,
Аңгыча өтүк табылып.
Андайга барбайт биздин эл,
Токо,
Айлыбыз биздин ак урук.

Поездде

Кара жердин тегизин,
Казакка берген турбайбы.
Көз жетпейт учу-кыйрына,
Көрбөгөн элем мындайды.
Кыргызга бөлүп жармысын,
Кудайым, калыстык өзү кылбайбы.

Төрт күнү тынбай жол жүрүп,
Таң калдым казак жерине.
Баа берип келе жатамын,
Бактылуу казак элине.
Самолёт менен учсаң да,
Жеткидей эмес чегине.
Ушунча жердин жармысын,
Кыргызга берсе эмине?
Аскага камап кыргызды,
Албаган экен теңине…

Аскердеги балама

Жашыңда жакшы көрчү элең,
Жаныңдай көрүп ширинди.
Апкелдим бүгүн конфетти,
Алат деп менин тилимди.
“Ачууну” эми таштарсың,
Ачып жаңы илимди.

Колуңа алып иштерсиң,
Кор кылбай алган билимди.
Ар кимдин көзүн бир карап,
Атакең канча жүгүрдү.
Тумагын алып бооруна,
Тил билбес элге ийилди…
Көрүнгөн сартка кошулуп,
Балам,
Көрсөттүң мага Сибирди…

Эскертүү: Акындын бир баласы аскерде жүрүп тартип бузуп, камалып кете жаздайт, Абиш аке анын кызмат кылган жерине чейин барган экен, ошону айтып жатат.

Булак жана сурак

Кутпидин уруп кулакка,
Кулап түштүм булакка.
“Арагың дароо куйбасаң,
Кетесиң,- дедим,- суракка”.

…Кудум ушул убакта,
Кутпидин жүрөт суракта.
Мен болсо балдар отурам,
Мына, өзүңөр менен булакта!

Теңиме

Уксам дейм таттуу кебиңден,
Дем алсам деймин демиңден.
Көчөдө бассак бир басып,
Кармалап колдон, жеңиңден.
Ар дайым бирге болсом дейм,
Айрылбай сендей теңимден.

Ардактап койсоң семирем,
Ашкансыйт сүйүү чегинен.
Суйкайган сулуу жүзүңдөн,
Сөз айта албай чегинем.
Чырмалып бирге жүрсөм дейм,
Чын сүйгөн сендей теңимден.

Жарыгың

Жүрөгүм сени сагынды,
Жылытчы бир аз жанымды.
Сенин демиң турганда,
От чачкан жалын жалынбы?!.

Жүрөгүм сен деп зарыкты,
Жылытчы мендей карыпты.
Ак жүзүң сенин турганда,
Ай чачкан жарык жарыкпы?!.

Жылытсын мени жарыгың,
Бүт болбосо жарымын.
Кубантса гана жүрөктү,
Күнгө окшоп тийген жарыгың.

Аралга барып кошулмак

Мен ичкен арак суу болсо,
Аралга барып кошулмак.
Шишесин үйсө тоо болуп,
Суу сактагыч тосулмак.
Абиш акең ортодо,
Кайырмак салып отурмак…

Желкемен байлап жетелеп,
Жинди суу алды ноктолоп.
Жетимиш чыгып калыпмын,
Билбеймин качан токтолот?

Элүү джыл ичкен аракты,
Эсептеп көрсөм отуруп –
Асманга учуп кетпесе,
Аралга калмак кошулуп.

-Кыскартсаң боло эми,- деп,
Кемпирим калат жемелеп.
Кабагын салып коркутат,
-Кан-жаның арак беле?,- деп.

Бекиткен акчам таап алат,
-Бери бер, мага, келе,- деп.
Башымды мыкчып каламын,
Бекемдеп катпайт белем деп.
Үшкүрүп аны коркутам,
Үйүңдөн чыгып кетем деп.

Беш сомду колго карматат,
Жетеби ушул эми деп,
Байпастап жүрсөм чакырат,
-Бас, эми үйгө, бери,- деп,
Жүз грамм өзү апкелет,
Кулкунга куюп жибер деп,
-Баш жазган сооп,- деп какшыктайт,
-Бир күнү сообу тийер,- деп.

Бүт денем балкып жыбырап,
Беш мүнөт жыргап каламын.
Жүз грамм тарап бат эле,
Бүркөлөт кайра кабагым.

-Жазылбай калды башым,- деп,
-Дагы он сом бер,- деп суранам.
Он сомду колго карматса,
Тегинден акча тапкансып,
Териме батпай кубанам.
“Таштайм” дей берем аракты,
Түгөнбөйт берген убадам.
Мага окшоп ичпей аракты,
Карабай эле койгула,
Силерден жаштар суранам…

Азабы курсун арактын

Оңбогон арак тооруду,
Оңолбой башым ооруду.
Аракты эми ташта деп,
Аялым канча коруду.
Тер басып муздак денемди,
Түшүмдү иттер жоруду.

Түгөнгөн арак курусун,
Тоскоол болот ишиңе.
Жамандык жагың чыгарып,
Жакшылык кылбайт кишиге.
Буржуюп мойну бир карыш,
“Букалар кирет түшүмө”.

Кый-сыпыр түшүм чаташып,
Букалар менен маташып.
Сүзгөнү калат капырлар,
Сөрүгө мени такашып.

Мылтыктын огу атылып,
Ордумдан турам бакырып.
Англо-дон айгырлар,
Кубалайт кулак жапырып.
Тескери карап бурулуп,
Тепкени калат качырып.

Желкемде буту салаңдап,
Жинди суу алды жармашып.
Жата албай чыгам түнкүсүн,
Жин, шайтан менен кармашып.
Жүрөгүм туйлап оолугат,
Жыландар менен арбашып.

Акыл-эс тунук, бирок да,
Аракка жүрөм алданып.
Кай жакка бара жатам деп,
Кай бирде калам таң калып.
Ирээнжип кылган ишиме,
Ичимден жүрөм арданып.

Кай жактан ичтим экен деп,
Кайгырам кылган ишиме.
Эсимден баарын чыгарам,
Эки жүз кирсе ичиме.
Жаман да болсо басканым,
Жамандык кылбайм кишиге.

Шайтаны күчтүү оңбогур,
Шаштырат мындай баскын деп.
Ээрчитип алат жетелеп,
Эртерээк башың жазгын деп.
Каалгасын кагып турабыз.
Комоктор кулпун ачсын деп.

Калтаңдап барам темселеп,
Комоктор эрте ачса деп.
Жолугуп калып бирөөсү,
Башымды эптеп жазса деп.
Жоромол кылам ичимден,
Жок болсо кантип тапсам деп.

Бар болсо акчам мен дагы,
Баарына алып беремин.
Аябай жолдошторумдан,
Аларга тийет керегим.
Арылдап калам адашып,
Ат оюн салып жиберип.

Эртеси калам уялып,
Эл ичине бара албай.
Көңүлүм чөгүп өкүнөм,
Күнөөмдү эптеп жаба албай.
Жатамын үйдө үшкүрүп,
Жарты сом акча таба албай.

Кечирим сурайм кээсинен,
Кээ бири чыгып эсимен.
Жалооруп карайм кечир деп,
Жаңылып калсам сөзүмөн.
Мурунку күнү ичкеним,
Билинип турат көзүмөн.

Түндөсү ичип муздак суу,
Титиреп дайым үшүймүн.
Тура албай жатып төшөктө,
Тулуптай болуп шишиймин.
Каламын сөгүп аракты,
Каяктан сага баш ийдим?

Бирге ичкен жолдошторумдан,
Бирөөсү кабар алса дейм.
Башымдын сурап абалын.
Батыраак келип калса дейм.
Кабагым кара түн болгон,
Кайрадан күйүп-жанса дейм.

Үмүт эткен үлпөттөр,
Унутуп коёт ал күнү.
Кырк жылы ичтим аракты,
Катасыз кетпей ар күнү.
Чокчоңдоп калам секирип,
Чөнтөктө акча бар күнү.

Торуна түшүп арактын,
Туткунда калдым чыга албай.
Түрмөгө камап салды го,
Тыш жакка мени чыгарбай.
Түрмөм менин – көк шише,
Төрүндө жатам чыга албай.

Каалга темир, кулпу жок,
Канткенде ачып чыгамын?
Ачкычы анын аракта,
Аргасыз чыдап турамын.
Азгырган мени шайтандай,
Аракка жетсин убалым!

Бир жума жетпейт ойлосом,
Бир айлык алган пенсиям.
Аракты ичпей койбосом,
Акыры башым жеп тынам.
А дүйнө сүйрөп кетсе да,
Таштайын эми деп турам!..

Карылык

Жашоонун шарты ушундай,
Дүйнөгө түркүк болбойсуң.
Жанымды узарт кудай деп,
Жатсаң да, турсаң ойлойсуң.
Жараткан миң жыл берсе да,
Жашоого, жашка тойбойсуң.

Ким жаман көрөт – ойлосом,
Сексен беш жана жүз жашты.
Калтаңдатып бастырбай,
Карылык деген жүк басты.
Ары тур десем тил албай,
Артымдан түшпөй учкашты.

Көмөкөйдөн тил кетти,
Күрмөөгө келбей булдурап.
Кур калдым саясаттардан,
Кулагым укпай тунжурап.
Канчалык күчтүү болсоң да,
Карылык белди сындырат.

Жаш чагым кээде ойлосом,
Тышым жалын, ичим чок.
Калкымдан кетип бөлүнүп,
Караңгы жайга киргим жок.
Түбөлүк өлбөй жашаган,
Дүйнөгө түркүк эч ким жок.

Буйругун берсе ажалга,
Бултактап кайда качабыз?
Алланын барып алдына,
Акыры бир күн жатабыз.
Баркына жетип сыйласа,
Балдарга тийсин батабыз.

Элиме
(Коштошу)

Арыстан болсом бир кезде,
Ажырап калдым эми мен.
Жаштарга берсин өмүрдү,
Жашармак белем эми мен.

Эки бут калды калтырап,
Отуруп калдым шалдырап.
Ордумдан өйдө тура албай,
Тартып кой деймин жалдырап.
Жамбашка күч келтирип,
Жатамын үйдө шалдырап.

Жараткан алла кудайга,
Жалынган үнүм жетсе экен.
Жашымда кылган күнөөмдүн,
Жараткан өзү кечсе экен.
Көп жаткызбай төшөккө,
Кор кылбай алып кетсе экен.

Кайрылбас сапар баратам,
Кош, элим, аман болгула.
Ыклас коюп окуп ал,
Ырларым калды ордума.

Кубанып жайнап жашадым,
Кудайга жок го арманым.
Аралаш жүрсүн эл менен,
Артымда калган балдарым.

Эркелеп жүрдүм айылда,
Элимдин алып жардамын.
Өкүнбөйм өтүп кеткенге,
Ошояктан берсин калганын.

Жараткан алла кудайым,
Жаман иш башка келтирбе.
Көтөрүм кылып жаткызбай,
Кор кылбай алчы кемпирге.
Таң атканча тилеймин,
Тынччылык болуп таң атса –
Жаштарды калдым тааныбай,
Жанымдан өтүп баратса.
Кемпирден мурда ала көр,
Келиндин колун каратпа…

Кебимден кетсе каталык,
Кечирип мени койгула.
Экинчи келбейм кайрылып,
Эл-журтум эсен болгула.

Бир атанын балдарындай,
Бирдиктүү элим болгула.
Башыңдан бакыт кетпесин,
Балдарым калды ордума.
Көп катары Абишке,
Топурак салып койгула…