Домой Агартуу айдыңында Абсамат Масалиевдей мекенчил бололу

Абсамат Масалиевдей мекенчил бололу

86

Сабактын жабдылышы:
Проектор (видео роликтер), карточкалар, плакат, Абсамат Масалиевдин сүрөттөрү.
Сабактын усулу: Интерактивдүү усул;
Сабактын максаты:
•Абсамат Масалиевдин өмүр баяны, ишмердүүлүгү менен тааныштыруу;
•Окуучулардын ой жүгүртүүлөрүн өстүрүү, билимин, билгичтик көндүмдөрүн жогорулатуу;
•Эмгекке, адептүүлүккө, мекенчилдикке, ынтымакка тарбиялоо;
Сабактын жүрүшү.
1.Уюштуруу. Окуучулар менен саламдашуу, гимнди чогуу ырдоо. Класстын окуучуларынын бактылуу окуучулук күндөрүн чагылдырган видео роликти коюу менен жагымдуу маанай түзүп алуу. Окуучуларды жоктоо.
Мугалим: Төмөндөгү суроолорго “ооба”, же “жок” деп жооп берүү керек.
1.Адептүүлүк саламдашуудан башталат. (Ооба)
2.Эки адам сүйлөшүп жатканда сөзүн бөлүүгө болот. (Жок)
3.Карынын сөзүн капка сал. (Ооба)
4.Кечирим суроо да адептүүлүккө кирет. (Ооба)
2.Тапшырма суроо: Өткөн сабакта “Адептүүлүк – адам көркү” деген темада
тарбиялык саат өтүлүп, үйгө тапшырма мектепте болуп жаткан адепсиздиктерди чагылдырган видео ролик жасап келүү болгон. Ошол видео роликтер коюлат, талкууланат.
3.Жаңы тема: Абсамат Масалиевдей мекенчил бололу. Абсамат Масалиевдин өмүр баяны тууралуу кыскача видео ролик коюлат.
Мугалим:
Абсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде азыркы Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Алыш кыштагында туулган. Абсамат Масалиев Эмгек кызыл туу ордени жана башка медалдар менен сыйланган.
Андан соң ар бир партага сөздөр таратылат. Ошол сөздөрдү катыштырып Масалиев тууралуу ар бир парта бирден сүйлөм түзүүлөрү керек. Мисалы төмөнкү сөздөр: туулган, облусу, району, кыштагы, орден, медалдар ж.б. Сүйлөм түзүүгө бир минута убакыт берилет. Ар бир парта өз сүйлөмдөрүн окушат.
Абсамат Масалиевдин ишмердүүлүктөрү тууралуу видео ролик көрсөтүлөт.
Андан соң, классер түзүлөт. Балдар А. Масаливдин өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу кластер түзүшөт. Анда 1933, 10-апрель, коомдук ишмер, мекенчил, Кадамжай, Алыш деген сөздөр камтылат. (Окуучулар кластердин иймесин түшүрүшөт).
Мекен тууралуу ыр саптарын көркөм окуу. Окуучулар ыр саптарын көркөм айтышат.
Мамасалиев Жанболот:
Элиңди чындап сүйбөсөң,
Эл үчүн оттой күйбөсөң.
Анда сен жүргөн бирөөсүң,
Болбойсуң эч – эч кимге тең.
Ражапова Акылай:
Элиңди чындап сүйө бил,
Эл үчүн оттой күйө бил.
Ата-Журт уулу дегенди,
Акылга дайым түйө жүр.
Тагайбеков Бекчоро :
Учу-кыйры кең мекен,
Алдейлеген энем сен.
Бүт дүйнөнү кыдырсам да,
Таба албаймын сага тең.
Акмырзаев Азимбек:
Жатка ыраа көрбөймүн,
Көз артканга бербеймин.
Зордукчуга тарттырбай,
Жергем сени жердеймин.
Асилбекова Таңбийке:
Элим жерим карааныңдан кагылам,
Эки ай катар көрбөй калсам сагынам.
Ата-энем жашап өткөн алтын жер,
Айтсам чынын артык көрөм жаныман.
Маматкаримова Айганыш:
Айланайын элим-жерим берекем,
Айланайын ак сүт берген энекем.
Элим-жерим, энем, атам кечирчи,
Эмгегим аз, менде акыңар көп экен.
Жакышова Жумайым:
Окуйлу балдар тырышып,
Жеңишке жеңиш улансын.
Азамат деп балдарым,
Замана бизгекубансын.
4. Жаңы теманы бышыктоо:
Биз канткенде мекенчил боло алабыз?,- деген суроолорго жооп берүүбүз абзел. Ар бир окуучуга тамга берилет, берилген тамга менен башталган мыкты сапаттарды айтышат. Ал төмөнкү тамгалар болот:
А Б С А М А Т М А С А Л И Е В
Ушул сапаттар менен биз Абсамат Масалиевдей мекенчил болууга жетише алабыз. Ошондуктан балдар ар бирибиз мекенчил болууга умтулалы. Ал үчүн азыр биз жакшы окуп, биримдикте, ынтымакта болуу менен эмгекчил болушубуз абзел. Ар бириңерден ушул мыкты сапаттардын болуусун каалап кетемин.
5. Үйгө тапшырма: Мен канткенде Масалиевдей мекенчил боло аламын?,-деген темада дил баян жазып келүү.
6. Сабакты жыйынтыктоо: Кыргызстан жөнүндө обондуу ыр ырдоо менен сабак жыйынтыкталат. Активдүү катышкан окуучулардын аттары аталат.

Самарбүбү РАИМОВА,
Т. Мавлянов атындагы №11 жалпы
орто билим берүүчү мектебинин
информатика мугалими,
Аксы району.