Домой Чыгармачыл дүйнө Ачыдан чыккан алп акынды эскерүү

Ачыдан чыккан алп акынды эскерүү

29

Сузактын Ачы айылында өлкөгө таанымал маданият чеберлеринин катышуусунда, ушул жерде 1884-жылы төрөлүп-өсүп, кезегинде даанышман төкмө акын болгон Барпы Алыкуловду эскерүү иш чарасы болуп өттү. Адегенде бир гана сүйүү, махабат ырлары гана эмес, өмүр, жаштык, табият, жер-суу, эл-жер тууралуу да не бир эсте калаарлык дастандарды жараткан Барпы акындын Ачы өрөөнүндөгү үй-музейинде анын арбагына багышталып, куран окулду. Апыздын өлөң-ырлары таланттуу шайырлардын аткаруусунда “ЭлТР” телеканалына тартылып алынып, ободон көрсөтүлдү.
Бул ыр майрамды Барпынын айылдашы, Т. Тыныбеков атындагы областтык филармониянын ырчысы жана “маданияттын мыктысы”, төкмө акын Абдыкайым Ашымбаев уюштурду. Ыр майрамга атактуу ырчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Шахра Талипова, Ош областынан “кыргыз өнөрүнүн генералы” атка конгон Кыргыз Республикасынын эл артисти, обончу Жолболду Алыбаев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Абдывали Акимбеков, алыскы Кадамжай районунан келген Мамытбек Мамажанов (ыраматылык обончу Жолдошбек Мамажановдун кара чечекей бир тууган иниси), обончу-композитор, “маданияттын мыктысы” Аскарали Касымов, карыя ырчы Садык Рустамов жана башкалар К. Осмонов атындагы негизги мектептин короосуна чогулган бир өрөөндүн элине өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Барпы апыздын жашап өткөн, калың бактуу жерине Эл артисти Ш. Талипова да суктанды. Ал акындын булагы мөлтүрөп аккан капчыгайдагы үй-жайын ар кимдерден угуп, тамшанып жүргөнүн жашырган жок. Ш. Талипованын эскермеси боюнча Барпынын ырлары эмдигиче жашоодо, анткени ал – элибиздин сыймыгы, жөлөнөөр тоосу.
-Барпы атабыздын ырлары кылымдарга улана берсин! Не бир сонун ашыктык ырлары толтура. Мага да жакты. “Алты жашар баладай, койнума алып жатамын” деген саптарынын таасири эле канчалык,- деген пикирин билдирди эл ырчысы Ш. Талипова.
Ачы өрөөнүндө Барпы акынды көзү тирүү чагында көргөндөр бар. Алардын бири он баланы өстүрүп, тарбиялап чоңойткон Жусупбек аксакал. Жусупбек карыя өзү он үч-он төрт жашында Барпы апызды көргөн экен.
-Бекмат деген досу болоор эле. Ал Барпыны кээде атка, кээде эшекке мингизип, бирерде жөө ээрчитип жүрүшчү. Той-ашка чогуу баргандарын көргөм,- деп эскерди Жусупбек аксакал.
Ак сакалы жайкалган Садык Рустамов келиштире кооз сүйлөйт. Батаны да ыр менен берет. Ал Барпыны 1947-жылы Түмөнбай Байзаковдун үйүнөн учуратыптыр. Беш-Мойнок айылында жашаган Садык карыя апыздын он чакты ырын акындын өзүндөй кылып, жатка айтат. Тилекке каршы ал билген ырлар Барпынын бир да китебине кирбей, кагаз бетине да түшүрүлгөн эмес:
— Байзаковдун үйүндө селкинчек тээп, ойноп жатканбыз. Анын Гүлайым аттуу аялы бака терекке салынган селкинчекти тээп жатып, жыгылып, эси ооду. Түмөнбайдын атасы башкалар да ойноп, жыгылбасын дедиби, селкинчектин жибин кыркып салды. Ошо кезде бир кыз Барпы минген кара эшекти жетелеп келди. Барпы апыз ал жерде эки сааттай ырдады. Биз да анын ырын ырдасак экен деп, тамшанып жүрдүк. Мен айтып жүргөн Барпынын ырларын ким жазып алат, билбейм эми, — деп кеп кезегин бүтүрдү С. Рустамов.
Жалал-Абаддагы Б. Алыкулов атындагы маданият техникумунун окутуучусу, обончу-композитор Аскаралы Касымовдун атасы окуучу маалында,1935-жылы Барпы менен учурашкан. Аскаралынын атасы Түмөнбай Байзаков менен кезектешип, чырактын жарыгында апыздын ырларын он эки барактык дептердин эки бетине толтуруп, 60-70 чакты ырын кайталап, айттырып жаздырып алышкан. Ырларын улам кайталаттырып, айттырганда да Барпы акын жаңылбастан ырдап берген тура.
-Кудай берген талант тура,- деп эскерди А. Касымов. -Ушундай күздүн күндөрү бутун сандалга сунуп олтуруп, ырдаганда көкүрөгүндөгү үрү бирде барсайып чоңоюп, бирде кичирейип турчу экен. Адабий сынчы Кадыркул Даутовдун 1994-жылы “Барпы акындын чыгармалары Маркайдын оозундай али ачыла элек. Аны изилдей турган иши көп. Барпы апыз 22 аялга аргасыздыктан үйлөнгөн. Муну туура түшүнүп, башкача көз менен карабаш керек. «Сүйүү – Барпынын жалындаган ички кумары менен тереңге да, бийиктикке да эркин чабыттап, көңүл черин каалаганча жазып, бар акындык дараметин шагыратып төгүп ырдаган ыры. Акын махабатты канчалык эргүү менен ырдаган сайын, махабат да аны башка ырлардан ошончолук бөлүп, бийиктете берет”,- деп айтып, жазганы эсимде.
А. Касымов Барпынын ырларын музыкалаштырып келүүдө. Ал апыздын терең мазмундуу “Дүнүйө” деген ырын өзү жараткан обонунун коштоосунда аткарып берди. Барпы Алыкуловдун ырларын азыркы кезде төкмө акындар Ж. Алыбаев, А. Ашымбаев, А. Акимбеков, А. Касымов, С. Рустамов, Ч. Кочкорбаев, А. Маратов, Р. Аманова жана башкалар аткарса, мурда А. Айталиев, Т. Абдиев, Т. Сатыбалдиев өңдүү эл шайырлары ырдашкан. Барпы акынды сыйлап, Токтогул ат мингизген. Анын өнөрүн Токтогул менен кошо Жеңижок да баалаган.
Ал сүйүү ырларын жаратуу үчүн чыгармачылык булак катары оозеки элдик сүйүү ырларына кайрылган. Барпынын махабатты даңктаган «Гүл кыздар», «Мөлмөлүм», «Мырзайым», «Лөлүкан», «Буракжан», «Гөзал кыз», «Кара көз», «Ак дилбар», «Тартип», «Дилбарым», «Өзгөчөм», «Алтын», «Ак жылдыз» сыяктуу ырлары кеңири тараган. Ал тууралуу Б. Сарногоев:
Кыргыздан чыккан Барпы ырчы,
Кыйланы жеңген алп ырчы,- десе,
Осмонкул:
Жарышка түшсө жел менен,
Жаактуу пенде жеңбеген,- дейт.
Жеңижок:
Кыйындыкты тез билген,
Кысталышта сөз билген.
Ак таңдай асыл акындан,
Калышпайсың Барпы ырчы.
Ар дайым болсун оюңда,
Акындык салтың оңунда.
Aрыштайсың, Барпы ырчы»,- десе,
Т. Шабданбаев:
Сокур да болсо, сөзү бар,
Сөздөрүнүн көзү бар,- деп айткан эмеспи.

Ырысбай АБДЫРАИМОВ,
Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.