Сабактын максаты:
• Окуучулар “Айбанаттардын талашы” жомогун угуп, мазмуну менен таанышышат.
• Окуучулардын таанып билүүчүлүк жөндөмдүүлүктөрү артат, сөз байлыгын өстүрөт.
• Бирин-бири сыйлоого, урматтоого, ынтымактуу болууга тарбияланышат.
Көрсөткүчтөр: Сабак максатына жетет, эгерде:
• Окуучулар “Айбанаттардын талашы” жомогун угуп, мазмуну менен таанышса;
• Таанып-билүүчүлүк жөндөмдүүлүктөрүн арттырса, сөз байлыгын өстүрсө;
• Бирин-бири сыйлай, урматтай билсе, ынтымактуу болууга тарбияланса…
Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү
Сабактын усулу: Топто иштөө
Сабактын жабдылышы: Техникалык каражаттар, сүрөттөр, видео роликтер
Мугалимдин иш аракети:
Саламдашуу учуру;
Күндө келем силерге,
Татыктуу билим алсын деп.
Маанайыңар эгер жок болсо,
Жол издейм күлүп алсын деп.
-Саламатсыңарбы, балдар?
Окуучунун иш аракети:
Саламдашат
Биз да келдик эртелеп,
Сөз туурап биз да эжелеп
Алабыз деп жаңылык
Шай болуп келдик эртелеп.
-Саламатсызбы, эжеке!
Жагымдуу маанай түзүү:
Ар бир окуучу өз ысымдарынын баш тамгасынан бири-бирине тилек каалашат.
Окуучулардын иш аракети:
1-окуучу: Менин Бегимай мен силерге боорукерликти каалайм.
2-окуучу: Менин атым Жумадил мен силерге жылуулукту каалайм.
3-окуучу: Менин атым Бектен мен силерге бекем ден соолукту каалайм.
4-окуучу: Менин атым Аруузат мен силерге аруулукту каалайм.
Алтын эрежени кабыл алуу:
• Сабакта активдүү болобуз;
• Кол көтөрүп жооп беребиз;
• Убакытты туура пайдаланабыз;
• Мугалимдин сөзүн угабыз.
Үй тапшырманы суроо:
-Балдар, үйгө эмне тапшырма берилген. Жаттаган ырлардан көркөм айтып бергиле.
Окуучулардын иш-аракети:
“Жирафтын жалкоо балдары”, “Маймылча”, “Бөрсө” деген ырлардан жатка айтуу
Жаңы темага өбөлгө түзүү.
-Келгиле, балдар, экранга көңүл буралы. Балдар, экрандан кандай жаныбарларды көрдүк?
Окуучулардын иш аракети:
Экрандагы слайдды көрүп суроолорго жооп беришет.
1-окуучу: Үй жана жапайы жаныбарлардын, ошондой эле суу жаныбарын көрүп турабыз.
Топторго бөлүштүрүү.
Демек, балдар, бул жаныбарларды жалпысынан айбанаттар дейбиз. Азыр “Айбанаттардын талашы” деген элдик жомокту өтөбүз. Эмесе, балдар, биз бүгүнкү сабагыбызга чоң энени чакырабыз.
-Балдар үйдө чоң энелерибиз жомок окуп береби? Анда эмесе бүгүнкү жомокту чоң энебиз окуп берет.
-Балдар, силерге жомок жактыбы?
-Балдар, куру эле мактанып талаша берген да туура бекен?
— Балдар айбанаттар жөнүндө кандай макалдарды билесиңер?
Окуучулардын иш аракети:
Сабактын темасы менен таанышышат. Чоң эненин жомогун угуп талкуулашат.
— Эми, балдар, биз топтордо иштейбиз:1-топ Синквейин түзөт. 2-топ Венндин диаграммасын толтурушат.
Эми, балдар, биз өтүлгөн тема боюнча алган билимдерибизди бышыктайбыз.
-Келгиле, балдар, бул жерден өзүңөргө жаккан тегерекчелерди тандап алгыла.
— Ички айлана – теманын негизинде бири-бирине суроо берип жооп алышат.
— Сырткы айланадагы окуучулар байкоочулар болушат.
Окуучулардын иш аракети:
1-топ синквейн түзүшөт.
1. Ат
2. Күлүк жорго.
3. Жүгүрөт, басат, иштейт.
4. Ат сыйлаган жөө баспайт.
5. Тулпар.
2-топ Жапайы жаныбарлар Венндин диаграммасын түзүшөт.
Коён, жолборс
Ички айлана
1. Жумадил. Мен суроомду Бектенге бергим келип жатат. Адам ата жыл эсебин алуу үчүн жаныбарларга кандай шарт коюптур?
2. Бектендин жообу: Ким таң эрте уктабай күндүн нурун биринчи көрсө, ошол жаныбар жылдын башы аталат.
3. Бектен мен суроомду Айнускага бергим келип жатат. Кайсы жаныбарлар жыл башы болуу үчүн өз ара талашат экен?
4. Айнусканын жообу: Алар төө, уй, жолборс, коён, балык, жылан, жылкы, кой, маймыл, тоок, ит, кара кийик.
5. Айнуска суроомду Аруузатка бергим келип жатат. Чычкан кантип жыл башы болуп калыптыр?
6. Аруузаттын жообу: Күндүн нурун мен биринчи көрдүм деп чыйылдаган чычкандын үнү угулат деп жооп берди.
Сырткы айлана
1. Амирдин суроосу: Мен суроомду Жумайымга бергим келип жатат. Эмне үчүн төө эң чоң жаныбар болгонуна карабастан бир да жыл тийбей калыптыр?
2. Жумайымдын жообу: Күн чыгар кезде көзү илинип уктап кеткенин билбей калат да жыл башы боло албай калат.
Үй тапшырма: Өтүлгөн тема боюнча чыгарманын картасын түзүп келүү.
Баалоо: Өзүн-өзү баалоо баракчасы менен жыйынтык чыгарылат.
Окуучулардын иш аракети: Баалоо карточкасына бааларын коюшат.
Гүлзада БАЙСАЛОВА,
№3 А. Молдокеев орто мектебинин
башталгыч класс мугалими,
Аксы району.