Домой Агартуу айдыңында Айлананын узундугу. Тегеректин аянты. (Математика, 6-класс)

Айлананын узундугу. Тегеректин аянты. (Математика, 6-класс)

324

Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк. Айлана жана тегерек жөнүндө түшүнүк алышат
Өнүктүрүүчүлүк. Формулаларды колдонуп, өз алдынча айлананын узундугун, тегеректин аянтын табууну билишет.
Тарбия берүүчүлүк. Жоопкерчиликтүүлүккө, тырышчаактыкка, топтордо өз оюн эркин айтууга тарбияланышат.
Күтүлүүчү натыйжа:
Билим берүүчүлүк. Айлана жана тегерек жөнүндө түшүнүк алышат
Өнүктүрүүчүлүк. Формулаларды колдонуп, өз алдынча айлананын узундугун, тегеректин аянтын табууну билишет.
Тарбия берүүчүлүк. Жоопкерчиликтүүлүккө, тырышчаактыкка, топтордо өз оюн эркин айтууга тарбияланышат.
Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү
Сабактын усулу: Интерактивдүү
Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, циркуль, проектор , быйтыкчалар , фигуралар, сүрөттөр ж.б.
Уюштуруу:
1) Жоктоо
2) Класстын тазалыгын кароо
— Быйылкы жыл биздин райондо кандай жыл деп жарыяланды?
Топторго бөлүү:
Ички айлана
Сырткы айлана
«Сократтын семинары» стратегиясы
Байкоочулар
Талкуулоого катышкан окуучулар
«Сократтын семинары» стратегиясы байыркы грек философу Сократ өзүнүн окуучулары менен колдонгон методиканын негизинде иштелип чыккан окутуу стратегиясы. Ал ыкма «сократтык семинар», «сократтык маектешүү» , «эвристикалык сүйлөшүү» катары дагы белгилүү .
Жагымдуу маанай:
Бир орундуу сан ойлон;
Ага андан кийинки санды кош;
Келип чыккан санга 9ду кош;
Келип чыккан санды 2ге бөл;
Келип чыккан сандан биринчи ойлогон санды кемит;
Канча чыкты?

Алтын эреже.
Үй тапшырмасын текшерүү:
«Мурдагы билимдерди кайталоо – жаңы билимдерге жол ачат». Н. Лейбниц.
1,6: 0,2- 3,4*10 = 46
2,3 + 0,7- 2 ¾*8 =2
Жаңы темага өбөлгө түзүү.
Тегерек деген эмне? Айлана деген эмне?
О – айлананын борбору,
ОА, ОС, ОД – радиустары,
СД – диаметри
Айлана тегерек турмушта:
Айлананын узундугу
Аныктама: Айлананын узундугу деп , турактуу сандын айлананын диаметрине болгон көбөйтүндүсү аталат.

π саны – 3,14
π санынын келип чыгуусугректин «периферия» деген сөзүнүн баш тамгасынан алынган . Ал сөз «айлана» дегенди билдирет. Л. Эйлер 17-кылымда киргизген. πсанынынатайынкүнүдагы бар.
Ал 14-мартта өткөрүлөт. Америкалык форматта (айы, күнү) 3,14 деп белгиленет.
π саны турмушта: Сиэтлдеги сүрөт музейинин алдындагы тепкичке π эстелиги орнотулган.
Тегеректин аянты
Турактуу сандын тегеректин радиусунун квадратына болгон көбөйтүндүсү тегеректин аянты деп аталат.
Тегеректин аянты – S=πr²
Мында, S — тегеректин аянты
π≈3,14 барабар
r- тегеректин радиусу

Физ. минутка.
Китеп менен иштөө.

Сырткы айлана. Ички айлана
R=5 смR=3,5см
С= 2∙ 3,14∙5= 31,4 (см)С= 3,14 · 2·3,5 = 21,98 (см)
d = 2 мd=6,1м
С= 3,14 ∙2 = 6,28 (м)С= 3,14 · 6,1 = 19,154 (м)
R=4мR=5м
S= 3,14·4^2=50),24(м)²S=3,14∙5²=78,5(м)²

Жыйынтыктоо :
Бүгүнкү сабак силерге эмнеси менен кызыктуу болду?
2. Сабакта кандай жаңы маалымат алдыңар?
3. Турмушта айлананын узундугун, тегеректин аянтын кантип табасынар?
Үйгө тапшырма: №409 . №410.
Баалоо: Бири-бирин баалоо
Гүлипа НАДЫРБЕКОВА,
№42 Т. Сатылганов орто мектебинин
математика мугалими.