Сабактын максаты:
•Билим берүүчүлүк: Айлануу телолору жөнүндө түшүнүк алышат;
•Өнүктүрүүчүлүк: Айлануу телолорун айырмалай алышат, турмуштан мисал келтиришет жана мисалдарды чыгарышат;
•Тарбиялык: Бири-бирин сыйлоого, мугалимдин сөзүн угууга , сабакта алтын эрежени сактоого калыптанышат;
Көрсөткүчтөр:
•Билим берүүчүлүк: Айлануу телолору жөнүндө түшүнүк алышса;
•Өнүктүрүүчүлүк: Айлануу телолорун айырмалай алышат, турмуштан мисал келтиришсе жана мисалдарды чыгарышса;
•Тарбиялык: Бири-бирин сыйлоого, мугалимдин сөзүн угууга , сабакта алтын эрежени сактоого калыптанышса;
Сабактын тиби: Жаңы теманы түшүндүрүү
Сабактын формасы: Аралаш
Сабактын ыкмасы: Интерактивдүү
Сабактын жабдылышы: Геометриялык фигуралар, проектор, сүрөттөр, плакаттар ж. б.
Сабактын жүрүшү:
Мугалимдин иш аракети:
Саламдашуу, жагымдуу маанай түзүү.
1-топ – “Биримдик”
2-топ – “Ынтымак”
3-топ – “Достук”
Окуучунун иш аракети :
Саламдашат, бири-бирине жагымдуу сөздөрдү айтышат.
Үй тапшырмасы
«Ыр кесе» ыкмасы менен суралат.
Мугалимдин иш-аракети.
Мугалим үй тапшырмасына суроо түзүп, карточкага жазып , окуучуларга таратып чыгат. биринчи карточкага жооп берүүчү окуучуну өзү тандап сурайт.
Окуучунун иш-аракети
Жооп берген окуучу кийинки суроого жооп бере турган окуучу өзү тандап чакырат. Улам бирин -бири ыр кесе түрүндө чакырып жооп беришет.
Жаңы темага өбөлгө.
Мугалимдин иш-аракети суроолорду берет.
•Тик бурч деп эмнени айтабыз?
•Тик бурчтук деп кандай фигураны айтабыз?
•Кандай уч бурчтук тик бурчтуу үч бурчтук боло алат?
Окуучунун иш аракети: Суроолорго жупта иштеп жооп беришет.
Жаңы тема: Айлануу телолору.
Эгерде кандайдыр бир жалпак фигураны анын тегиздикте жаткан l огунун айланасында айландырсак, анда мейкиндикте айлануу телосу пайда болот. Айлануу телолорунун айрымдарына токтолобуз.
Тик бурчтукту анын бир жагынын айланасында айландыруудан пайда болгон тело цилиндр деп аталат. Грек тилинен которгондо “айландыруу” дегенди түшүндүрөт.
DC – цилиндрдин огу жана бийиктиги
AB – цилиндрдин түзүүчүсү
DA,CD – кесиндилери l туз сызыгынын айланасында айландыруудан 2 параллель жана барабар эки тегиздик сызат. Ал тегеректер цилиндрдин негиздери.
Негиздери тегеректи түзөт
CD=DA – радиусу
C,D – чекиттери негиздеринин борбору.
Бышыктоо: Ротация ыкмасы
Мугалимдин иш-аракети:
Мында окуучулар 3 топко бөлүнүп, топторго айлануу телолорунун сүрөттөрү түшүрүлгөн плакаттар берилет жана ар бир 3 мүнөттө “Ротация” деп команда берет. Плакаттарда айлануу телолорунун чиймелери чийилген жана плакат 4кө бөлүнгөн. 1-бөлүгүндө айлануу телосунун чиймеси бар. 2-бөлүгүндө анын аталышын жазышат. 3-бөлүгүндө негизги түшүнүктөрдү жазышат. 4-бөлүгүндө мисалдарды келтиришет.
Окуучунун иш-аракети:
Окуучулар плакаттагы тапшырмаларды аткарып башташат 3мүнөттөн кийин мугалим тарабынан ротация буйругу берилгенден соң топтор плакаттарын алмашат. Ошентип улам 3 мүнөттө плакаттар топтор арасында айланат. Бир айлануу бүткөндөн кийин плакаттар доскага илинип ар бир топ өздөрү жазган жоопторду коргошот, талкуулашат.
Жыйынтыктоо. «Т» схемасы
Мугалимдин иш-аракети:
Сабакты жыйынтыктап жатканда мугалим доскага «Т » тамгасын жазып эки тарабына «Мен билет элем» «Мен билдим» деген сөздөрдү жазып, окуучулардан бирден кол көтөрүп ушул сабакка чейин билгендерин «Мен билет элем» деген сөздүн астына, ушул сабактан үйрөнгөндөрүн «Мен билдим» деген сөздүн алдына жазууну сунуштайт.
Окуучунун иш-аракети:
Окуучулар өз ойлорун баяндап жазышат
Үй тапшырмасы: Айлануу телолорунун макетин жасоо
Баалоо: Окуучулар берген жоопторуна карата суммативдик баалоонун негизинде бааланат.
ТОКТОНАЗАРОВА ГҮЛБАРА РАСУЛОВНА,
N34 Н. И. Мешков орто мектебинин математика мугалими, Аксы району.