Домой Агартуу айдыңында Ак-Дөбөлүк аракетчил айым

Ак-Дөбөлүк аракетчил айым

24

Күлүмбү Сапаралиева Жалал-Абад областынын Аксы районуна караштуу Ак-Дөбө айылынын тургуну. Кесиби – китепканачы. Мектепте иштөө менен бирге өз билимин өркүндөтүүнүн үстүндө да талыкпай иштеп келет. Балдардын сүйүктүү эжекеси, ар бир окуучуга көңүл буруп, китепканага келген балдардын издеген китептерин таап берип жөнөтөт.
Иштей турган акылды,
Курчутуп тургун ар дайым.
Өгөө болот бул учун,
Китеп аттуу жан курбуң.
Күлүмбү Сапаралиева Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Падыша-Ата айылында туулган. Токмок шаарындагы маданий агартуу техникумун аяктагандан кийин, эң алгач Жоробеков мектебинде китепканачы болуп иштеген. Азыркы учурда №6 Н. Мамбетов мектебинде талыкпай иштеп келе жатат. Мектепте кандай иш чара өтпөсүн, мугалимдерге керектүү материалдарды, китептерди, макалаларды таап бергенге аракеттенет.
Китепканадан ар дайым окуучуларды көрөбүз, айрыкча 4 – 7-класстын окуучуларын жолуктурасың. Алар чурулдашып көбүнчө энциклопедия, адабий, тарыхый же жомок китептерди тандап алышат Ошондой эле биздин мектепте демөөрчүлөр алып берген «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторунун томдорунун бардыгы бар. Окуучулар жыл сайын райондо өткөрүлгөн «Манас таануу» конкурсуна катышат. Ошол конкурста өткөн жылы Кадыркулова Розахан кыргыз тили мугалими даярдаган окуучулар областтан байгелүү орунду ээлеп, Ардак грамота жана башка кызыктыруучу байгелерди алууга жетишти. Бул китептерди Күлүмбү эже абдан бапестеп, балдарга бергенде, этияттап окуусун эскертип турат.
Күлүмбү эженин үй-бүлөсү жөнүндө сөз кыла турган болсок, мээримдүү эне, өмүрлүк жары экөө беш баланы эрезеге жеткирди. Учурда төрт кызы бир уулу үй-бүлөлүү, таене да, чоң эне да болуп, балдардын төрүндө. Балдарым жакшы өссө дейт ар бир адам,
Балдардын жакшылыгын көрүп жалаң.
Уул үйлөп, куда күтүп, кыз чыгарып,
Туугандар жүрөлүчү эсен-аман,- деген тилеги келип, балдарынын маңдайында .
Биздин мектепте иштегенине 40 жылдан ашып калды. Жакшы иштеп, ишиндеги жетишкендиктери учун мектеп дирекциясынын, райондук элге билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталарын жана эки жолу областтык билим берүү башкармалыгынын Ардак грамотасы менен сыйланган. 2001-жылы “Эл агартуунун отличниги” наамын алган.
Ал эми китепкана жөнүндө сөз кылсак, китепканадагы китептер оз тармактары боюнча бөлүнүп, иреттүү коюлган, келген окуучу да мугалим да өзүнө керектүү китепти тез таба алат. Картотекалар түзүлүп, окуучулар менен иш алып баруу жакшы жолго коюлган. Жашоодо жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдөн улам, информация алуунун жаңы булактары чыкты, китепке болгон мамиле да башка нукка бурулгандай болсо да, жаш жеткинчектердин арасында китепти барктаган, изденген окуучулардын бар экендиги кубандырат. Ошондой эле окуучулар «Классташ» газетасына өздөрү тарткан сүрөттөрдү, жазган ырларын, кроссворддорду жөнөткөнгө ушул китепканачы эжеке көмөктөшөт. Анда эмесе окуучулардын Күлүмбү эжекеге арнаган ырын окуп көрөлү:
Китепканачы Күлүмбү эже,
Китепке өзгөчө көңүл бурган эже.
Китепти жоготуп кээде бушайман кылабыз,
Анда да бизди кечирип койгон ак көңүл эже.

Күлүмбү эже коп кайгырбай жүрүңүз,
Көп жашап көп-көп омур сүрүңүз.
Калоом сизге – бүт өмүрдө жакшылык,
Ден соолукта эч оорубай жүрүңүз.

Ар окуучум жетик билим алса дейт,
Билим менен аалам кырын чалса дейт.
Көптөн күткөн максатына жетсе дейт,
Өз заманын барктап сыйлап өтсө дейт.
Келечектин ээлери болгон уул-кыздарыбыздын акылдан азбаган, адептүү, ак көңүл, билимдүү, гумандуу, эрктүү, эл жерине күйгөн намыстуу инсан болушуна Күлүмбү эжекенин зор салымы бар. Баары эле бала кезден мектепке барып, ошол жерден таалим тарбия алышат. Алгачкы тамгаларды, китеп аркылуу таанып билишет. Китептен балдар тамгаларды эле таанып тим болбостон, көп нерселерди да үйрөнүшөт. Алар – жомоктор, уламыш, макал-лакаптар, учкул сөздөр. Жан дүйнөсү таза балдар жомоктогу жаныбарлардын кылыктарын билип, чыгармадагы каармандарды идеал тутушат. Жомоктогу каармандардын сүрөтү ушул окуу залында илинген.
Китепканада окуу залы бар. Ушул жылы Күлүмбү эже «Комуздун тарыхы» жана Ч. Түлөбердиевдин 100 жылдыгына карата «Эрдик эскирбейт» деген темада стенд даярдаган. Ошондой эле китепканада китеп жөнүндө учкул сөздөр илинген:
Китеп – адамды канаттуу кылат. Ф. В. Гладков.
Китептер – акыл-эстин перзенти. Свифт.
Сен китепти ачасың, ал сени ачат. Ч. Айтматов.
Дүйнөдө китептен сүйкүмдүү дос жок. А. Навои.
Ошондой эле китеп жөнүндө кызыктуу фактылар жазылган:
1. Кыргызстандагы эн алгачкы китеп?
2. Дүйнөдөгү эн биринчи китеп?
3. Машинкага жазылган биринчи китеп?
4. Эн оор китеп?
5. Эн кичинекей китеп?
6. Эң узун аудио китеп?
Кыскасы, окуу залында окуучунун көңүлүн бурган даталуу күндөргө карата чыгарылган бурчту ар дайым көрүүгө болот. Ошондой эле класс жетекчилер менен бирдикте конкурс, кечелерди өткөрүп турат. Жыл сайын жогорку класстын окуучулары менен «Бир окуучу – бир китеп» аттуу марафон өткөрүп, мектеп китепканасын толуктоого да аракеттенип келет.
Эмесе, эжекеге ишине ийгилик жана бекем ден соолук каалаймын. Жергебизде тынчтык болсун!
Эн кооз деймин, Кыргызстандын жерлери,
Меймандос салттуу келет элдери.
Мындай жерлер башка жерде табылбас,
Бул да бизге жараткандын бергени.
Дайым таза кыргызымдын тилеги,
Жигиттери тунук акыл жүрөгү.
Кыргызстан өнүгүүгө багыт ал,
Эч түшпөсүн, кызыл туусу, желеги!

Жумагүл АРСТАНОВА,
№6 Н.Мамбетов мектебинин биология мугалими,
Аксы району.