Домой Усул каана Ак калпак – кыргыз сыймыгы

Ак калпак – кыргыз сыймыгы

9

Сабактын максаты:
• Окуучулар ак калпакты сыйлоону, улуттук салты колдонууну билишет.
• Кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезими калыптанат.
• Ак калпак менен сыймыктанып, патриот болууга тарбияланышат.
Сабактын тиби: Интерактивдүү
Сабактын усулу: Айтып берүү, суроо-жооп
Сабактын жабдылышы: Проектор, интернет булактары, слайддар, карточкалар
Сабактын жүрүшү:
а) Уюштуруу
б) саламдашуу
в) алтын эреже кабыл алуу
Окуучулар: Жакшы маанай тартуулоо максатында окуучулар бири-бирине жагымдуу сөздөрдү айтышат.
Класс топторго бөлүнөт. 1-топ – «Ак калпак», 2-топ – «Ак элечек»
Үй тапшырмасын суроо:
1. «Мекеним Кыргызстан» ырын хор ырдашат.
2. Макал айтуу.
Жаңы тема: Сабактын темасын, максатын айтып, түшүндүрүү стратегиясы менен баштоо. Слайддар көрсөтүлөт.
Мугалимдин сөзү:
Балдарга куп жарашкан,
Кызыгып баары карашкан.
Ак мөңгүлүү тоого окшош,
Ал эмне? Билсең айт.
Илгертеден кыргыз мырзалары калпакты шаан-шөкөттөрдө көрк катары кийсе, душман менен жоого чыкканда сүр тутуп кийишкен. Калпактын жаралуу мезгили кыргыз эли эл болуп түзүлгөн жылдарга барып такалат. Бүгүнкү күндө дагы деле ак калпактын улуулугу кур эмес. Өлкөбүздө 2011-жылдан бери маданият кызматкери Рысбек Жабировдун демилгеси менен «Ак калпак күнү» белгиленип келе жатат. Ал күнү бүткүл кыргыз элинин эркек аттуулары ак калпак кийишип майрамдашат.
Кыргыздын улуттук баш кийими ысыкта күндөн, кышында ызгаардуу сууктан сактайт.
Калпак кийген адамдын жүрөгү таза болот, себеби ак калпактын өзгөчө касиети бар.
Калпактын сол жагы шыпырылып жапырылса өтө күчтүү аза күтүүнүн белгиси болгон. Калпактын төбөсүн түшүрүп кийсе, мүңкүрөп калганын жалгыз калганын билдирет.
Ак калпак бири-бирине дал келген 4 талаадан турат. Ал 4 талаа биригип келип ак мөңгүлүү Ала-Тоонун элесин берет. Бул кыргыздардын Ала-Тоонун мекендеген байыркы эл экендигин түшүндүрөт. Төбөсүндөгү 4 кайчылаш сызыгы күндүн аян белгиси. Өмүрдүн, тиричиликтин жана жашоонун белгиси, символу. Төбөсүндөгү топ чачы укум-тукумдан тамыры, терең жайылуунун белгиси. Тынчтыктын жакшы жашоонун белгиси.
Ак калпак 1977-жылы Бүткүл Союздук Эл аралык көргөзмөгө коюлуп, күмүш медалга татыган.
Мугалим айтып берген маалыматтардан карточкалар түзүлөт. Ошол карточкалар менен окуучулар топ боюнча иштешет. Топтор ашыктар менен бааланат.
Сабакты бышыктоо: Окуучулар ак калпак жөнүндө ырларды айтышат.
Ак мөңгүлүү ааламдан тынчтык тилеп,
Ак чокулар заңкайып асман тиреп.
Ала-Тоодой апаппак ак калпакты,
Ак тилектүү ак пейил кыргыз кийет.

Ак калпагы кыргыздын,
Жарчысы болот чындыктын.
Ак калпагы кыргыздын.
Элчиси болот тынчтыктын.

Ак калпак ыйык кыргызда,
Кадырлап жүргүн, баалагын.
Ал кыргыздын тумары,
Башыңдан албай барктагын.

Кериле башка жарашкан,
Суктанып баары карашкан.
Ак калпак калган мураска,
Атабыз айкөл Манастан.

Эркиндик элге жеткени,
Арбыды калпак кийгени.
Ак калпак жагып көп элге,
Аралай берсин дүйнөнү.

Ак калпак кыргыз белгиси,
Ак калпак кийет жалпысы.
Алыстан көзгө элестеп,
Ал ошол тоонун мөңгүсү.
Сабакты жыйынтыктоо:
«Ак калпак» тобу кластер түзөт. «Ак элечек» тобу синквейн түзөт. Карточкалар берилет.
Баалоо: Топтор боюнча жана жекече бааланат
Үйгө тапшырма: Калпактын макетин жасап келүү.
Назгүл КАЛМЫРЗАЕВА,
№6 Н. Мамбетов орто мектебинин
башталгыч класс мугалими,
Аксы району.