Аксы району 2022-жылы бардык көрсөткүчтөр боюнча жакшы натыйжаларды жараткан. Айыл чарба, өнөр жай, кайра иштетүү, экономика, курулуш тармагындагы жетишкендиктер райондук жыйында аталып өттү. бул тууралуу райондун акими замирбек сыдыков биздин суроолорго жооп берүү маалында кабарлады.
-Өткөн жылы райондун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн кыйла жумуш аткарылды, — деп сөзүн улантты Аксы райондук мамлекеттик администрациянын башчысы Замирбек Сыдыков. — Айыл чарбада 7966526,4 миң сомдук продукциялар өндүрүлдү. Азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо үчүн 18796 га айдоо жердин 547 га күздүк кылкандуу дан эгиндери себилген. Андан сырткары 372 га буудай, 307 га арпа, 2601 га жүгөрү, 132 га күрүч, 577 га май өсүмдүктөрү, 275 га пахта, 659 га картошка, 347 га жашылча, 2630 га бахча өсүмдүктөрү жана 397 га көп жылдык чөптөр эгилген болчу. 2022- жылы райондо 2078 гектар кайракы жер бош калса, быйыл бош калган аянт 1872 гектарды түзүп, өткөн жылы бош жер 206 гектарга кыскартылды. Ал буудай, май өсүмдүктөрүн эгүүнүн көбөйгөндүгүнөн болду. Дыйкандарга мамлекеттен 113,7 т жогорку сапаттагы Россия мамлекетинен келген үрөндөр, тагыраагы 66,0 т буудайдын, 37,4 т арпанын, 10,3 т софлордун үрөндөрү таркатылган. Натыйжада 874 га аянттагы буудайдан, 1844 т түшүм жыйналып, түшүмдүүлүк 21,1 ц. түздү. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 7,4 ц. көп. 352 га арпадан 635 т түшүм жыйналып, түшүмдүүлүк 18,0 ц. түздү. Же, өткөн жылга салыштырмалуу 6,4 ц. көп болду.
-Мал чарба, кайра иштетүү тармагында абал кандай?
-Былтыр 43909 баш ийри мүйүздүү мал, 218348 баш кой-эчки, 15995 баш жылкы жана 130298 баш үй канаттуу катталган. Алардан 2022-жылы 10563,0 тонна эт, 45646,0 тонна сүт, 8456,0 миң даана жумуртка жана 362,1 т жүн өндүрүлдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айыл чарба тармагын колдоо боюнча «Айыл чарбасын каржылоо-10» долбоорунун негизинде райондогу 201 субьектке 139790,0 миң сомдук женилдетилген насыя берилди. Анын ичинен мал чарбасында 96 субьект 58750,0 миң сом, талаачылыкта 72 субьект 35350,0 миң, кайра иштетүүдө 39 субьект 45690,0 миң сом алды. Дыйкандарыбыз тамчылатып сугарууну кубатташып, натыйжада 9 система курулуп, иштеп келүүдө. Алардын жалпы аянты 11,95 га. Кош-Дөбө айыл аймагында 4,0 га алма багы, Жерге-Тал айыл аймагында 1,0 га кайналы, Авлетим айыл аймагында 1,0 кайналы, Ак-Суу айыл аймагында 1,0 га алма, шабдалы жана албөлү, Кызыл-Туу айыл аймагында 0,30 га өрүк багы жана Үч-Коргон айыл аймагында 4,65 га жашылча сугарылууда. Жерге-Тал айыл аймагынын Сары-Жайык участкасында 200,0 га жайыт жер трансформация болуп, анын 131,0 га көп жылдык бак өстүрүү үчүн берилген. Учурда Иран мамлекетинен инвестиция тартуу менен ал жердин 10,0 га тамчылатып сугаруу системасы аркылуу 3000 даана бадамдын, 2000 даана кокон гиластин жана 1000 даана өрүктүн көчөттөрү отургузулуп, өстүрүлүп жатат.
Райондо чарбалар аралык каналдар (Итагар, Беш-Батман, ХХ-Партсъезд, ЧНК), 14 даана насостук бекет жана 2 суу скважинасы бар. Ирригацияга жакшы көнүл буруунун натыйжасында 23400,0 миң сом республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Чарбалар аралык каналдардын узундугу 72,7 км. Алардын ичинен 2022-жылдын планына 3,2 км ондоо иштери киргизилип, толук аткарылды. 20,0 км. механикалык жол менен тазаланды.
Үч-Коргон айыл аймагында “Желтийбес-1” насостук бекетинде көп жылдардан бери иштеп, чирип калган, диаметри 630 мм, узундугу 200 м. темир суу түтүктөрү алмаштырылды. Жаңы 2 насостук агрегат орнотулду. Дейрес, Ак-Терек, Кой-Таш насостук бекеттери бирден жаны насостук агрегат менен жабдылып, Дейрес насостук бекетинде узундугу 400 м. “Д-280” мм полиэтилен трубалар алмаштырылды. 14 даана насостук станцияларынын 11, 33 насостук агрегаттарынын бардыгы, суу бөлүмдөрүндөгү 15 гидрокурулма, 16 гидропост капиталдык ондоо-түзөөдөн өткөрүлгөн. Мындан сырткары айыл аймактарындагы узундугу 464,0 км. ички чарбалык каналдардын бардыгы тазаланып, сугат сезонуна даярдалган.
2022-сугат жылына 4 СПА менен 52006,0 миң м3 сууга, акчасы 1300,0 миң сомго келишим түзүлүп, 100,0% аткарылды. 2021-жыл (1008,0 миң сом) менен салыштырмалуу сугат сууга болгон төлөм 292,0 миң сомго көп, же 128,9% түздү.
Райондогу ветеринардык кызматкерлер бодо малдын бруцеллез оорусуна каршы 1955 башты, күйдүргүгө каршы 62454 баш, карасанга каршы 21731 баш, шарпка каршы 72139 баш малды эмдеген. Күйдүргүгө каршы 16705 баш жылкы эмдөө алган. Майда жандыктардын бруцеллез ылаңына каршы 42278 баш, чечек ооруусуна каршы 63702 баш, күйдүргүгө каршы 271276 баш жана кутурмага каршы 14293 баш ит эмделген. 15840 баш жылкы идентификациядан 100,8% өткөрүлгөн.
-Билим берүү жана саламаттыкты сактоо үчүн камкордук көрүлдүбү?
-Ак-Жол айыл аймагында Ташкулов атындагы орто мектептин спорт залынын дубалы бүткөрүлүп, чатыры жабылып, курулушу уланууда.
Кара-Жыгач айыл айыл аймагында Дардак-Дөбө мектебинин имаратынын 1-кабатынын дубалы бүтүп, 2-этажы курулууда. Кош-Дөбө айыл аймагында Ш. Тойматов атындагы мектептин капиталдык оңдоо иштери аяктоодо. Авлетим айыл аймагында Алымкулов атындагы мектептин чатыры жабылган. Кара-Суу айыл аймагындагы Кулназаров атындагы мектебинин чатыры жабылып, шыбалууда. Кашка-Суу айыл аймагында М. Шатманов атындагы мектептин пайдубалы курулууда. Кашка-Суу айыл аймагында Абдрахманов атындагы мектептин пайдубалы бүттү. Үч-Коргон айыл аймагынан Кызыл-Жар айылынын Жар-Башы участкасына мектептин курулуш иши жүргүзүлгөн. Кербендин Жетиген айылында 100 орундуу, Авлетим, Ак-Жол, Жерге-Тал айыл аймагынын, Жылкол айылдарынын ар биринде 50дөн орундуу, Терс айылында 60 орундуу балдар бакчалардын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын административдик имараты 2023-жылдын 1-кварталында ишке берилет. Кара-Жыгач айылында автожолго тротуар жана тосмо курулду. 5 кичи футбол аянтча курулуп, үчөө пайдаланууга берилди, 2 кичи футбол аянтчасынын курулушу жүрүүдө. Жалпы суммасы 9 млн 809 мин сом. Күрөш залы, 4 спорт зал курулуп, пайдаланууга берилмекчи. Сырткы инвестициянын жана демөөрчүлөрдүн эсебинен Тор-Камыш, Кызыл-Капчыгай жана Мукур айылында ФАПтар ишке берилди.
-Салык топтоо канааттандырарлыкпы?
-Өткөн жылы 161888,6 миң сомдук өнөр жай продукциялары өндүрүлдү. Физикалык көлөмдүн индекси 135,0% 2022-жыл ичинде 7607304,6 миң сомдук чекене товар жүгүртүлдү. 1477756,2 миң сомдук акылуу кызмат көрсөтүлдү. Салык жана салык эмес түшүүлөр менен 219759,7 миң сом бюджетке чегерилип, план 100,0% аткарылды.
Жергиликтүү бюджет 164165,7 миң сом, 108,3 пайызга орундатылды. аткарылды. Социалдык камсыздандырууга чегерүүлөр 392538,6 миң сомду түзүп, план тапшырма 110,5% аткарылды. 2023-жылга чейин 429 объектке контролдук кассалык машиналары орнотулган. Үч-Коргон, Жерге-Тал, Жаңы-Жол, Кош-Дөбө, Кашка-Суу айыл аймактарында таза суу долбоорлору ишке ашырылды. Айылдарды таза суу менен камсыздоо 45,0% түзүп, 6,7% га жогорулады. Кербенде 237 000,0 миң сомдук долбоор бүткөрүлүп, ишке берилди. Жерге-Тал айыл аймагында 183 000,0 миң сомдук долбор ишке ашып, Жерге-Тал, Боспиек айылдарына таза суу берилди. Жаңы-Жол айыл аймагында 116 000,0 миң сомдук долбоордун көмөгү менен Жаңы-Жол, Таштак айылдары таза суу менен камсыздалып, курулушу аяктоодо. Кош-Дөбө айылында үч скважина ишке киргизилген. Аксы өнүктүрүү фонду 1000,0 сом менен каржылап, Торук айыл калкы суу менен камсыз болду, Атана айылына 246,0 миң сом жумшалып, ичүүчү суу менен камсыздалган. Сөгөт айылында 540 метр суу түтүктөрү алмаштырылып, таза суу менен камсыздалды. Кызыл-Жарда 8000,0 мин сом жумшалып, 300 кожолукка таза суу берилди.Былтыр капиталдык инвестиция көлөмү 963 173,0 миң сомду түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 107,8 % пайыз болду. “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында 24,74 га 18327 түп көчөт отургузулду. 2023-жылга райондо 6 га жерге 3400 түп көчөт отургузуу планы коюлду.
-Жаңы ишканалар, жол курулдубу?
-Былтыр 129 ишкана ачылып, 745 жаңы жумуш орду түзүлгөн. Анын ичинен 6 мектепке чейинки билим берүү уюмдары ачылып, 98 жумуш орду, 6 муниципалдык ишкана ачылып, 82 жумуш орду пайда болду. Жаңы ачылган 17 өнөр жай ишканасында 69 жумуш орду, кайра иштетүү тармагында 12 ишкана ачылып, 36 жумуш орду, тейлөө тармагында 34 ишкана ачылып, 143 жумуш орду, соода тармагында 42 дүкөн ачылып, 86 жумуш орду жаралды. Ар кандай башка тармактарда 12 ишкана ачылып, 22 жумуш орду түзүлгөн. Курулуштарда жана таза суу чыгаруу иштеринде 209 убактылуу жумуш орду түзүлгөн. Былтыр 116142,2 миң сомдук жол курулуштары аткарылды. Анын ичинде Кара-Жыгач-Сары-Челек автожолунун 19 км калыбына келтирүүгө 800,2 миң сом, 16 км көпүрөнү бузууга 1201,5 миң сом. Райондогу автожолдорго 22, 134 км аралыкка асфальт жаткырылган.
Тагыраагы Кербен –Үч-Коргон ГЭС автожолунун 4,0 км аралыгы үчүн 31601,9 миң, Кара-Жыгач –Сары-Челек автожолунун — 0,750 км аралыгына 4631,5 миң сом жумшалды. Кара-Жыгач –Сыны автожолуна — 2,0 км, Ала-Бука – Кербен – Ташкөмүр автожолуна — 2,220 км, Майли-Сай-Ташкөмүр автожолуна 8,5 км , Жерге-Тал айылында 0,820 км, Кербен шаарынын Айталиев көчөсүнө 0,540 км, Күлүк-Дөбө айылында 0,865 км, Камбаров көчөсүнө 0,650 км, Үч-Коргон айыл аймагында Жийде-Сай көчөсүнө 1,05 км, Алымов көчөсүнө 0,470 км, Кербен шаарынын Кытай -1 көчөсүнө 0,809 км аралыкка асфальт жаткырылган.
-Социалдык-маданий жумуштар менен кабардар бололу?
-Аксыда “Улуу Жибек жолунда, жашыл ааламга саякат-Жалал-Абад-2022” регионалдык форум фестивалы Өзбек өлкөсүнөн келген конокторго кыргыз улутунун каада салтын, улуттук кийимдерин кеңири жайылтуу максатында жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Ак-Суу айыл аймагынын маданият үйүндө айыл өкмөттөрдүн катышуусунда семинар-кеңешме, Ниязалы Борошов атындагы балдар искусство мектебинде “Комуз кайрыктары” деген темада комузчулар арасында иш-чара жана “Комуз-жан дүйнөнүн азыгы” деген темада айыл өкмөттөрүндө да өткөрүлдү. Борборлоштурулган китепканага 20 ноутбук жана компьютер берилди. Китепканадагы китептер электрондук түргө өткөрүлүүдө. “Кыргыз тили-кылым мурасы” деген темада райондук борборлоштурулган китепканада тематикалык кече өттү. Райондук тарыхый -этнографиялык край таануу музейин ачуу иш кагаздары толук бүткөрүлүп, маданият министрлигине жөнөтүлгөн. Экспонаттар толугу менен топтолгон. Музейди ачуу үчүн Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен комиссия келип, ачууга уруксаты берүүсү күтүлүүдө. Жаштар жана электрондук маалымат берүү борборун ачуу боюнча проект өтпөй калган. Себеби, маданият имаратынын документи бүтө элек. Туристтик “Улуу Жибек жолунда: жашыл ааламга саякат-Жалал-Абад-2022” регионалдык форум — фестивалга Өзбекстандан 47 конок чакырылып, облус аймагынан келген коноктор, бей өкмөт уюмдарынын өкүлдөрү болуп, 180 адам катышты. Форум фестивалда Өзбек Республикасынын тур операторлору менен эки тараптуу жана “Сары-Челек Треккинг” туристтик компаниясы 4, “Асман Тревл” компаниясы 6, “Нур» эс алуу жана ден соолукту чындоо борбору 7, жалпы 17 келишим түзүлгөн.
Туристтерге шарт түзүүгө Кашка-Суу айыл аймагынын кире беришине, Падыша-Ата зыярат кылуучу жайына жана Айбек участкасына Евросоюз уюмунан 4000,0 миң сомдук аялдама курулду. GIZ уюму тарабынан Кашка-Суу айыл аймагынын Жайык участкасына боз үйлөр шаарчасы, эко душ, эко ажаткана ишке берилди. Кербен-Кара-Жыгач авто жолунун жана Кербен-Кашка-Суу авто жолунун жээгине QR коду менен туристтик белгилер орнотулду. Районго 2022-жылы 33149 турист келген
-Аксыны кайсы тармак менен өнүктүрсө болот?
-Райондун экономикасын өнүктүрүүгө туризм, мөмө-жемиштерди, бакча өсүмдүктөрүн өстүрүү, ошондой эле кара өрүктү кайра иштетүү, кургатуу түрүндөгү өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы, сандан сапатка анын ичинде асыл тукум мал өстүрүү бөтөнчө орунда. Андан сырткары токой азыктарын иштетүү, жашылча-жемиш өстүрүү да орчундуу маселелерден. Алма, мисте, жаңгак, жер жемиштери, бал өндүрүү, коон-дарбыз, жаратылыштын кооздугу да кошумча кирешелерди берүүчү тармактардан болуп саналат.
Баарлашкан Ырысбай АБДЫРАИМОВ, журналист.