Жигит 14 жашар кызды зордуктап коёт. Ал андан уул төрөйт. Жаза алуудан корккон жигит ага үйлөнөм деп убада берип, бирок кыябын таап, Сауд Аравиясына качып кетет.
Кыздын апасынын айтуусуна караганда 2019-жылы Сузак районунун 18 жаштагы тургуну Р. А. 14 жаштагы кызды дөбөлөрдүн арасына алып барып зордуктап салган. Ошондон кийин кызды бул тууралуу бирөө-жарымга айтсаң, элдин алдында шермендеңди чыгарам деп коркутуп, ошондон кийин мезгил-мезгили менен жыныстык катнашка барып турган. Көп учурда кызды мектептен эле алып кетчү.
15 жашында кош бойлуу болуп…
Кыз боюна бүтүп калгандан кийин иштин баарын апасына айтып берүүгө аргасыз болот. Ал эми Нозимахан (кыздын апасы, аты-жөнү өзгөртүлдү) бул иш боюнча жигитке чалганда, ал орой жооп берип, силер эч нерсени далилдей албайсыңар, колуңардан да эч нерсе келбейт дейт.
Ошондо аял баланын апасына чалат, ал азырынча милицияга кайрылбай тургула деп өтүнүп, баарыбыз биргелешип бул кырдаалдан чыгып кетүүнүн жолун табарбыз дейт. Убакыт өтө берди, бирок баланын ата-энеси ошол боюнча кайра байланышкан жок. Нозимахан аларга кайрадан өзү кайрылат. Нозимахандын айтуусу боюнча, бул жолу баланын апасы каргап-шилеп, оозго алгыс сөздөр менен тилдейт. Аял ошондон кийин гана милицияга кайрылат. Укук коргоо органдарынын кийлигишүүсүнөн кийин, баланын ата-энеси төрөлгөн баланы өзүбүздүкү деп кабыл алабыз, жаштарды үйлөндүрөбүз, ошону менен уяттан да кутулабыз деп ишендире башташат. 2021-жылы 11-октябрда бала төрөлөт. Төрөт үйү бул тууралуу милицияга билдирет, ишти Сузак РИИБинде каттоого алышат.
Балдарды үйлөндүрөбүз деген макулдашуудан кийин кыз (аны менен кошо апасы дагы) мурдагы көрсөтмөлөрүн өзгөртүшүп, тагыраагы, биринчи жолку жыныстык катнаш эки жактын тең макулдугу менен 2021-жылы 10-январда болгон дей башташат. “Үйдө эч ким жок болчу, ошондуктан мен аны үйгө чакырганмын, анан экөөбүз тең кармана албай калдык”,- деп жазган ал өзүнүн түшүнүк катында.
2021-жылдын август айында бала Сауд Аравиясынын Медина шаарына окууга кетет. Ошол жактан ал болбой калган колуктусуна өзү чалып, мен жазадан качыш үчүн убакытты атайылап эле созуп жүргөм, биз экөөбүз эч качан үйлөнбөйбүз, эч кандай той болбойт деп ачык айтат.
Түгөнбөгөн убара
Жалал-Абаддагы «Справедливость» укук коргоо уюмунун адвокаты Элдор Бакировду бул иштеги тергөөчүнүн ролу таң калтырат. Тергөөчү өз машинасы менен (Ким көрүптүр мындайды?) баланын атасын Нозимхандын алдына алып келет, “Мен абдан шашып жатам” жана “Силер болсо иштин баарын макулдашыпсыңар” деген сөздөр менен аялды документтерге таанышпай туруп, кол коюуга мажбур кылат. Ал болсо тосмо арыз жана ишти сотко чейин кыскартуу боюнча тергөөчүнүн токтому сыяктуу документтер болот. Документтердин бардыгы кийинки число менен даярдалган. Аялдын үйүнө баргандыгын тергөөчү өзү ишти сотко чейинки өндүрүштөн кыскартуу боюнча маселеге даттанган арыз каралган учурда сотто ырастады.
Адвокат Э. Бакиров энеси менен кызы түшүнө албаган айрым бир юридикалык илинчектерге көңүл бурууда: “Кыз энесине бала аны 2019-жылдын октябрь айында зордуктаганын, ошондон кийин алар жыныстык катнашка бара башташканын айткан. Үйлөнүү боюнча макулдашуу болгондон кийинки суракта, кыз жыныстык катнаш өз ара макулдашуу менен 1921-жылдын 10-январында болгон дей баштаган. Эгер 2021-жылдын 7-январында кыз 16 жашка толорун эске алсак, анда бул КР КЖКнин 157-статьясынан (эски кодекс боюнча), “8 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган, он алты жашка чыга элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракетке баруу”,- деген жоопкерчиликтен көз көрүнөө качуу болуп саналат”,- дейт адвокат.
Кеч жасалган аракет…
Нозимахон акыл-эсине келип, тергөөчүгө келгенде ал иш кыскартылган, ага сиз өзүңүз кол коюп бергенсиз дейт. Аял Сузак райондук прокуратурасына кайрылат. Прокуратура тергөөчүнүн баш тартуусун мыйзамдуу деп табат. Аялдын мени да кызымды да тергөөчү менен баланын ата-энеси адаштырып, алардын куулугунун курмандыгы болдук дегени көзөмөлдөөчү органды ишендире алган эмес.
Ал эми Сузак райондук соту ишти маңызы боюнча карамак тургай, арыздана турган 10 күндүк мөөнөт эбак өтүп кеткенин эске алып, кароодон толук баш тарткан. Азыр 21 жаштагы Р. А. Сауд Аравиясынан чыгып Россияда беймарал жүрөт, ал эми 17 жаштагы Р. С. колундагы баласы менен жалгыз.
“Мен тергейт элем го, бирок…”
Тергөөчү Нозимаханга эгер булар нике кыйышканда КР КЖКнин 178-статьясы “Диний каадаларды жүргүзүүдө никелик курак жөнүндөгү мыйзамдардын бузулушу” деген берене менен иш козгой алар элем, бирок нике кыйылбаган себептүү, иш кыскартылган. Анын үстүнө иштин негизги катышуучусу Кыргызстандын аймагынан сырткарыда болуп жатат деп түшүндүргөн.
Ал эми адвокат тергөөчү ишти КР КЖКнин 157-статьясынан, “Он алты жашка чыга элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракетке баруу” деген беренеден билип туруп алып чыгып кеткен деп белгилейт. Мындан сырткары тергөөчүнүн өзүнүн аракеттеринде дагы бир катар кемчиликтер бар. “Биринчиден, кыз жашы жете электе төрөп жатат, а тергөөчү болсо эч кандай экспертиза жасаткан эмес. Экинчиден, ал Р. А. Сауд Аравиясына чыгып кеттиби деген суроо менен өлкөнүн чек ара кызматына эмес, ИИМге кайрылган. Ал жерден баланын качан өлкөдөн чыгып кеткенин тактоого болот, ошондо иштин катышуучусу Мединага тергөөгө чейин чыгып кеткенби, же тергөө жүрүп жатканда кеткенби анык болмок.
Сот деле ошол жакта..
Адвокатты Сузак райондук сотунун тергөөчү судьясынын позициясы да таң калтырууда, анткени ал тергөөчүнүн ишиндеги таңылуу көз менен деле көрө турган дал келбестиктерге эч кандай юридикалык баа берген эмес, ага көңүл да бурбаган. «Энеси менен кыздын өзүнөн башка толуп жаткан окуучулар менен тааныштар деле бул ишти абдан жакшы билишет жана Р. А. аны менен 16 жашка чыккандан алда канча мурда эле жыныстык катнашка барып жүргөндүгүн ырасташат”.
Ошентип азыр адвокаттар арыз берүүнүн мөөнөтүн калыбына келтирүүгө аракет кылып жатышат, ушул иштин жыйынтыгына жараша гана негизги иш, зордуктоо боюнча жасала турган андан аркы иштердин тагдыры чечилет.
baian kg.
(Макала «Справедливость» укук коргоо уюмунун материалдарынан которулуп басылды)