Сабактын максаты:
•Билим берүүчүлүк: Окуучулар Алыкул Осмоновдун ырларындагы уйкаштыктар боюнча түшүнүктөрүн тереңдетишет. Акындын тагдыры, турмушу ырларынын жаралышына негиз болгондугун байкашат.
•Өнүктүрүүчүлүк: Акындын поэзиясындагы көркөм чеберчиликти, кыскалык менен тактыкты, конкреттүүлүктү далилдүү мисалдар менен талдоого жетишишет. Лирикаларын көркөм окушат
•Тарбия берүүчүлүк: Акындын лирикалары менен окуучулар патриоттуулукка, намыскөйлүккө тарбияланышат.
Көрсөткүчтөр:
•Окуучулар Алыкул Осмоновдун ырларындагы түшүнүктөрүн тереңдетишсе, акындын тагдыры турмушу ырларынын жаралышына негиз болгондугун байкашса;
•Акындын поэзиясындагы көркөм чеберчиликти, кыскалык менен тактыкты
далилдүү мисалдар менен талдоого жетишишсе, лирикаларын көркөм айта алышса;
•Акындын лирикалары менен окуучулар патриоттуулукка, намыскөйлүккө тарбияланышса.
Сабактын жабдылышы: Акындын портрети, ыр китептери, слайд, сүрөттөр, обондуу ырлары, кластер, буклеттер
Сабактын методу: Интерактивдүү, китеп менен иштөө методдору.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу. Беш мүнөттүк поэзия
Турмуштун ар кыл жагын иликтеген,
Эргүүнү ырларына биликтеген.
Зергер сөз канча кылым өтсө дагы,
Акактай ардактап, эл сүйүп келген.
Ийилип мөлтүрөгүн мөмө шагы,
Жайылып ырларынан мөмө шагы.
Өмүрү өчпөс жылдыз Алыкулду,
Ырахат алып окуйт окурманы.
Мугалим : Балдар, маанайыңар кандай?
Окуучулар: Эң сонун!
Мугалим: Сабакка даярдыгыңар жакшыбы?
Окуучулар: Ооба.
Мугалим: Азаматсыңар! Балдар бүгүн кайсы күн, кайсы жыл?
Окуучулар: 13-декабрь 2022-жыл
Мугалим: Азаматсыңар! Балдар, эл оозунда айтылгандай бүгүнкү күн белек, эртеңки күн сыр, кечеки күн тарых демекчи, кечээ кандай күн эле?
Окуучулар: Улуу залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү, ошондой эле Алыкул Осмоновдун дүйнөдөн кайткан күнү болчу.
Мугалим: Ооба, балдар, кыргыз эли ошол куну залкар акынынан айрылып, улуу жазуучубуз жарык дүйнөгө келген күн эле. Бул күн “Кыргыз улуттук жазуучуларынын күнү” деп да белгиленген, демек, кыргыз адабиятынын күнү десек да болот. Эмесе, сабагыбызды баштардан мурда баарыбыз биргеликте «Алтын эреже» түзүп алалы.
1.Окуучуларга биринчи «А» тамгасын үйрөткөн ким? «Биринчи мугалим»
2.Начар окуган окуучулар үчүн мектеп менен үйүнүн аралыгы канча? «Кылым карытар бир күн»
3.Начар окуган окуучу үчүн 45 минуталык сабак. «Кыямат»
4.Жаман окусаң, эч нерсе билбесең, досторуң, ата-энең, мекен алдындагы «Абийир кечирбейт».
5.Жакшы окуп, билим алып, турмуштун ар кандай оор сыноолоруна биз «Бетме-бет» келишибиз керек
Мугалим: Көрдүңөрбү, балдар, ушул эрежедеги тоскоолдуктарга туруштук берип, сабагыбызды баштайбыз.
Мугалим: Таланты таш жарган акындын кайсы чыгармасын талдап келдиңер?
Окуучулар : «Мен тансам», «Мен кыргыздын акыны»
Мен тансам — жаштан танам, ырдан танбайм,
Ыры жок өмүрүмө канааттанбайм.
Кудайга миң мертебе калп айтсам да,
Ырыма бир мертебе калп айта албайм.
Окуучулар : Көркөм окушат «Өзүмдү-өзүм»,
Жаңы тема: Алыкул Осмоновдун «Пушкинге» аттуу ырындагы ритмика жана уйкаштыктын түрлөрү. Мугалимдин сөзү: Ошентип, балдар өзүңөр билгендей кайталангыс талант, сөз өнөрүн ыйык туткан, «Танса бардыгынан танган, бирок ырдан танбаган, ыры жок өмүрүнө канааттанбаган», жашоо турмушка ыр менен келип, ыр менен кеткен, өмүрү ырга айланган, алп акыныбыз, кыргыз поэзиянын чолпон жылдызы Алыкул Осмоновдун чыгармаларынын алпы болгон «Пушкинге», аттуу ырындагы уйкаштык жана ритмика жөнүндө талдоого көңүл бурабыз. “Алыкулга арналган ар бир сабак ыр менен башталып, ыр менен бүтүүгө тийиш…” деп Бектурсун Алымов агайыбыз айткандай мен да бүгүн Атаканов Узен агайыбыздын калемине таандык “Алыкулга кайрылуу” деген ыры менен баштагым келди. (Ыр көркөм окулат)
Алыкул мүлдө кыргыз Алыкулу,
Алп талант, ыр дүйнөнүн анык кулу.
Аз бирок, саз өмүрдү жашап өткөн,
Адабият айдыңынын акын уулу.
Калемиң сыйкыр беле, жандуу беле,
Кантип сен канаттуу ыр жаздың эле.
Сен тапкан уйкаштыкты таба албай,
Сенделем калем кармап, айтчы неге,- дегендей биз бүгүн акыныбыздын ырларындагы уйкаштыктарды табабыз.
Анда балдар, азыр биз Алыкулдун акындык чеберчилигин ачуу үчүн анын чыгармачылыгындагы жаңычылдыгын көрсөтүү максатында акындын «Пушкинге» деген ырына талдоо жүргүзөлү:
Мугалим: – Ыр жолунун башындагы эки сапты окуйм, силер маанисин табасыңар
Куюн өңдүү боз айланткан алыстан,
Мен жыңайлак бактым менен жарышкам.
-Куюн деген эмне?
Окуучу – чагылгандуу булуттардан пайда болуп, кара булуттар түркүк же тилдин тумшугу сымал төмөн көздөй таралган атмосфералык кубулуш.
-Акындын сүрөттөөсүндөгү куюн кандай куюн?
Окуучу – ырдагы куюн бул алыстан келип, чаңдын ыпыр-сыпырдын баарын көккө көтөрүп чыгып, чимирилип чыгып айланып жөнөгөн табияттын бир күчү.
Мугалим – А ошол куюн эмне менен салыштырылып жатат?
Окуучу – Куюн чаң тополоңду сапырып, алыстан аябай зор ылдамдыкта келсе акындын балалыгы да ошондой бактысы менен жылаңайлак жарышат. Куду куюн өңдөнүп чаң-тополоңдун баарын көккө сапырып чуркайт.
Он үчүмдө ыр көлүнөн суу ичип,
Он бешимде сени менен таанышкам.
Бул саптарда кандай ой жатат?
Окуучу: Бул сапта акын өзү жөнүндө айтып жатат. Ыр көлүнөн суу ичкени – бул поэзия менен тааныша баштаганы. Суу ичүү – бул ыр окуу, ал он үч жашында ыр менен алектенип, он беш жашында Пушкинди окуган.
Кыялы терс бир кез эле ал күнүм,
Анда күчтүү өзүмчүл курч бүтүмүм.
Ар бир кыйын ар бир улуу акындан,
Көңүлүм калып муздаганды сүйчүмүн.
-Балдар, карагылачы, бул саптарда эмне жөнүндө сөз болуп жатканын байкадыңарбы?
-Бул сапта акындын мүнөзүнүн курчтугу, кыялынын терстиги, өзүмчүлдүгү көрүнүп турат.
-Көрдүңөрбү балдар, Пушкинге жолукканга чейин өз жүрөгүнө жакын акынды издеген. Ошондой акынды тапканбы?
Окуучулар: Жок тапкан жок.
Мугалим: Балдар, ырдын өнүгүшүнөн белгилүү болду. Алыкулга жакын, көңүлүн калтырбай, муздатпай жашаган сүрөткер ким экен?
Окуучулар: Пушкин
Мугалим: Ооба, Пушкин ал орус элинин улуу акыны, жазуучу жана драматург да болгон. Акын адегенде Пушкинди башка акындардай эле кабыл алат.
“Мен өзүңдү чөктүрүүнү ойлогом, жарым кашык дарыямдын түбүнө”- деген. Бирок өзү дарыя болсо, ошол дарыя жарым кашык болобу?
Окуучулар: Жок
Мугалим: Бул адабияттагы кандай ыкма дейбиз? Троптун кайсы түрү?
Окуучу: — Литота – кичирейтип көрсөтүү. Алыкул улуу акын менен өзүн салыштыруу үчүн ушундай ыкманы колдонду.
Мугалим: Мына ушинтип келечекте акын болор жаш окурман Пушкинди «жарым кашык дарыянын түбүнө» чөктүрүүнү ойлойт.
Бирок чөкпөй, сен күчүмдү кенебей,
Кантсең дагы калкып чыгам дегендей.
Ошондо эле ызаат кылып баш ийгем,
Бүт өмүрүмө зор жаралган немедей.
Улуу акын жаш окурманынын «күчүн кенебей», жарым кашык дарыясынын үстүнөн калкып чыгам дегендей “солк этпей, былк этпей коёт, ошондо Алыкул Пушкинге баш ийет, багынат, бүт өмүрүнө коштоп жүрөр шам чырак табат”.
Демек, Алыкул он беш жашынан баштап А.С. Пушкинди окутуучусу, жол көрсөткүчү, эң кымбат, баа жеткис адамы катары эсептеген жана кыргыз жаштарын ал кишинин маданиятын, чеберчилигин өздөштүрүүгө чакырган.
Ырдын акыркы куплетин сөздүк дептерге жазып төмөнкүчө талдайбыз:
Сабакты бышыктоо:
1.А. С. Пушкиндин улуулугу кайсыл саптарда кандайча берилген?
2.Пушкин жана Алыкул устат жана шакирт – кыргыз акыны улуу орус акынын алгач кандай кабыл алды?
3. Бул ырдан Алыкул Осмоновдун жеке тагдыры өмүр таржымалы,
мүнөзү, инсандык жүзү жөнүндө эмнени байкадыңар?
4.Пушкин жана Сен. Акындын чыгармачылыгы жеке тагдырыңда кандай роль ойноду? Сен анын кайсыл чыгармаларын жатка
билесиң жана ошол чыгармасы сага кандай ой калтырды? Улуу акын Алыкулдун аты жазылган плакаттар таратылат. Акындын ысымынын ар бир тамгасына анын сапаттарын, ырларынан үзүндүлөрдү чыгармачылык менен жазуу тапшырылат.
Үйгө тапшырма:
«Алыкул Осмонов – кыргыз адабиятынын чолпон жылдызы» деген темада дил баян жазып келүү.
Баа: Формативдик баалоо.
Айнура СУЛАЙМАНОВА,
Р. Солпуев атындагы №60 жалпы орто билим берүүчү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, Аксы району.