Домой Чыгармачыл аалам Ашира Кулишева

Ашира Кулишева

49

* * *
Ызгаар-бубак басат эми чөп-чарды,
Мурункудай шүүдүрүм жок жылтыр нур.
Үмүт менен ишенимди үшүтпөй,
Суранарым, жазга чейин катып тур.

Катарлашып сапар алган куштардын,
Канаттары талыбасын сабалап…
Кандайдыр бир арзуу, сезим издейби,
Каректерим көк асманга кадалат…

Жаңы жарып чыккан күндүн мээримин,
Жазда сезгем – ал жылуулук эсимде!
…Күздө гана жалбырактын түркүн-түс,
Кооздугу көп айтылат кебимде…

Ашира Кулишева