Домой Чыгармачыл аалам АКШда көргөзмөсү коюлган кыргыз сүрөтчүсү тууралуу баян

АКШда көргөзмөсү коюлган кыргыз сүрөтчүсү тууралуу баян

19

… Аскалар да көз жаш төкпөсүн

Жалал-Абад обулустук балдардын көркөм-сүрөт мектебинин мурдагы директору, “Маданияттын мыкты кызматкери” жана эл аралык Г. Айтиев атындагы сыйлыктын лауреаты, “Манас-1000” медалынын ээси   Алмасбек Самидиновдин сүрөт көргөзмөсү өткөн айда АКШда, Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилигинде болуп өттү.  Ал бул көргөзмөгө өзүнүн кыл калеминен жаңыдан жаралган реалисттик төрт эмгегин көрүүчүлөрдүн сынына койгон.

 

Темир мешке кесек менен сүрөт тартканда

 

Ал кезде Алмасбек Самидиновдун мектепке бара элек, беш-алты жашар убагы. Атасы Жалал-Абаддагы зооветтехникумду бүтүрүп, мурдагы Ленин (азыркы Ноокен) районуна караштуу Сакалды, Ноокен, Кочкор-Ата, Каганович (азыркы Момбеков айыл аймагы) айыл-кыштактары боюнча ветеринардык участкада ветеринардык техник – мал доктур болуп иштеп, жогоруда аталган аймактарда жайгашкан колхоздор  менен элдин кой-эчки, бодо мал, жылкыларын мал арасындагы жугуштуу  илдеттерге каршы эмдеп, ооруларын айыктыраар эле. Жыл сайын республикалык “Ала-Тоо” журналы баштаган журнал-гезиттерге жазылып, окуп, китепти да көп окуган билимдүү киши болчу. Алмастын апасы да илимдүү, мугалим болуп иштегендиктен китепти колунан түшүрчү эмес.

Ошондо Алмасбек ойдо жок жерден эле  колуна калем ала койгонун  азыр эстеп, айтып берип атат. Анын эскеришинче “Ала-Тоо” журналынын ичи менен эң аяк жагында актай орун болоор эле. Ал кичинелигине карабай, журналдын ошо актай барактарына энесинин түр калем- карандаштарын ала коюп, калем менен апасынын уй саап атканын, балдардын папке кармап, мектепке баратканын, атасы досторун үйгө ээрчитип келгенин сүрөт кылып тартат. Үйдүн ортосуна коюлган темир мештин капталына, бетине да кесек, бор менен ар кандай сүрөттөрдүн элесин түшүрөт.  Уулунун тарткан сүрөттөрүн көргөн апасы:”Балаң сүрөтчү болот окшойт. Мени кудум өзүмдөй кылып тартыптыр, садагаң болоюн! Уулуңдун тарткан сүрөттөрүн карачы!”- деп, күйөөсүнө сүйүнчүлөйт. Баласынын өнөрүнө, албетте, атасы да кубанды. Алмасбек кийин мал доктур атасынан койду жиликтегенди, койдун баш сөөгүн майдалап-бөлгөндү үйрөндү.Көрсө, Жалал-Абад облусу, же бүтүндөй өлкөбүз гана эмес, көптөгөн чет  мамлекеттердеги көрүүчүлөр тааныган бул — чоң сүрөтчүнүн сүрөтчүлүк шыгы өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынын башталышында эле ойгонгон экен. Алмас анда өзүнүн кийин ким болоорун дегеле билген эмес, ойлобоптур да.

Чоң балдар андан артта калган

-1961-жылы, алты жашымда мектепте окуй баштадым. Мектебибиз сегиз жылдык, аты “Кыла” болчу. Азыркы Момбеков айыл өкмөтүнүн борборунда эле. Кийин Калинин атындагы колхоздун башкармасы, Социалисттик Эмгектин Баатыры Юсупжан Момбековдун жетекчилиги менен  он жылдык мектеп курулду. Ал “Коммунизм”  орто мектеби деп аталды. Ошо мектепте окуп жүрүп, 7-класстагы кезим. Күндөрдүн биринде окууга көңүлүм чаппай, жарым жолдон үйгө кайтып келе бердим. Үйдө атам ылай чылап атыптыр. Мектепте окуу убагы бүтө элегинен шекшиди окшойт. Атам менден:”Сабактан эмнеге эрте келдиң?”- деп сурады. Мен окууну калтырган классташтарымдын атын атап:”Алар мектептен калышты эле, мен да барбадым”- деп чын сүйлөдүм. Жообумду угаар замат атам ишин токтотуп, мектепке чейин чыбык менен уруп, кубалап барды. Ошондон кийин сабакты калтырбай, жакшы окуй турган болдум. Биз менен бирге жашы улуу балдар да окуучу. Боз мурут ал балдар сабакты начар окугандыктан мектепти менден кийин аякташты. 1971-жылы айылдагы “Коммунизм” орто мектебин бүтүрдүм да, ошол эле жылы Жалал-Абад шаарындагы  А. С. Пушкин ( азыркы Б. Осмонов атындагы ЖАМУ) атындагы педагогикалык окуу жайдын көркөм сүрөт бөлүмүнө кирдим. Адегенде экзаменден “кулатып” салышты. Балдар менен базар жакта ойноп жүрсөк, окуу жайга кайра чакыртып алышты:”Келип, окуй бергиле”- дешип. Көрсө, студенттер аз болуп, бөлүмго окуй турган студенттердин саны  толбой калыптыр. Бизге куратор болгон Костромин Николай Викторович агай окутуп, бизди бүтүрттү. Ал бизге натураны жана реалисттик сүрөттөрдү тартууну үйрөттү. Ал эми Азим Төрөбеков агайыбыз живопись сабагынан окутуп, көзүбүздү “ачты”. Ошентип, 1975-жылы педагогикалык окуу жайды аяктап, бирок, ден-соолугума байланыштуу аскерге барбай калдым. ОшМУну кийин окуп, бүтүрдүм — деп жаштыгында болгон окуяларды эскерип жатты, “Маданияттын мыкты кызматкери” жана Социалисттик Эмгектин Баатыры, эл аралык Гапар Айтиев атындагы сыйлыктын лауреаты болгон Алмасбек Самидинов.

Ал 1995-жылы Таласта, дүйнөгө дүңгүрөтө той берилген  Манас эпосунун миң жылдыгында “Манас- 1000” юбилейлик медалы менен да сыйланган. Анын авангард стилинде тарткан сүрөттөрү 1989- жылы Вьетнамда, 2006-жылы Москва жана  Санкт- Петербургда,  2001- жылы Германия менен Кытайда,  2011-2012-2014- жылдары Бишкек  менен Ташкенде жана Астанада,  2015-2017-2018-2019- жылдары Астанада,  Москвада, Кытайдын Кашкар шаарында, АКШнын Чикаго жана Бостон шаарларында, Египетте, Дубайда, Өзбекстанда,  Казакстанда жана башка мамлекеттерде уюштурулган көргөзмөлөргө коюлган. Өлкөбүздүн  АКШдагы элчилигинин интернет желеси жазгандай:” Алмасбек Самидиновдун  сүрөттөрүнүн  өзгөчөлүгү – түштүк темпераментине таасирленүү менен Күн нуруна сугарылган палитра. Сүрөтчү чет өлкөлөрдө коюлган көргөзмөлөрүндө  —  туулган жердин духун чагылдыруу аркылуу элдик уламыштар менен чыгармалардын азыркы пластикалык  вариантын” көрсөткөн. Ал  300гө жакын көркөм сүрөттүн автору болуп саналат.

Педагогикалык окуу жайды аяктагандан кийин ал Ленин районундагы колхоз-совхоздордо, шаарларда сүрөтчү-кооздоочу болуп иштейт. 1977-жылы Ташкентке окууга барып, өтпөй калат. Ошол эле жылы Ош шаарындагы сүрөт фондусуна жумушка кирет. Бул арада өзүнүн эстен чыккыс көркөм сүрөттөрү менен облустук, республикалык жана совет доорунда Бүткүл союздук көргөзмөлөргө катышып, көргөн адамды не бир терең ойго салган сүрөттөрүн искусство сүйүүчүлөр менен көрөрмандардын сынына койду. Мазмундуу  көркөм сүрөттөрдү жараткан Алмасбекти  1988-жылы  СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөлүгүнө кабыл алышат. Кийин Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзуна мүчө болот.

2000-жылы таанымал сүрөтчү, Социалисттик Эмгектин Баатыры жана Лениндик сыйлыктын лауреаты Тургунбай Садыковдун сунушу менен Жалал-Абад шаарында облустук көркөм-сүрөт мектебин ачты. Бул мектепте обулустун балапандай темир канат, идиректүү уул-кыздары сүрөтчүлүккө үйрөнүшөт. Мектептин сүрөтчү балдары жыл сайын Нооруз майрамына байланыштуу Бишкектеги сүрөт академияында жана башка ар түрдүү деңгээлдеги сынактарга катышып, байгелүү орундарды утуп келишүүдө. Эки кылым  мурун курулган мектептин эски имаратын жыл сайын оңдоп-боёп, анын кааналарынан сүрөткө ышкыбоз миңдеген улан-кыздарды тарбиялап чыгарып, чыгармачылыктын даңгыр жолуна салды. Анын ордуна долбоору даярдалып, жаңы мектеп куруу жөнүндө  кайрылуу-өтүнүчтөр жыл сайын жөнөтүлөт. Бирок, мектеп дагыле жепирейген бойдон турат.

Алмасбектен тарбия-таалим алып, өнөрүн үйрөнгөн таланттуу балдар сүрөт академиясынын коллежине, борборубуз Бишкек шаарындагы С. Чуйков атындагы сүрөтчүлөрдүн окуу жайына, белгилүү актер жана Кыргыз эл сүрөтчүсү  С. Чокморов атындагы Бишкек шаардык техникалык окуу жайдан билим алышып, өнөрлөрүн андан ары илгерилетишти. Жаш сүрөтчүлөрдү, чыгармачыл таланттарды экс-президент А. Акаевдин жубайы, республикалык “Мээрим” фондунун жетекчиси Майрам Акаева ар убакта колдоп туруучу. Облустук көркөм-сүрөт мектептин көптөгөн бүтүрүүчүлөрү ушул убакта Россияда, Кытайда, Германия менен Түркияда жана башка чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт. Кээ бирлери сүрөтчүлүктү таштабай, инженер, экономист, бухгалтер, же аскер адиси кесибин тандап алышты.

Сүрөттөр “сүйлөйт”

— Сүрөттү кантип тартасыз? Эргүү качан пайда болот, аң-сезимге таасир эткен кандайдыр бир окуя, же кубулуштан кийинби, же андан башка да ыкмалар барбы?- деп сурадым Алмасбектен.

-Адегенде тартылаар сүрөттүн темасы башыма келет. Аны эскизге өткөрөм. Ал багыт боюнча ойлонуп жүрөм да, ойдун элеси “бышканда” аны сүрөткө түшүрөм. Авангард стили – сүрөтчүлүктүн кыймылдаткыч түрү — деп жооп берди Алмасбек Самидинов.

Маданий коомчулукта сүрөтчүлөрдү “дудук акын” деп коюшат. Ал көп жылдардан бери табиятты коргоо жаатындагы көркөм сүрөттөрдү жаратып келүүдө. Үйүндө илинип-жыйылып турган жаңы сүрөттөрдүн маани-мазмуну эмне тууралуу болду экен? Сүрөтчү кандай ойду айткысы келген?

—Мобу сүрөт “Кызыл асканын ыйы (Плач красной скалы)” деп аталат. Мында жаратылыштын талкаланып атканына чыдабай,  кызыл аскалардын да көз жашы куюлуп атат. А бул сүрөт —  “Кан соргуч (Вампир)”- карасаңыз, нефть скважиналары жердин “канын”- нефть менен газды, башка кендерди соруп чыгарууда. Скважиналар өндүрүп чыгарган кара майлар бензинге айланып, керосин, солярка, бензинди иштеткен автоунаалар айланага уу бөлүп чыгарып, таза абаны булгоодо. Маданий гана эмес, чыныгы турмушта, жаратылышта катастрофа болуп жатат…А бул сүрөт – миңдеген күлүктөр жарышка чыккан “Топ үчүн күрөш (Лидерликти талашуу)”, бийлик талаш, кызмат талаш… А мунусу – “Середен кайтуу (Ойдун, көңүлдүн бийиктиги)”. Бул — “Мулен Руж”.  Варьете — кафе –ресторандарда бийлеген кыздар акылды соруп атат. Ушинтип, ар бир сүрөттүн айтаар, көрүүчүгө кыйытаар маани-мазмуну менен тарыхы бар – деп түшүндүрдү Алмасбек Самидинов.

Алмасбек жакында Ош шаарында болгон “Түштүк авангарды” деген сүрөт көргөзмөгө  да катышты.  Ал 2016-жылы ардактуу эс алууга чыкканы менен дагы деле өзү он беш жыл директор болуп иштеген Жалал-Абад облустук көркөм-сүрөт мектебинен кол үзө элек. Өнөрүн ышкыбоз балдарга үйрөтүүдө. Кызы Айдай Самит  АКШнын Бостон шаарындагы Масачусетс университетин бүтүргөн, эл аралык маселелер боюнча адис. Бүгүнкү күндө да АКШда  иштеп жатат. Ал эми кичүү уулу Султан Самит да эжесин тартып, өз күчү менен окууга өтүп, АКШнын Бостон калаасындагы технологиялык университетинде билим алууда.

 

Ырысбай  АБДЫРАИМОВ.