Домой Без рубрики Асмандан жарык көрсөң жылдыз деп бил, Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил.

Асмандан жарык көрсөң жылдыз деп бил, Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил.

6

1. Кыргыз улутунун жүзү болгон ак калпак менен таанышат жана анын өңү-түсүнө карап, айырмалай билүүгө үйрөнүшөт.
2. Улуттун сыймыгы болгон ак калпактын ата мурас экенин, ошондой эле аны турмушта барктап, аздектеп кийүүнү билишет.
3. Патриоттуулукка тарбияланат.
Көрсөткүчтөр: Жогорудагы коюлган максаттар ишке ашат, эгерде:
-Окуучулар улуттук баш кийимди баалуулугун билишсе;
-Баш кийимдердин урматтап, барктап кийип жүрө алышса;
-Балдар баш кийимдин ыйык сактоону үйрөнүшсө;
-Улуттук баш кийим Ата Мурасы экенин билишсе;
Сабактын жабдылышы: Калпактын түрлөрү, сүрөттөр,
Сабактын методу: Аңгемелешүү, түшүндүрүү.
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу. Гимн хор. Манас айтуу. Калпактын тарыхы, түрлөрү.
Ы: Кыргыз калпагы – ысыкта күндөн, суукта ызгаардан сактаган, ыңгайлуу баш кийим. Бирок калпактын түзүлүшү, калпактын ар бир оюусу, түсү, өзүнчө маанини туюндуруп турат.
Хадия: Калпак бири-бирине дал келген төрт талаадан турат. Ошол төрт талаа биригип келип кыргыз эли байыртадан мекендеген Ала-Тоону чагылдырат. Ата-Журтубуздун символу десек болот. Анын нукура ак кийизден жасалышы аруулуктун, ыйыктыктын дагы бир белгиси.
Хафиза: Ак калпак – тоонун, тазалыктын символу.
Жумая: Анын формасы ак кар, көк муз баскан тоо чокуларын элестетет.
Сумая: Төбөсүндөгү топ чачысы – адам тукумунун тамырын терең жайылтуунун белгиси.
Азиза: Калпактын төбөсүндөгү кайчы сызыгы күндүн аян белгиси, өмүрдүн, тиричиликтин символу. Калпактын 80ге жакын түрү бар. Алар кийген кишинин жашына, тигилишине, калпактын өңүнө карап бөлүнөт.
Регина: 12 жашка чейинки балдардын калпагынын кыюусу жашыл болуусу керек, бул жаштыктын белгиси.
Назик: 18-25 жаштагы жигиттер кызыл түстөгү кыюуланган калпак кийишет, бул жаш куракта өзүнө жар издеген жигиттер болушат.
Марва: 24 жаштан 30 жашка жаш ортосундагылар көк жээкте,48 жашка чейин боз түстөгү калпактарды кийишет.
Асема: -Пайгамбар жаштан улуулар, кара кыюу калпак кийишкен, бул жашта жакшы менен жаманды, ак-караны айырмалай билген акылдуулуктун белгиси.
Мугалим:
Мен силерге келип жатат даңктагым,
Кадимки эле кыргыздын калпагын.
Анда эмесе баарың кулак салып тур.
Ак калпактын улуулугун айтамын.

Актилек:
Тээ илгертен ата-бабам кийишкен,
Бийик тутуп, кадырлашып жүрүшкөн,
Ак калпагың түшпөсүн деп башыңдан,
Ак батасын балдарына беришкен.
Жумая:
Жайда салкын, сактап күндүн нурунан,
Кышта сактайт, кыштын ызгаар суугунан
Жашка карап түркүн калпак кийишчү
Айырмалап, талаа чачы кыюудан.
Хафиза:
Чоң аталар жайкалышып сакалын,
Кийишчү эле бийик Бакай калпагын,
Аппак калпак кийчү чыгаан мырзасы,
Баатырлыктан чыгарышчу атагын.
Асема:
Жашыл кыюу калпак кийген жаш балдар
Балакатка али жашы жете элек,
Эркелетип жаратылыш койнунда,
Эне сүтү али ооздон кетелек.

Ата-баба кийген ыйык калпакты,
Сен да бүгүн сыймык менен кийип тур,
Кепка, шапке, же шляпа кийбестен,
Кыргызсыңбы, ак калпагың кийип жүр!

Азиза:
Ак мөңгүлүү Ала-Тоонун сереси,
Ак калпакка чөгөрүлгөн элеси.
Ак калпакты алтынга да алмашпа,
Бул ак калпак ыроологон Теңирден,
Көкүрөккө түйүп алгын жашыңдан.

Хадижа:
Салкын төрлүү Ала-Тоону ээлеген,
Өзгөлөргө өрнөк болгон эл экен,
Кыргыз эли улуттугун унутпай
Ак калпакты алтын башка теңеген.

Анара:
Кыргызымдын белгиси,
Тили менен билинет.
Башкалардан өзгөчө,
Башына калпак кийинет.
Калпагы, тили болбосо.
Ким экенин ким билет?
Хор. Кыргызымдын жигиттери (Кыздар)
Байел:
Манас – Манастын кийген кийими: башында ак кийиз калпак, үстүндө боз төө чепкен. Манас баатыр кийген – ак калпак!
Ынтымак: Саякбай — Өмүрүнүн 60 жылын Манаска арнап, Манас үчилтигинин үч бөлүмүн толук жаздырууга тоодой эмгек кылган алп манасчы, 20-кылымды Гомери, Саякбай Каралаев кийген – ак калпак!
Актилек:
Алымбек датка 32 жашында «датка» наамын алып, Анжиянга бек болгон. Алымбек датка ири агартуучу болуп, жаш чагынан молдодо окуп, кат сабатын жойгон. Билим алуу үчүн Стамбул, Италиянын Рим шаарына чейин барган. Алымбек датка кийген – ак калпак!
Умар: Токтогул өз заманынын аң-сезимдүү, кыраакы инсаны, элдин кайгы муун тайманбай ырдаган, «Алымкан» деп какшаган Токтогул бабам кийген –ак калпак!
Абдышүкүр: Жеңижок – Жети күн тынбай аккан сууну ырдаган жердешибиз Жеңижок кийген ак калпак.
Курал: Исхак Раззаков -Кыргыз Республикасынын баатыры, Совет мезгилинде биринчи жолу кыргыздардан чыккан республикасынын жетекчиси. «Коом деген сени менен мен, Мен таза болсом, сен таза болсоң коом да таза болот»,- деген таза инсан Искак Раззаков кийген – ак калпак.
Автандил: Төрөкул Айтматов: Чындыкты чыркырата айткан, улут үчүн күйгөн Төрөкул Айтматов, Жусуп Абдракмановдор кийген – ак калпак.
Абды: Касым Тыныстанов кыргыз тилин негиздөөчүсү, саясий ишмер Касым Тыныстанов кийген – ак калпак.
Ислам: Айтматов Чынгыз: “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу»,- деген аалам алпы Айтматов кийген ак калпак.
Ислам Нарбаев: Төлөгөн Касымбеков “Кыргызды билгиң келсе – Манаста”,- дегендей тарыхты казып, таамай жазган жердешим Төлөгөн Касымбеков абам кийген – ак калпак.
Марсел: «Билгендерге бул дүйнө – күндөн күнгө үйрөнүү, билбегенге бул дүйнө, көрдөн көргө сүйрөлүү» деп тирүүлүктүн, жашоонун баркын билген баалаган ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев агам кийген – ак калпак!
Нуриет: 14 саат 27 мүнөт тынбай Манас айтып, Гиннес китебине кирген Дөөлөт Сыдыков кийген – ак калпак!
Ислам:
Ошон үчүн калпактын,
Кадырын жакшы билели,
Манас кийген ак калпак,
Мааниси менен кийели.

Абдышүкүр:
Көрүнгөн жерге таштабай,
Көркү менен кийели.
Баш кийим улук экенин
Көкүрөккө түйөлү.
Умар:
Башымда калпак турганда,
Башкача согот жүрөгүм,
Ак калпакчан кыргыздар,
Аман болсун тилегим.
Алмончоктон келаткан,
Атадан калган билегим.

Курал:
Калпак кийип жүрсөк деймин мен дайым
Калпак сүйлөйт, кыргыздардын тек жайын,
Бир жылдагы бир күн менен чектелбей.
Хор балдар: Калпак күнү боло берсин күн сайын!

Хор: Жигиттердин аткаруусунда.
Ак калпак
Кийгенде башка жарашкан,
Суктанып баары карашкан.
Ак калпак калган мураска
Атабыз айкөл Манастан.

Кийебиз сыймыктанып ардактап
Кыргыздын жүзүсүң сен ак калпак

Мугалим: Майрамга мол март айы, балдар, биз бүгүн ак калпак майрамын майрамдоо менен, калпак жөнүндө көп маалыматтарды алдык. Урматтуу 3-в класстын жигиттери, силерди Ак калпак майрамы менен класстагы кыздардын, өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм. Ар дайым бүгүнкүдөй маанайыңар ачык болуп, башыңардан улуттун сыймыгы, ата мурасыбыз болгон ак калпагыңар түшпөсүн.
Үйгө тапшырма: Калпактын сүрөтүн тартып келүү. Саламатта болгула.

Бактыгүл БҮРКҮТБАЕВА,
№10 Ж. Мамытбеков орто мектебинин баштагыч класс мугалими,
Аксы району.