Асылбек Саматов менен көп жылдардан бери таанышмын. Мурда деле анын жазган кабарларын, журналистикалык иликтөөлөрүн ар кайсы басылмалардан окуп жүрүп, ысымы тааныш болуп калган. А. Акаевди президенттиктен алып түшөргө жакын мезгилде мен областтык кыргыз тили комиссиясын жетектеп калгам. Ошондо Базар-Коргон районундагы аталган бөлүмдүн иши менен да таанышып көрүүгө туура келген. Кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча антип жатабыз, минтип жатабыз деп курулай шаңданып, ооз менен орок оргонубуз менен президент, депутаттар, министрлер баш болуп, жүр-нарыга таштап койгон бул иште кемчиликтер көп болот. Бирок ошол кезде Асылбек Саматов Базар-Коргон райондук мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын ишин кошумча милдет катары жетектеп жаткандыгына карабастан, аткарган иштери менен астейдил таң калтырган. Кабинетинин жасалгасы, аткарган иштери, башка тилдерде сүйлөгөн улуттар арасында жүргүзгөн иштери, айтор, баары эле жакшы болчу. Кимге кандай экенин билбейм, мага айлык төлөнбөй турган мындай ишти мындан артык аткаруу мүмкүн эместей туюлган. Ошол-ошол болду, областтык кыргыз тили комиссиянын иши байкайлы дегендей ишарат болсо эле, биз дароо Базар-Коргонду бетке тутуп, келген адамдарды ошол жакка баштай турган болуп калганбыз…
Кийин Асыке менен “Дил” гезитинде чогуу иштешип калдык, ошондо мен бул киши үчүн ар бир иште майда нерсе жок экендигин түшүндүм. Ишке баш-оту менен кирип, аяктамайынча жаны тынбаган адаты бар экен. Баса, бир жолу Асылбек аке тууралуу белгилүү журналист агабыз Алимбай Арзыкулов бир макала жазып келиптир, анда анын Мукай Элебаевдин музейин мектепке кантип уюштурганын, андагы жасалган иштерди жана А. Саматов Мукайды кандай урматтай тургандыгын ушунчалык сүрөттөгөн экен, мен бир жагы кичине сүрөөн, бир жагы ушунчалык да көтөрө чаласыңбы дегендей ой менен ал макалага “Асылбектин түшүнө Мукай Элебаев кирет” деп тема коюп чыгарып бергем. Кийин билсем, Асылбек агабыз Мукай дегенде чыны менен эле ичкен ашын жерге коёт экен. Азыр мезгил өзгөрүп, мектептин аты алмашылып, (мурда Мукай Элебаев атындагы мектеп болчу) имараттын эшигинин алдына мектепке аты коюлган адамдын эстелиги коюлуп, Мукайдын бюстун алып, музейге киргизип коюшканы менен ал түзгөн музей, Мукай Элебаев боюнча алганда, Кыргызстанда биринчи орунда турат деп тартынбай эле айтсак болот. Дегеним, атайын Ысык-Көлгө барып, акындын туулуп-өскөн айылындагы музейди көрүп келген Асылбек Саматов классик жазуучубузга карата жасалган мамилеге анчалык ичи чыкпаптыр. Биздин адабиятка карата жасаган мамилебиз белгилүү эмеспи.
Асылбек Саматов мектепте директор, селолук советтин катчысы, профсоюз уюмунун кызматкери, акимчиликтин кызматкери сыяктуу бир катар кызматтарды абийирдүүлүк менен аркалап, эл арасында өзүнө жараша жакшы кадыр-баркка ээ болгон. Ал тууралуу эч жерде жаман пикир айтылбайт, анткени кумурскадай мээнеткеч бул адам кайсыл иштин башын кармабасын, майын чыгара иштеп көнгөн. Мектепте деле бир катар атайын залдарды түзүп, бак тигип, аянтчаларды жасап, жаны тынбаган экен, аны агай менен бирге иштешкен коллегалары унутпай ушул күндө дагы айтып жүрүшөт.
… Адамдар кызык элебиз. Кээде Алла бербеген нерсени өз колубуз менен жасап, ошону менен бири-бирибиздин көңүлүбүздү көтөрүп, бири-бирибизге карата сый-урматыбызды билдирип алабыз. Маселен сыйлык деген нерсени алалык. Сыйлыктын эң кымбаты жана бийиги – Алла таала берген өмүр! Биз эмне ошого эле каниет кылып кала беребизби? Жок, кокуй… Бизге ордендер, медалдар, грамоталар, ардак наамдар, акчалай сыйлыктар ж. б. керек! Биз кам сүт эмген пенделербиз! Бир кезде адамдар бирин-бири башкарып туруш үчүн мамлекет деген “машинаны” ойлоп табышканын эске алсак, андай сыйлыктар ошол машинанын бир элементи. Өзүбүз ойлоп таап, өзүбүз ыйгарып жаткандыгыбызга карабастан, сыйлыкты кудум өлбөстүктүн билетиндей талашабыз. Мындайда айрым эпчилдер жолун таап кетсе, каниет деген улуу касиетке казыктай байланган ак пейил адамдар куру жалак кала берери турмушта алда нече жолу далилденген. Асылбек Саматов агабызда дагы толуп жаткан ар түрдүү грамоталар бар, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн жана профсоюз кызматынын отличниги, Базар-Коргон районунун ардактуу атуулу дегендей сый-урматка илинген. Бирок менин жеке пикиримде Асылбек Саматовго окшогон ак дил менен иштеген жөнөкөй адамдардын эмгеги астейдил бааланса, эсеби маселен, персоналдык пенсионер дегендей сый-урматка ошолор көрсөтүлсө, эл ичиндеги карапайым адамдардын жигери ойгонуп, ошого карата умтулуу, дагы берилип иштөө сыяктуу дилгирлик пайда болбойт беле… Бул эми эске түшө калган бир ойду айттык да койдук дегенибиз, Асыке ансыз деле эл ичинде чоң сый-урматтын ээси, балдарынын, неберелеринин ардактоосунда байбичеси Кайринса менен бирге бактылуу турмуш кечирип келди. Баса, азыр Кайринса жеңебиз арабызда жок, ааламдан өткөнүнө төрт жылга аяк басты. Ал эми Асылбек агабыз бала-чакасы менен эми ошол байбичесинин элесине арнап, үйүнүн бир бөлмөсүнө үй музей уюштуруптур. Мындайды биздин кыргыз журтубуз али билбесе деле керек. Музей уюштурмак тургай, атасынын, апасынын сүрөтүн төркү үйгө илип койгонго маани бербеген инсандар канча? Мен жакында ошол үй музейде болуп, кол тамга калтырып кайттым, анан ошондон тарткан айрым сүрөттөрдү да кошо жарыялап жатам.
Чыгармачылык жагына келсек, Асылбек Саматов жаш чагынан калем кармап, ыр курап, ар түрдүү макалаларды жазып, басма сөз тармагында тынымсыз эмгектенип келди. Калеми төшөлүп, журналисттер арасында өз үнү, өз темасы, өз жолу бар калемгер катары эбак эле таанылган. Жыйган-тергендерин топтоп мындан эки-үч китеп да чыгарган.
…Жашы кайтып бара жаткан адамга деги эмне керек? Туптуура. Жылуу сөз, жумшак мамиле, жакшы оокат… Асылбек Саматовдо мунун баары – ашыгы менен бар, демек, кам сүт эмген пенделер кайсы бир сыйын унутуп коюшканы менен тээ бийиктен баары-жокту көрүп туруучубуз Сизге кайдыгер эмес экен. Анан эмесечи, бирөөгө таалим берген, өнөр үйрөткөн, туура тарбиялаган, ак ниет, адилет, мээнеткеч адамдар ар качан Алланын назарында болот дешет. Асыке, Сиз мына ошондой адамдардансыз!