Ата-энелердин эсине:
Кыргыз Республикасынын конституциясында: “Балалык – бүткүл коомдун камкордугуна алынат жана мыйзам менен артыкчылыктуу корголот”,- деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле, ар бир бала анын дене боюнун, акыл-эсинин, ички руханий, ыймандык, социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан баш мыйзамдын негизинде 2015-жылдын 21-июлунда №185 “Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” мыйзамы бекитилген. Бул мыйзамдын 2-беренесине ылайык, сутканын убактысына карабастан юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин сексуалдык мүнөздөгү гана товарларды сатууга арналган объектилеринде, сыра сатуучу ресторандарда, барларда, алкоголдук азыктарды ж. б. ичимдиктерди сатууга арналган орун жайларда балдардын болуусуна тыюу салынат деп түздөн-түз көрсөтүлгөн.
Мындан тышкары, ошол эле мыйзамда: “…түнкү убакытта ата-энелердин коштоосуз, балдардын катышуусу менен иш чараларды ашыруучу адамдардын коштоосуз, балдардын катышуусу менен көчөлөрдө, стадиондордо, парктарда, гүл бакчаларда, жалпы транспорттордо, вокзалдарда, аэропорттордо, көп батирлүү турак үйлөрдүн жалпы колдонуудагы жерлеринде, балдар жана спорттук аянтчаларда, мыйзам менен белгиленген алкоголдук продукцияларды сатуу каралган оюн-зоок борборлорунда, түнкү клубдарда, мончо-сауналарда, интернет-клуб же кафелерде балдардын болуусуна тыюу салынат”,- деп белгиленген.
Мыйзамга ылайык, түнкү убакыт деп, жай мезгилинде саат 23-00дөн саат 6-00гө чейинки, башка убакытта саат 22-00дөн саат 6-00гө чейинки убакыт аралыгы эсептелет.
Ата-энелер балдардын болуусу чектелген ушундай жерлерде болуп калышына жол бербөөгө милдеттүү жана ал талап аткарылбаган учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ылайык жоопкерчиликке тартылат. Тактап айтканда, балдардын мындай аракеттерди жүзөгө ашыруусуна жол берген адамдар юридикалык жактан жооптуу болуп калат жана “Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндөгү” кодексинин 65-1-беренеси менен администрациялык жоопкерчиликке тартылат.
Фариза МЫРЗАХАНОВА,
№18 Ж. Бешимов орто мектебинин
математика мугалими,
Ала-Бука району