Биринчи элдик курултай өз ишин баштаган убакта, тагыраагы, 25-ноябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев өлкөбүздүн борбору болгон Бишкек шаарындагы төрт райондун аталышын өзгөртүүнү сунуштаган болчу.
Мамлекеттик Думанын депутаты каршы
Анын сунушун Россия Федерациясынын Мамлекеттик думасынын депутаты Светлана Журова дароо сындап чыкты. Ал кыргыз парламентинин төрагасынын сунушун РФнын Президенти В. Путинге да билдирерин кабарлап, “Кыргызстан Украинанын жолу менен баратат”,- деген тескери оюн айтып чыкты. Бишкекте советтик замандан бери белгилүү болгондой, төрт район – Ленин, Свердлов, Октябрь жана 1-Май деп эмгиче аталып келе жаткандыгын, борбор калаабызда да бүтүндөй мамлекетибиздегидей эле кыргыз, орус улутундагылар менен бирге эле сексенге жакын улуттардын өкүлдөрү бир үй-бүлөдөй ынтымактуу болуп, бөлүнүп-жарылбай, бири-бирин басынтпай, кемсинтпей, тең укуктуу болуп, тынч жашап жаткандыгы ошо Россия мамлекетиндегилерге, республикабызда жашап, басымдуу бөлүгү кийин РФ сыяктуу бөлөк мамлекеттерге көчүп кеткен немис, орус, чечен, ингуш, балкар элдерине да белгилүү.
Чет өлкөлүктөр да Кыргыз Республикасы дүйнөдөгү 198 мамлекет сыяктуу эле Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү болуп саналаарын билишет. Муну россиялык депутат да билсе керек. БУУнун ар бир мүчө мамлекети катары Кыргыз Республикасынын өзүнүн Конституциясы, Мамлекеттик Гимни жана Мамлекеттик туусу, өзүнүн Мамлекеттик жана расмий тили, демек, жер шарындагы ар бир көз каранды эмес мамлекет катары ар бир өлкөлөргө таандык болгон мамлекеттик бардык атрибуттарга ээ болуп саналат. Демек, өзүнүн ички жана тышкы саясатын, социалдык-экономикалык, маданий-коомдук жана ар тараптуу турмушун сырттан кийлигишүүсүз, өзү жүргүзөт. Мындан улам ЖКнын төрагасы Нурланбек Шакиевдин Бишкек шаарындагы төрт райондун аталышын өзгөртүү жөнүндөгү сунушун да кыргыз мамлекети өзү чечет жана ага акылуу. Чечим кабыл алууда башка бир өлкөлөрдүн, Кыргыз Республикасынын жарандары болбогон граждандардын пикирин кабыл алууга муктаж эмес. Биринчи Элдик Курултайда көтөрүлгөн бул сунуш боюнча өлкөбүздүн башка жашоочулары да өз ой-пикирлерин интернет желелерге жазып калтырышууда.
Депутат депутатка жооп кайтарды
Алардын катарында Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Бишкектин төрт районунун аталышын кыргызчалоо сунушуна байланыштуу Россиянын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик думасынын депутаты Светлана Журованын билдирүүсүнө төмөнкүдөй жооп берди.
Камила Талиева баса белгилегендей, Кыргыз Республикасы эгемендүү, көз карандысыз мамлекет катары биримдик менен ынтымакка негизделген баалуулуктарды карманат. Ал айткандай биздин республиканын Баш мыйзамында Кыргыз Республикасынын элин бардык этностордон турган Кыргызстандын жарандары түзөрү баса белгиленип, бизде гана орус тили расмий тил макамына ээ экендиги белгиленген.
— Андыктан, Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик думасынын депутаты Светлана Журованын эл аралык эрежеге туура келбеген, мамлекеттик алакаларга көлөкө түшүргөн жана өнөктөш өлкөнүн ички ишине кийлигишкен билдирүүсү негизсиз экенин белгилеймин. Анткени, орус тилинин Кыргызстанда орду өзгөчө, мыйзамдарыбыздан баштап, көчөдөгү көрнөк-жарнактарыбызга чейин мамлекеттик тилибиз менен катарлаш колдонулуп келет.
Ал эми административдик-аймактык аталыштарды, анын ичинен Бишкек шаарындагы райондордун аттарын өзгөртүү тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин демилгеси тууралуу айтсак, бул эгемен мамлекетибиздин ички иши жана Кыргызстан менен Россиянын алакасына эч кандай тиешеси жок, себеби айыл-шаарлардын атын өзгөртүү демилгеси Россия Федерациясынын өзүндө да ийгиликтүү ишке ашырылып, Свердловск шаары Екатеринбург, Ленинград шаары Санкт-Петербург деп жаңыртылганы баарыбызга белгилүү.
Мындай өзгөртүүлөр көп улуттуу совет мезгилинин учурунда да жүргүзүлүп келген. Андыктан антиорусиялык маанайды калыптандырып, байыркы кыргыз эли менен улуу орус элинин достук, стратегиялык өнөктөштүк жана тыгыз кызматташтык мамилесине терс таасир берүүчү пикирлерди айтуудан алыс болууга чакырамын, — деп айтты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Талиева.
Аттарын өзгөртүүчү айыл-көчөлөр аз эмес
Анткени менен өлкөбүздүн борборунда мурдагы орусча аттары менен аталып жүргөн көчөлөр менен мекеме-уюмдардан сырткары кытай, дунган тилинде, араб, англис тилдеринде, ал эми республиканын бардык облустары менен райондордун борборлорунда жогоруда аталгандардан сырткары өзбек тилинде аталып, келе жаткан айыл-кыштактар менен бирге эле көчөлөр, соода-сатык дүкөндөрү, базарлары, мечит-медреселери да көп экендиги жашыруун эмес. Алар да КРнын Мамлекеттик тил мыйзамына ылайык кыргызча айтылып, жазылууга тийиш экендигин көчө жарнактарын изилдеген адистер белгилеп келишүүдө. Орусча аталыштардын жоюлбай келе жаткандыгына өлкөбүздө расмий тилдин калыптанып калгандыгы да себептүү.
Орусча аталыштар кайсы гана жерде жок дейсиз. Бардык жерде, Бишкектегидей эле, Чүйдө, Кара-Балтада, Токмок менен Кантта, Ысык-Көлдө, Балыкчыда, Ош менен Жалал-Абадда дагы деле жайнап жазылып келатат. Аны алыс барбай эле, ар бир облустардын борборлорундагы жол-көчөлөрдү араласаңыз, мисалы, Бишкек – Ош, Бишкек – Балыкчы, Бишкек – Каракол жолу менен жүрсөңүз дароо билесиз.
Мындай маселелер, бизге тиешелүү аймактарды атаганыбызда, албетте, Жалал-Абад облусунун бардык шаарлары менен райондорунда бар. Совет мамлекети учурунда жалаң орусча аталып калган айыл-кыштактар менен көчөлөр дагы эле ошол бойдон өзгөрүлбөй, мурунку аттары менен аталып келе жаткандыгын улуу-кичүүлөрдүн бардыгы жакшы билишет. Тагыраак айтканда облустун Жалал-Абад шаарында, Сузак районунда, Ноокен районунда дагы деле көчөлөрдүн, айыл-кыштактардын, айрым мекеме-уюмдардын, соода түйүндөрүнүн, кээ бир мектептердин аталыштары баштагыдай эле орусча. Жалал-Абад шаарында мисалы, чоңураактарын айтканда Спутник кичи району бар. Ноокен районунда болсо, эмдигиче атынын маани-маңызы али толук чечилбеген Масы айылы.
Жердин атын туура айталы
Республикабыздын тарыхы менен географиялык аталыштарын жакшы билбеген сабатсыз кишилер Масы кыштагын райондун аты болгон Ноокен деген сөз менен аташып, эмдигиче ал райондун борбору менен райондун аталышын чаташтырып келишүүдө. Райондун аты – Ноокен, ал эми райондун борбору – Масы экендиги этибарга алынбай келе жатат. Ош – Бишкек жолу менен Бишкекти көздөй баратканда ошол эле Масы айылынан кийинки кыштак – Ноокен айылы деп аталат. Бул айыл менен район борборунун атында чаташуулар көп. Ошондуктанбы, кээ бирөөлөр Ноокен айылын мурдагы колхоздун аты менен “Коминтерн” деп атап жүрүшсө, Ноокен районунун борбору болгон Масы айылынын аталышын: “Илгери бул жерде маасы тигилген тура! Ошондуктан масы деп аташат окшойт”,- деп айтышат.
Макул, бизге чейин ал жерде маасы тигилген болсо, анда ал жер эмдигиче ал өнөр ушу күндөрдө да улантылып, ушу күндөрдө да иштеп чыгарылган маасы бут кийими менен элге кыйла пайдасын тийгизбейт беле? Тилекке каршы, азыркы күндө бул айылда маасы тигүүчү ишкана, же фирма, болбосо чакан цех да жок. Маасыны башка жактардан алып келишип, базарда сатышат. Экинчи бир маселе – айылдын аты “Масы”, кээде “Массы” деп, ар башка түрдө жазылып келет. Бирок, анын мааниси кандай экендигин эч ким так, даана түшүндүрүп бере албайт. Айрым адамдар “Масыны” – кайсы бир чет элдиктердин, кытайлардын “Ат өлдү” деген сөзү менен чечмелешет. Совет заманында болсо, азыр Ноокен аталган райондун аты Лениндин ысымы менен аталчу да, райондун борбор кыштагы “Ленин-Жол” деп жазылуучу. Кыскасы, “Масы” деген атка так түшүнүк болбогондон кийин райондун борборунун атын өзгөртүү тууралуу жергиликтүү адамдардын ой-пикири учурдун талабына дал келчүдөй. Эгер кыргызга түшүнүксүз, айыл-шаар, жер-суу аттарынын мамлекеттик тилге дал келбеген жагдайлары болсо, жогоруда маселе көтөрүлгөндөй, анда эмне үчүн “Масы” деген ат өзгөртүлбөй келе жатат. Ноокен район борборунун атын өзгөртүү тууралуу Масы айылдык Кеңешинин чечими качан ишке ашырылат?,- деген сурообузга алигиче жооп табыла элек. Мындай маселелер, албетте, Жалал-Абад облусунун шаарлары менен райондорунда бар. Совет мамлекети учурунда жалаң орусча аталып калган айыл-кыштактар менен көчөлөр дагы эле ошол бойдон өзгөрүлбөй, мурунку аттары менен аталып келе жаткандыгын улуу-кичүүлөрдүн бардыгы жакшы билишет.
Ырысбай АБДЫРАИМОВ,
журналист.