Домой Дүйнө АТЫҢ БАРДА ЖЕР ТААНЫ, АТАҢ БАРДА ЭЛ ТААНЫ…

АТЫҢ БАРДА ЖЕР ТААНЫ, АТАҢ БАРДА ЭЛ ТААНЫ…

184

Жыл бою талыкпай иштеп, чарчаган адамдын саякаттап, ажайып кооз жерлерде эс алуусуна не жетсин? Ошол ыңгайдан алганда Жалал-Абад шаарында маянасы чак бюджеттик кызматкерлер үчүн бул багытта  мүмкүнчүлүктөр бар. Шаардагы “Абад TRAVTL” фирмасы аркылуу  шаарыбыздын, областтын, дегеле түштүк аймагыбыздын тургундары  дүйнөнүн  жети кереметин камтыган кооз Египет, Кытай, Дубай, Түркия жана башка уникалдуу тарыхый мурастары бар ажайып өлкөлөрдөн тартып, жакынкы коңшу өлкөлөргө да барып саякаттай алышат. Бир аз убакыт мурда капчыгы калыңдар гана эс алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, учурда мугалимдер, пенсионерлер да туристтердин катарын калыңдатып жатышат.

Жаз, жай мезгилдери жакынкы коңшу мамлекеттердин туристтик сезону гүлдөп, бышып турган мезгил болот. Айрыкча, Борбордук Азиянын уникалдуу

Ташкент, Самарканд, Бухара шаарларына жарандарыбыз агылып барышат. Бир жагынан, капчыкты анча какшытпаган туристтик билет, таңдайыңызды тамшанткан чыгыш даамдары, Ташкентке карай кеткен түптүз жолдор, таза аба, туристтерди маданияттуу тейлеген коңшулар, үй-бүлөлүк эс алуу  үчүн кооз аквапарк, жомоктогудай шаарчалар, тарыхый музейлер менен бренд палоо, көз кубанткан евро үлгүдөгү көп кабат үйлөр менен бийлеген түстүү фонтандар, даамдуу балмуздагы саякатчылардын бир жылдагы түмөн түйшүгүн унуттуруп, позитивдүү маанай тартуулайт. Муну биз өзүбүз турист катары Өзбекстандын аталган тарыхый эстеликтерге бай, атактуу шаарларын кыдырып келген соң айтып отурабыз.

Бир кезде өтө кубаттуу мамлекеттердин хан ордосу болгон Самарканд, Бухара шаарлары 1000 жылдык тарыхты камтыгын уникалдуу  тарыхый комплекстер, 800-900-жыл илгерки Орто Азиядагы илимдин алтын доорун камтыган Регистан, Улукбектин обсерваториясы дүйнөлүк туристтерди тамшантып, таң калтырып келет. Аалам сырларын ачып, астрономия илимине ачылыш жасап, адамзатка өмүрдүн, жашоонун сырын тактап, 365 күндү аныктаган Улукбек мырзанын уникалдуу эмгегине суктангандар мындан көп.

Не демекчибиз, кыргызда “Атаң барда эл тааны, атын барда жер тааны”,- деген нарктуу накыл сөз бар. Аш-тойду азайтып, маданияттуу эс алууга ыктап, дүйнө кыдырган кыргыз эли эл-жерибизге ааламдын алдыңкы маданиятын, жакшы жактарын гана ташып келсин. Ички туризмди өнүктүрүүгө, дүйнө жүзүнө керемет жерлерибизди, тарыхый эстеликтерибизди таанытууга биздин да уучубуз кур эмес. Туризм түптүз жолдон, маданияттуу тейлөөдөн башталарына күбө болдук. Болгону ар бир жараныбыз буга салым кошуубуз керек.

Андыктан, саякаттоого үй-бүлө, ата-энелерибизди ала жүрөлү. Аларга кымбат кийим, смартфон эмес, туристтик путёвка белек кылалы!…

 

Гүлжан Асанова,

журналист.