Домой Көйгөй Бала – жазылбаган аппак барактай, анын жан дүйнөсүндө биз кандай тарбия жана...

Бала – жазылбаган аппак барактай, анын жан дүйнөсүндө биз кандай тарбия жана билим берсек, так ошол нерсе калат

38

Бизде совет доорунан бери эле: “Балдар – биздин келечегибиз!”, “Балам – бактым, балам – базарым, балдарым — менин таалайым!”,- деп ырдалып-айтылып келет. Бешенесинен сылап-сыйпап, жүзүнөн сүйүп, боорубузга кысып, жылына бир жолу, 1-июнда балдардын эл аралык күнүн шаан-шөкөттөрдүн коштоосунда уюштурганыбыз менен балдар жөнүндө сыймыктанып айтып, ырдап жүргөнүбүз менен аларга ыдык көрсөтүүлөр, коркутуу, жемелөө, уруп-согуу, зордук-зомбулук, атүгүл  азыркы доорго дегеле туура келбей турган, айбандар да жасабай турган жапайы жорук-жосундар да билине калууда. Балдарга кол көтөргөн окуялардын, кордоо, кемсинтүүлөрдүн негизги себеп-жагдайлары эмнеде? Канткенде аларга терең тарбия-билим берип, доор талабына жараша чоңойтуп,  өлкөбүздүн башкы мыйзамында  – Конституцияда жазылгандай аларды чоңдор менен бирге, тең укукта көрө алабыз?

Балдар укугун коргоо боюнча биздин республикада жетиштүү эле гумандуу, адам укугуна тете мыйзам-токтом, чечимдер бар сыяктуу. Эгер бир-эки айдын ар жак бер жагына, же андан ары эки-үч жылдын аралыгына кылчая карасак, өлкөбүздө бала укугун сактоого тармактык кызматтарды милдеттендирген бир нече орунсуз окуялар болуп өттү. Алар:  “Апасын коргойм”,- деп чоочун кишиге бычак урган 16 жаштагы баланын камалганы, Сузак районундагы окуучу кыздын мектепте сабалганы, Бишкекте окуучунун бассейнде чөгүп, каза болгону маалымат каражаттарында чоң резонанс жаратканы менен ага катышкан балдар менен адамдардын тагдырына урулган чоң сокку болду. Бул окуя боюнча Акыйкатчы институту мугалимдин окуучуну сабаганын видеого тартып алгандарга басым болуп белгилеп, мугалим менен окуучуну психологиялык экспертизадан өткөрүүнү сунуш кылган.

-Видеого тарткан балага жана аны колдоп бармагын көрсөткөн кызга басым болгон. Муну менен балдар «чоң кишилер урса, сөксө, зомбулук көрсөтсө, эч нерсе кыла албайт экенбиз. Баары бир чоңдордун кылганы туура болуп, мамлекет, ата-эне бизди коргой албайт экен» деген түшүнүктө калат. Алар мамлекетти, ата-энесин, чоңдорду жек көрүү менен чоңоёт. Тилекке каршы, мындай көрүнүш биринчи эмес, системалуу болуп жатат,- деди Акыйкатчы А. Абдрахматова. Анын айтымында окуучунун айткандары эске алынбай калган.
Аң-сезимдүү адамдар куткаруучулары болгон Бишкектеги аквапаркта жаш баланын сууга чөгүүсүн алдын алуу мүмкүн экендигин болжошсо, Сузактагы кыздын мугалими тарабынан ур-соккуга алынышын да болтурбай коюуга ыктымалдыгын айтышууда. Мектептерде балдарга билим-тарбия берүү жагына биздин оюбузча өз кесибин өтө урматтап, балдарды жанындай көрүп, алардын ар бир жаш курагындагы өзгөчөлүктөр менен психологиясын терең өздөштүргөн, медициналык жактан чыныгы текшерүүдөн өткөрүлгөн жалаң жогорку билимдүү, кур дегенде А. Макаренконун “Педагогика” аттуу китебин окуп, жаттаган эже-агайлардын иштөөсүнө уруксат берилсе…

 

Өспүрүмдү өзөртө урган пенде – кайдан чыгат?

 

Андай киши начар тарбиялуу үйдөн чыгат. Эгерде мектеп директору ар бир класстагы сабактын жүрүшүнө өз бөлмөсү менен класстарга туташтырылган видеокамера аркылуу көз салып турганда, окуучусуна кол көтөргөн эжеке жогорку жана терең билимдүү, сабырлуу, психикалык жактан медициналык текшерүүдөн өткөн болгондо, көрөрмандар видео тасмадан көргөндөй адис-педагогдордун жетишсиздигинен информатика сабагын окутууга тартылган жаш мугалим китеп менен окуучусун кайра-кайра башка чапмак эмес да, суракка чакырылмак эмес. Мугалиминен коргонгон кыз мээсине доо кетип, ооруканага жаткырылбайт болчу. Бул жерде эки тараптан тең бири-бирин урматтоо болбой, жаңжал кайым айтышуудан келип чыкканын, чыр-чатакта кемигинде да, керкисинде да жаңылыштык кеткени байкалып турат.  Дегеле жыл сайын жаңы окуу жылына жакындаганда, же мектепке жумушка кирерде, коомдук тамак-аш мекемелери менен саламаттык сактоо жайларына ишке кабыл алынаар кызматкерлердин бардыгы,  мектептин бардык мугалимдери менен техникалык кызматкерлери да совет доорунан бери эле медициналык текшерүүдөн өтүшөрү салтка айланган. Мындай текшерүүлөрдө ар бир кызматкердин психологиялык ден-соолугуна да бөтөнчө көңүл бурулуусу тийиш эле. Психикалык жактан тең салмактуу боло албаган адам биздин оюбузда мектепте, балдар мекемелеринде иштөөгө тартылбоосу керек. Демек, өз кызы менен айтыша кеткенине байланыштуу кайрылуусуна орой жооп кайтарганы үчүн окуучусуна кол көтөргөн эжекенин ачуусун баса албаганы күмөн санатат. Балким, уруп-сабалган кыз өткөөл курактадыр… Мүнөзү толук калыптана элек, бир сөз – оор, бир сөз – жеңил тийер өткөөл курактагы улан-кыздарды аяп, аларга бөтөнчө мамиле керек экендигин терең билимдүү, билим-тарбия жаатында көй кашка болуп калган ар бир педагог жакшы билет. Жогоруда аталган окуя боюнча республиканын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев:

— Канткен күндө да мугалим окуучуга кол көтөрбөөгө тийиш, баланын психикасына залал келтирбөөсү кажет. Бирок коомдо мугалимди ошондой деңгээлге жеткирген көрүнүштөр көп. Бул тарбиянын баш-оту менен берилбегендигинен келип чыгат. Тарбияга биринчи жооптуу –  билим берүү уюму эмес. Тарбия үй-бүлөдөн, чөйрөдөн башталат. Ошондуктан биз жаңы мыйзам иштеп чыктык. Мыйзамда тарбиядагы ата-эненин жана билим берүү тармагынын жоопкерчилиги каралган. Ошол мыйзамды буюрса, кароого киргизебиз. Үй-бүлөдөн баштап, жакшы тарбия бергенибизде, мындай маселелер болбоосу керек эле. Ал жерде конкреттүү факт – мугалимге ат коюп, мазактап жатат. Бул өтө ашынгандык. Окуучу мугалимге ат коюусу – тарбиянын жаман чеги. Канчалык туура эмес болгон күндө да мугалимдерден суранарым: окуучуларга кол көтөрбөңүздөр!,- деп айткан.

Дагы бир эске алуучу жагдай, татаал сабак деп эсептелген информатика сабагын жогорку билимдүү, такшалган педагогго эмес, болгону үч айлык курсту бүтүрүп, сертификат алган жаш мугалимге тапшырылганы кызык. Сертификат тапшырган убактылуу курс – терең билимге каныктырчу  жогорку окуу жайлардын чоң программасындай жетиштүү билим берүүсү өтө кыйын.

Бул көрүнүштөн мурдараак Москвага бала багуу үчүн барган он бир жаштагы кыз бөлөсүнүн көгала кылган ур-токмогуна туш болгон. Социалдык тармактар аркылуу кыз эжеси көп сабарын айткан. Облус борборуна коңшулаш Сузак районунун Доскана айылында да май айынын башында бала укугуна тиешелүү дагы бир окуя болуп өттү. Бизге тааныш, ишенимдүү адамдын айтымында бул окуянын жабырлануучулары райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылса, алар жабырлануучулар жеңил жарат алганына байланыштуу ишти кароодон адегенде баш тартышканы менен прокуратурага кайталап кайрылуудан кийин окуяны териштирүүдө өткөн аптада да улам башка күнгө жылдырып келатышканы белгилүү болду. Бул жерде аты бетон кашааны бузганы үчүн бир киши окуяга эч кандай тиешеси жок, кошуна жашаган он алты жаштагы кыз менен анын энесин  муунтуп, уруп сабаган. Кыз менен анын апасы ак жеринен физикалык, моралдык-материалдык жактан жабыр тартышып, укуктары бузулган. Эне менен кыздын укугу корголбой кала берүүдө. Жалал-Абад облусунда балдар укугун коргогон бир да уюмду издеп жүрүп да таба албадык. Кыз ала качуу, мажбурлап турмушка чыгаруу, зордуктоо көрүнүштөрү да кала элек.

 

“Бачабаздарга жазаны катаалдантуу керек”

 

Демократиялуу өлкөдө ар бир адамдын, баланын, аялдын укугу жогору бааланып, ар тараптуу коргоого алынат. Анткени менен анын көлөкөсүндө жапайы жүрүм-турум, жорук-жосун кайталанууда. Кээ бир учурларда балдар менен кыздардын, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн сексуалдык жактан жабыр тарткандыгы ортого коюлат. Маселен, бир-эки жыл мурда Өзгөндөгү кызды зордуктап жүрүшкөн таятасы менен эки таякеси убактылуу камалган. Кээ бир учурда өгөй атасынан боюна бүтүп калган өспүрүм кыздар тууралуу да маалыматтар элге кеңири жайылууда. Сузактагы бир молдонун “диний жактан окутмак” болуп, өспүрүм баланы зордуктап жүргөнү да жаман окуя катары жазылып калды. Молдо жоопкерчиликке тартылганы белгилүү. Бирок айбандарга да мүнөздүү эмес, мындай акмакчылык “иштердин жасармандарына” кандай чара көрүү керек? Бир-эки жыл мурда мындай зордукчул бачабаздарды химиялык жол менен бычып салуу сунушу да көтөрүлгөн. Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова парламенттин сессияларынын биринде өспүрүмдөрдү эрте турмушка берүү маселесин козгоду.  Ал Алматы шаарында жыйынга катышканда Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдардын укугу боюнча өкүлү Кыргызстанда акыркы кездери эрте турмушка чыгуу жана өспүрүм кыздарды ала качуу көбөйгөнүн айтканын мисалга тартты да:

-Педофилдерге карата өлүм жазасын киргизүүгө убакыт келип жетти. Андыктан ушундай ыкмаларды колдонуу керек,- деди ал.  Азыркы мыйзамдар боюнча өспүрүмдү сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлагандар 11 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Анткени менен биздин республикада өлүм жазасына мораторий киргизилген. Жазанын эң оор түрү – өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу болуп саналат. Биздин мыйзамдар боюнча бачабаздарга да өтө гумандуу мамиле жасалып келүүдө. Илгери, демократиянын жыты да жок жылдары  шойкомдуу адамдарды  жана ууруларды таш бараңга алып, жазалашканы  белгилүү. Өлүм жазасын киргизүү маселеси бизде маал-маалы менен көтөрүлүүдө.

Бишкектеги «Ала-Тоо» аквапаркындагы баланын өлүмүнө байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, иш Жазык кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” жана «Керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу» беренелери менен козголгон. Аквапарктын куткаруучусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

6-июнда Бишкекте «Ала-Тоо» аквапаркында №95 мектептин үчүнчү классынын окуучусу сууга чөгүп каза болгон. Баланын апасы ал жакка окуучуларды мектеп уюштуруп алып барганын, аквапарктын кызматкерлери жана эки ата-эне көзөмөлдөп турат деп убада берилгенин айткан.
Балдардын коопсуздугу жана укуктары негизги көйгөй. Азыркыга чейин коопсуз системаны түзө албагандыктан ушундай окуялар болууда. Зомбулук, укук бузуу, өлүм, кырсык менен коштолгон окуялар ачык-айкын, тыкыр иликтениши керек.

Балдар укугун коргоо лигасынын төрайымы Назгүл Турдубекованын пикири боюнча мас адам мейманкананын эшигин адаштырып, кичинекей балдары менен отурган аял эшикти ачпай койсо, эшикти тепкилеп сындырып, кирип барган. Өзүнүн буюмдарын издеп, аялды бетке муштап жиберген. Кичинекей балдар коркуп ыйлаганда улуу баласы аргасыздан апасын жана бир туугандарын коргоп, мас адамга кол салган. Булардын атасы жок, улуу баласы ушинтип коргонууга аргасыз болуптур. Бычак жеген адамдын абалы канааттандырарлык болуп турса да, Ленин райондук соту 16 жаштагы баланы бир айга түзөтүү колониясына камап жатат. Бул иште сот тескерисинче баланы сот залынан бошотууга тийиш болчу. Бул иште өспүрүм бала мас кишиден энесин, өзүн, кичинекей бир туугандарын коргош үчүн аргасыздан бычак урган. Демек, тергөөчү кылмыш ишин козгоодо жана баланын бөгөт чарасын кароодо ушуну эске алып, үй камагына алышы керек эле.
2022-жылга чейин жашы жете элек 41 өспүрүм түрдүү кылмышка шек саналып тергөө абагында отурганы белгилүү болгон

Ырысбай АБДЫРАИМОВ,

журналист.