Домой Агартуу айдыңында Балдарды, мектепти сүйгөн Гөлү агай

Балдарды, мектепти сүйгөн Гөлү агай

7

Ноокен районундагы Тешебай Орозматов атындагы орто мектептин дене тарбия жана аскерге чейинки даярдык сабактарынын мугалими Калмамат Тургунбаев элүү эки жылдан бери бир жерде, окуучулук курагында билим алган өз мектебинде үзүрлүү иштеп келе жатат. Окуучулары менен айылдаштары жана кесиптештери сымбаттуу жана кымбаттуу, дайыма шайыр-шатман жүргөн чымыр денелүү, тамашакөй Калмаматты атынан толук айтпай, бир жагынан эркелетип, экинчи жагынан урматтап, сыйлоо менен “Гөлү агай” деп, саламдашып, кайрылышат.

“Балдар спортко, аскер болууга кызыгышат”

Гөлү агай мындай кадыр-баркты бир мектептен жылбай, туруктуу иштегендиги жана педагогдук зор тажрыйбасы, чарчабаган-чаалыкпаган жана талыкпаган күжүрмөн маңдай тери, эмгекчилдиги менен тапты. Буга дейре мугалимдердин маянасы көбөйгөнгө чейин алган өтө аз айлыгына кайыл болуп, “Дарак бир жерде көгөрөт” дегендей, республикабыздын орто мектептеринде окуучуларга билим-тарбия берген мугалимдердин басымдуу бөлүгү эжекелер. Мектептерде эркек мугалимдер көп жылдардан бери жетишсиз экендиги улуу-кичүүнүн баарына белгилүү. Биздин оюбузча, балдарды чыныгы эр жигиттердей эрки күчтүү, кандай гана кыйынчылыктар болбосун чыдай билген, оор жумуштарга кабагым-кашым дебеген, туруктуу кылып тарбиялоодогу агайлардын мектептеги орду бөтөнчө маанилүү. Анан да чарчап-чаалыгууну оюна албай, мүмкүнчүлүгүнүн болушунча тынбаган кыймыл-аракетте болуп, өмүр бою мектепте окуучуларга дене тарбия жана аскерге чейинки даярдык сабактарын окуткан агайлар оору дегенди билбей, сексен жаштан ашса да, ден соолугу чың жана тың болуп, узак жашап жүрүшкөнү спортчу агайлардын жүрүм-турумунан байкалат. Калмамат Тургунбаевдин психологиялык жактан оор кесипти тандап алуусуна анын өзүнүн айтымында бир тууган агасынын педагогикалык тармакта эмгектенүүсү себеп болгон.
Калмамат агайдын эмгек чыйырына көз сала турган болсоңуз, ал 1968-жылы мурдагы Ленин районунун Рахманжан атындагы колхозго жайгашкан №9 “Ноокен” орто мектебин бүтүрүп чыгат да, жетилүү аттестатына ээ болгон соң, Ош мамлекеттик педагогикалык институтка окууга тапшырат. Бирок ОГПИдеги конкурста баллы жетпей калат да, ошол эле жылы Жалал-Абад шаарындагы А. С Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайдын дене тарбия бөлүмүнө документтерин тапшырып, экзамендеринен өтүп, окууга кабыл алынат. Аны 1970-жылы май айында бүтүрүп, дене тарбия мугалими адистигине ээ болот. Ошол эле жылы педагогикалык орто окуу жайдын диплому менен мурда өзү бала кезинен билим алган №9 “Ноокен” орто мектебине келип ишке кирет. Жаш кезинде билим-тарбия берген агай-эжекелери, кийинки кесиптештери менен чогуу окуучуларды спортко, шамдагайлыкка жана аскердик даярдыкка да үйрөтө баштайт.
-Мектепте ушул учурда да стадион иштейт. Волейбол жана футбол аянттары бар. Балдар-кыздар аскердик даярдыкка да аябай кызыгышат. “Агай, окууга аскер форма кийип келелиби?”,- деп сурашат. Балдар өздөрүн күчтүү, жарашыктуу көрсөткүлөрү келишет да. Демек, алардын Мекенибизди коргоого болгон дилгирлигин ушул сөздөрүнөн эле билүүгө болот. Дене тарбия сабагынан мектептерге бөлүнгөн сааттар жана көрсөтмө куралдар, спорттук эмерек-инвентарлар, албетте, биздин мектепте жетиштүү. Жумасына ар бир класска эки сааттан убакыт бөлүнөт,- дейт окуучулары жана өз сабагы тууралуу Калмамат Тургунбаев.
Гөлү агай 1999-жылы чет элдик жоочулар Баткен облусуна кол салганда Ноокен районундагы резервдик ротанын жоокерлерин жарым айда даярдап берген. Өзү элүү жашка чыккандыгына карабай, өзүн офицер, жоокер сезгени менен аскерге алынбай калган. Аскерге даярдаган жоокер-жигиттери ошондо Баткен облусун “боевиктерден” коргоого жөнөтүлүп, мекенибиздин чек арасын сактап турушкан.

Ак эмгеги менен сыйлыктарга жетишип

Ал азыр жетимиш эки жашта. Ага карабай, бүткүл болгон билим-тарбиясын өз айлындагы №8 Тешебай Орозматов атындагы “бир тууган” мектебинин окуучуларына берип келе жатат. Спорт оюндарына балдар-кыздарды мыкты даярдаганы үчүн волейбол оюну боюнча орто мектептин командасы бир нече жылдан бери “Ноокен районунун чемпиону” деген наамды колдон чыгарбай, Жалал-Абад облусу боюнча өткөрүлгөн мелдештерде дайыма 2-3-орундарды ээлеп келүүдө.
Капитан Калмамат Тургунбаев Кыргыз Республикасы 1991-жылы 31-август күнү көз каранды эмес мамлекет экендигин жарыялаган убактан бери окуучулардын көңүлүн кыргыздын улуттук оюндарына буруп, ордо оюнуна балдарды машыктырып, бул жагынан да райондо болсун, же облуста болсун, мектептин командасы биринчиликтерди колдон чыгарыша элек. Муну менен чектелбей, Т. Орозматов атындагы орто мектептин жаш ордочулары Нарын шаарында өткөн республикалык биринчиликте, Бишкек жана Ош шаарларында болгон мелдештерде байгелүү орундарды утуп келишкен. Ошол себептүү 1991-жылдан бери ордо боюнча Ноокен районундагы “биринчилик” да Калмамат Тургунбаев даярдаган жаш спортчулардын колунан чыга элек. Ал эми мектептин командасы “аскерге чейинки даярдык — жаш жоокер патриоттук-спорттук” оюндары боюнча да 2000-жылдан бери биринчи орунду ээлеп келүүдө. Гөлү агайдын өзү жаштайынан бери эле волейбол, чуркоо, кол тобу, футбол оюндары боюнча райондун жана облустун курама командаларында ойноп келди.
Мугалимдердин келечек ээлерин тарбиялоодогу тынымсыз, күжүрмөн эмгеги сөзсүз үзүрүн берет. Бул сөзүбүздү К. Тургунбаевдин колуна тийип, көкүрөгүнө тагылган нечендеген сыйлыктары: Ноокен райондук жана Жалал-Абад облустук мелдештердин 1-даражадагы дипломдору жана кырктан ашык Ардак грамоталары, республикабыздын билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, “Эл агартуунун мыктысы” төш белгиси менен 2000-жылы спорт жана дене тарбия министрлиги сыйлаган “Дене тарбиянын отличниги” төш белгиси, билим берүү жана илим министрлигинин “Ардагер-мугалим” медалы айкындап-тастыктап турат. Быйыл советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө байланыштуу ал жакында Кыргыз Республикасынын “ооганчы аскерлер уюмунун “Жылдын мугалими” аттуу медалы менен да сыйланды.

Түбөлүк тынчтык болсун!

Аскерге даярдоо боюнча Калмамат Тургунбаевден сабак алган уландардын алды Ошто эки полковник жана бир нече офицерлер республикабыздын аскердик бөлүктөрүндө кызмат өтөшүүдө.
— Аскерге чейинки даярдык иши өтө маанилүү жана биздин өлкөбүзгө аябай зарыл, улан-кыздарды Мекенди коргоого жана патриоттуулукка тарбиялоого чоң көңүл буруу зарылдыгын быйылкы жылдын 14 – 17-сентябрь күндөрүндө Баткенге кол салган тажиктердин агрессиясы дагы бир жолу далилдеп койду. Бул тармакка көңүл буруу – ырасын айтканда, адамды канааттандырбайт. Мектептерде аскерге даярдык сабагына бир жумасына сегиз саат гана убакыт бөлүнөт. Мурда мектептерде мектеп директорлорунун “аскердик-патриоттук тарбия боюнча орун басары” деген кызмат болор эле. Азыр бул кызмат жок. Аскердик-патриоттук китептер жетишсиз. Аны мугалимдер өздөрү Бишкектен өтүнүшүп, сатып алышат. Балдарга үйрөтүүчү автомат, уулуу заттардан коргоочу баш кийим, химиялык курал-жыттардан сактоочу кийим-кечек, гранаталар менен октордун макеттери биздин мектепте болгону менен башка мектептерде андай көрсөтмө куралдар таңкыс. Аскердик-патриоттуулук маселесине башкы көңүлдү буруу керектигин Баткендеги Тажикстандын кол салуусу көзүбүзгө даана көрсөтүп койду. Бирок, дайыма эл-жерибизде Мекенибизде тынчтык болсун!,- дейт Калмамат Тургунбаев.

Ырысбай АБДЫРАИМОВ,
журналист.