Домой Агартуу айдыңында Балдарыбыздын келечеги кантет?

Балдарыбыздын келечеги кантет?

22

Эң ардактуу, ары түйшүктүү мугалимдик кесипти аркалаганыма 10 жылдын жүзү болду. Бул жылдардын ичинде ичинде үй-бүлө, бала-чаканын түмөн түйшүгү, тарбиясы, үйдү-үй кылып күтүүдө, ошону менен бирге ишти алып кетүүдө, ар түрдүү кырдаалдар болду. Ошого карабастан түйшүктүү кесипти аркалап, мектепте уюштуруучулук кызматты алып баруудамын. Жоопкерчилик, ар бир окуучунун жүрүм-туруму, сабакка болгон кызыгуусу, озун алып жүрүүсү – айтор бардыгы көз алдымда.
Кичинекей айылыбыздын ар бир окуучусун көз жаздымымда калтырбайм. Алар заманыбыздын мыкты инсандарынан болушун тилейм. Таланттуу балдарды өстүргүм-өнүктүргүм келет. Бирок азыркы кырдаал оңой эмес, башкасын коюп, эмгек миграциясын эле алсак, канчалаган жаш өспүрүмдөр таята-таененин, чоң ата — чоң энелеринин, туугандарынын колунда тарбияланышат. Аларда эне мээрими, ата тарбиясынын жетишпестиги көрүнүп эле тургансыйт. Мындай балдардын келечеги кандай болот, элдин баары чет өлкөгө акча табууга кетип жатканын көрүп, биз алтындай өмүрдү акча менен баалап жаткан жокпузбу деген ой кетет. Минтип олтурсак, Кыргызстан 20-30 жылдан кийин таптакыр билимсиз өлкө болуп калбайбы? Келечегибиз кайда, кайда баратабыз?
Турмуш көрсөткөндөй, мигрант ата-эне биринчи кезекте балдарынын кем-карчын, кийим-кечесин, оокат-ашын ойлойт экен, анан алардын камкордугунун, балага көңүл бургандыгынын башкы белгиси – чөнтөк телефон сатып беришет. Балдар болсо интернетке байланышып, керексиз сайттарга киришет. Убакытты куру бекер өткөрүп жатышат. Азыр адабий китеп окуган окуучу аз санда кездешет. Биздин эң жакшы окуган окуучуларыбыз да кесип жөнүндө, Ата Мекенге кызмат кылуу жөнүндө ойлонбостон, чет жакка, апамдарга эртерээк кетсем деп эңсешет. Мунун түпкү тереңинде кантип да болсо акча иштеп табуу керек деген ой жатканын баамдоо кыйын эмес. Ошентип баарыбыз акчага байланып калгандайбыз.
Мен мектепте кесип, балалык сүйүү, кылмыштуулук, рэкетчилик сыяктуу ар түрдүү темадагы диспут, кечелерди байма-бай өткөргөнгө аракеттенем. Айрым окуучулар андан сабак ала алышат. Оозеки сүйлөө речи калыптанып, ой өрүшү кеңейет.
Мени ойлонткон маселе – балага ар тараптуу, үйдөн да, мектептен да бирдей талап коюлуп, балдарыбызга татыктуу тарбия бере алсак деген гана ниет

Чынара КЕРИМКУЛОВА,
№25 К. Алымкулов атындагы
Мукур орто мектебинин уюштуруучусу,
тарых мугалими,
Аксы району.