Барпы театрынын ачылгандыгына 30 жыл
Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын чыгармачыл жамааты өткөн аптада көрүүчүлөргө Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү драматург Мар Байжиевдин “Он экинчи күн” комедиясын тартуулады. Комедиянын көрөрмандарга жаккандыгын артисттер мыкты аткарган көрүнүштөргө кубануу менен кол чапкандыгынан билсе болот. Быйыл ушуну менен театрдын сезону жабыла тургандыгын театрдын директору, белгилүү обончу Эмил Балтагулов оюн көрсөтүлүп бүткөндөн кийин комедияны көргөнү келген театр сүйүүчүлөрүнө Бек Борбиевдин “Сунам ырдесте” аттуу ырын өзү аткарган соң кулактандырды. Ал көрүүчүлөргө ыраазы болуу менен облустук драма театрынын артисттери эс алууга чыгышарын жана күзүндө театрдын отузунчу көшөгөсү жаңы чыгармалар менен ачыларын айтып өттү. Театрдын актерлору буга дейре жыл сайын дүйнөлүк жана кыргыздын классик жазуучуларынын чыгармаларын сахнага алып чыгышып, театр сүйөрмандарынын купулуна толушкан. Жыйырма тогузунчу сезондун убагында алар Мар Байжиевдин “Адашкан адам” аттуу драмасын да көрүүчүлөрдүн сынына коюшкан. “Он экинчи күн” комедиясынын артынан театрдын таланттуу артисттери чакан концерт да коюшту. Анда жаш актриса Мээримай Нураева “Курманбек” дастанынан үзүндү айтса, ырчы Элиза Кушбакова ырдап, жаш актер Руслан Акматов аткарган “Досторго” деген эстрадалык ыр да баштан-аяк кол чабуулар менен коштолуп турду.
Быйыл күздө Жалал-Абад облусунда Барпы атындагы кыргыз драма театрынын ачылгандыгына 30 жыл толот. Театр – 1992-жылдан тартып, облус борборунда иштей баштаган. Бир нече жолу КМШ өлкөлөрүндө, анын ичинде кара тумоо пандемиясы чыкканга чейин маданий иш чара менен Россия Федерациясынын Новосибирск, Новокузнецк, Екатеринбург, Томск, Красноярск, Иркутск, Тюмень, Перьм шаарларында жана Хакасия, Тыва республикаларында иштеп-жашап жүргөн кыргыз боордошторуна өз өнөрлөрүн тартуулап келишкен. Театр кызматкерлери Орусияда, гастролдо Кыргызстан эгемендик алгандан бери алгачкы ирет болгон. Орус жеринде “Адашкан адам” спектаклин Барпы театрынын 14 кызматкеринен турган топ аткарган. Бишкекте да гастролдо болуп келген.
Аталган тетрда азыр Кыргыз эл акыны, төкмө Рахматулла Козукеев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, башкы режиссер Бакыт Жумалиев, актриса Шайымбү Мамбетова, актер Адыл Абдывахитов жана башка облуска таанымал артисттер иштешет.
Ырысбай АБДЫРАИМОВ,
журналист.