Домой Агартуу айдыңында “Билерман ордо” интеллектуалдык оюну (9-класс)

“Билерман ордо” интеллектуалдык оюну (9-класс)

91

Усулу: Көрсөтмөлүүлүк, топто иштөө
Максаты:
а)Окуучулар оюндун тартиби, жүрүшү, жыйынтыкталышы менен таанышат.
б)Окуучулар физика, математика, информатика ж.б. предметтер боюнча билимдерин текшеришет, логикалык суроолорго жооп беришет, билгендерин бышыкташат, билбегендерин үйрөнүшөт.
в) Топто иштөө менен бирге эле бири-бирин угууга, бири-бирин сыйлоого, бири-биринин пикирин колдоого тарбияланышат.
Жабдылышы: ноутбук, телевизор, колонка, предметтерден түзүлгөн 25 суроо, түстүү сүрөттөр, шарлар, маркерлер ж.б.
Оюндун ссылкасы: file:///C:/Users/User/Desktop/Билерман%20ордо.html
Оюндун жүрүшү:
Топтор өздөрүнө ат коюшуп, команданын капитанын шайлашат.
1-топ “Ньютон” 9-“а” класстын окуучулары
2-топ “Галилей” 9-“б” класстын окуучулары
Андан кийин экрандан таблица ачылат:

1. Окуучулар упайына карата, деңгээлине жараша суроо тандап, жооп беришет. Мисалы, физика-400, логикалык суроолор-200 ж.б.
2. Туура жооп берсе, тандаган упайы кошулат, туура эмес жооп берсе кемитилет. Баалоо экраны экранда такай көрүнүп турат.
3. Жыйынтыгында 3200 упай менен 9-“б”класстын “Галилей” командасы жеңүүчү болушту. Ал эми 9-“а” класстын “Ньютон” командасы 2300 упайга ээ болушту.
Суроолор:
Физика
1.Бадыраңды, сүзмөнү, этти туздоо кайсы кубулушка негизделген? (100 упай)
2.Машина жүргөндө чалкалап, токтогондо алдыга жүткүнөбүз, эмне үчүн? (200 упай).
3.Коён 54 км/саат ылдамдык менен качып баратат. 12 м/с ылдамдык менен кууган карышкыр жетеби? (300 упай)
4.Эмне үчүн китептин кургак барактарын ачканга караганда суу барактарын ачканга көп күч сарпталат? (400 упай)
5.Төмөнкү формулаларды толуктагыла: (500 упай)
F = m*______
P = F| ______
Математика
1.Тең жактуу 3 бурчтуктун ички бурчтарынын суммасы канчага барабар? (100 упай)
2.Столдун үстүндө 2 тыйын турат, экөөнүн суммасы 3 тыйын. Алардын бирөөсү бир тыйын эмес. (200 упай)
3.Пифагордун теоремасы кандай формулировкаланат? (300 упай)
4.Биринчи сан 12, экинчиси андан 3 эсе аз, үчүнчүсү экинчисинен 4 эсе көп. Ал сандардын суммасы? (400 упай)
5.(2х + 4)*6 = 48 теңдемесинин тамыры кандай? (500 упай)
Информатика
1.Маалыматты өлчөөнүн эң кичине бирдиги канча? (100 упай)
2.Окуу китебинин авторлору? (200 упай)
3.WWW (Word Wide Web) cөзү кантип которулат? (300 упай)
4.Компьютерде текст терүү үчүн кайсы редактор колдонулат? (400 упай)
5.Кайсы бир объект өзүн өзү кайталаган процесс – бул…
Логикалык суроолор
1.Менин атамдын баласы, бирок ал менин агам да, иним да эмес. (100 упай)
2.4 сааттын ичинде төрт адам домино ойношту. Ар бир адам канча сааттан домино ойношту? (200 упай)
3.Балыкчы 1 саатта 2 балык кармайт, 2 саатта канча балык кармайт? (300 упай)
4.Даракта 10 чымчык конуп турат. Мергенчи бирөөсүн атып түшүргөндөн кийин, даракта канча чымчык калды? (400 упай)
5.Бир мезгилде бир көпүрөдөн 3 адам өтөт: бири басып, экөө баспай, экөө көрүп, бирөө көрбөй. (500 упай).
Аралаш суроолор
1.“Абай” олимпиадасынын демөөрчүсү ким? (100 упай)
2.Молюсканын канынын түсү кандай? (200 упай)
3.Адамдын көзү эмне үчүн суукту сезбейт? (300 упай)
4.Фрунзе шаары качан Бишкек шаары болуп өзгөргөн? (400 упай)
5.Кайнак сууга алтын жана күмүш кашыктарды салышты. Кайсынысы көбүрөөк ысыйт? (500 упай)
Жооптору:
Физика.
1.Диффузия кубулушу
2.Инерция кубулушу
3.Коён 54 км/саат =15 м/с 15 м/с > 12 м/с жетпейт.
4.Тартуу күчү
5.1 а 2S
Математика
1.1800
2.1 тыйын + 2 тыйын = 3 тыйын (200 упай)
3.с2 = а2 + в2
4.12+12:3+4*4 = 32 Жообу: 32
5.х = 2
Информатика
1.Бит
2.Цыбуля, Самыкбаева, Беляев, Осипова, Мамбетакунов.
3.“Бүткүл дүйнөлүк желе”
4.Microsoft Word
5.Рекурция
Логикалык суроолор
1.Өзүм
2.4 сааттан
3.Белгисиз
4.Калбайт
5.Боюнда бар аял бала көтөрүп өтөт.
Аралаш суроолор
1.Момунов Улан
2.Көк
3.Адамдын денесинин айрым чекиттери гана суукту сезет. Көздө ошол чекиттер жок.
4.1991-жылы
5.Күмүш кашыктын салыштырма жылуулук сыйымдуулугу чоң. Ошондуктан, күмүш кашык көбүрөөк ысыйт.

Айжан ТУРГУНОВА,
Мамадалы Барпиев атындагы №19 Жылгын жалпы орто билим берүүчү мектебинин физика жана информатика мугалими

Өзүм жөнүндө:

Мен, Тургунова Айжан Суйуналиевна, Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районуна караштуу Жылгын айылында 1982-жылы 3-февралда жарык дуйнөгө келгем.
Бишкек шаарындагы И. Арабаев атындагы КМПУнин жаңы маалыматтык технологиялар институтуна (ИНИТ) тапшырып, 2004-жылы аталган окуу жайын артыкчылык диплому менен аяктап, физика информатика предмети боюнча окутуучу адистигин алгам.
Эмгек жолумду 2005-жылы 24-январда Аксы районуна караштуу Мамадалы Барпиев атындагы №19 Жылгын жалпы орто билим берүүчү мектебинде физика, информатика мугалими болуп иштөөдөн баштагам. Учурда жогоруда аты аталган мектепте эмгектенип жатам.