Домой Агартуу айдыңында Биринчи мугалим Н. Жайлообаевдин 130 жылдык мааракеси

Биринчи мугалим Н. Жайлообаевдин 130 жылдык мааракеси

77




2022-жылдын 15-октябрында Назармат Жайлообаевдин 130 жылдыгына карата райондук иш чара уюштурулуп, 1-бөлүгү Ала-Бука педагогикалык колледжинде белгиленип, райондук деңгээлде практикалык конференция өткөрүлдү. Практикалык конференцияга Ала-Бука райондук администрациясынын башчысы-аким Кайырбек Чаргынбаев, райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Саматкул Максымбеков баш болгон райондун ардагерлери, Ала-Бука райондук билим берүүнүн башчысы, Т. Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысы жана Назармат Жайлообаевдин уул-кыздары, неберелери чакырылды.
Конференция №14 Н. Жайлообаев атындагы орто мектеби тарабынан даярдалган даректүү документалдык фильм менен башталды. Райондук гезиттин редактору К. Камбарбеков «Мажму ат таварик» кол китеби боюнча маалымат берсе, мектептердин жана педагогикалык окуу жайдын мугалимдери докладдарын окушту. Ал эми, Ж. Бешимов орто мектебинин мугалими Ж. Алчынбаевдин “Н. Жайлообаевдин Өрүктү-Сай айлындагы эмгек жолунун башталышы. 1919-жыл жана 1940-41-жылдар” деген темадагы доклады видео слайд менен коштолду. Конференциянын катышуучуларына кезек менен сөз берилип, Ала-Бука, Аксы өрөөнүнүн биринчи мугалими, алгачкы агартуучу Н. Жайлообаевдин өмүр жолун, жасаган эмгектерин эске салышты, докладдарды талкуулашты жана мыкты докладчылар диплом менен сыйланышты. Ошондой эле, Ормонбек Жайлообаевдин “Биринчи мугалим – Жайлообаев Назармат” деген китеби (блокнот, ручкасы менен) конференциянын бардык катышуучуларына эстелик катары таратылды.
Ал эми иш чаранын 2-бөлүгү эртеси күнү Н. Жайлообаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Билимге карай баскан жол» аттуу темада уланды. Бул иш чарага Ала-Бука райондук администрациясынын башчысынын орун басары А. Жунусалиева, Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн профсоюз уюмунун төрагасы Ж. Дурусалиев, Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинин усулчусу Д. Молдошбаева, Т. Балтагулов айыл аймагындагы мектептердин директорлору, Назармат Жайлообаевдин уул-кыздары жана урук-туугандары катышты. Сөзгө чыккандар тарабынан улуу инсандын өмүр жолу, жасаган иштери, элге сиңирген эмгеги боюнча тарых барактары баракталды.
Иш чарада Назармат Жайлообаевдин 130 жылдыгына карата бир айлыктын жыйынтыгы чыгарылып, 8-11-класстар арасында “Билимге карай баскан жол” аттуу темада дил баяндар сынагынын, 5-7-класстар арасында “Назармат – биринчи мугалим” деген темада сүрөт конкурсунун, класс жетекчилер арасында “Назармат Жайлообаев – Аксы өрөөнүнүн Дүйшөнү” деген темада ачык сабактардын иштелмелеринин конкурсунун, предметтик мугалимдер арасында көргөзмө куралдардын конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталып, Назармат Жайлообаев атындагы фонд тарабынан грамоталар жана атайын белектер менен сыйланышты. Ал эми, сүрөт жана эмгек мугалими А. Хайдаровдун бош калган кабинетти ремонттоп, окуучулардын тарткан сүрөттөрү жана кол эмгегинен жасалган буюмдары менен жасалгалаганы зор мактоого татыктуу болду. Кабинетке пол жаткыруу жана жылытуу жагынан жардам берүүнү Назармат Жайлообаевдин балдары өз колдоруна алышты.
Ошондой эле мектептин окуучулары тарабынан уюштурулган адабий көркөм бөлүктө тарых мугалими М. Кулушевдин “Аксы аймагынын биринчи мугалими” деген темадагы доклады Н. Жайлообаевдин басып өткөн жолу боюнча сахналаштырылган көрүнүшү, бий ийриминин окуучуларынын “Ак Бакай” бийи, ыр жазган окуучулардын көркөм окуусу иш чаранын көркүн ачты.
Улуу инсан, Аксы өрөөнүнүн биринчи мугалими Назармат Жайлообаевдин 130 жылдыгын белгилөө идеясы Н. Жайлообаевдин уулу Ормонбек Жайлообаевге таандык. Ормонбек агай жетектеген Н. Жайлообаев атындагы фонду тарабынан Н. Жайлообаев атындагы жалпы билим берүүчү мектебине, окуучуларга, мугалимдерине демөөрчүлүгү уккан адамдын кулагын, көргөн адамдын көзүн сүйүндүрбөй койбойт.
Д. МОЛДОШБАЕВА,
райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу,
Ала-Бука району.