Домой Агартуу айдыңында БИРИНЧИ МУГАЛИМ – НАЗАРМАТ ЖАЙЛООБАЕВ

БИРИНЧИ МУГАЛИМ – НАЗАРМАТ ЖАЙЛООБАЕВ

11

БИРИНЧИ МУГАЛИМ – НАЗАРМАТ ЖАЙЛООБАЕВ


Жакында Ала-бука районунун борборундагы Ала-Бука кесиптик колледжинде жогорудагыдай темада илимий конференция өз ишин болду. Ал иш чара райондук админстрация, билим берүү бөлүмү, колледждин уюштуруучулугу жана Жайлообаев коомдук фондунун демөөрчүлүгү астында өткөрүүдө. Конференцияны агартуучу, филология илимдеринин кандидаты, профессор Салима Рыспаева алып барды. Алгач каарманыбыздын уулу Омор Жайлообаевдин «Биринчи мугалим – Жайлообаев Назармат» деген китеби конференциянын катышуучуларына таратылды, куттуктоо сөздөр айтылып, атайын даярдалган докладдар, адабиятчы, окмуштуу, Назармат Жайлообаевди жана аны көздүн карегиндей сактап келген «Мажму атут таварих» аттуу кол китепти изилдеген Омор Соороновдун жолдогон каты окулду. Райондун акими Кайырбек Чаргынбаев өз сөзүндө: -Назармат Жайлообаевдин өмүр баяны, чыгармачылык жолу менен таанышып, Чынгыз Айтматовдун ‘Биринчи мугалимин элестеттим, китептеги маалыматка караганда Дүйшөндон алда канча мурда мектеп ачып, балдарды окуткан экен, жогорудагыдай эмгеги үчүн Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл жылдыз ордендерин алыптыр,- деп айтты. Ал эми конференциянын катышуучусу Калча Сатимбаевна өзүбүздөн чыккан агартуучу, биринчи мугалимдин тажрыйбаларын, эмгегин өзүбүз республикалык деңгээлде даңазалабасак, ким колдойт деген маселе койду. Бул темадагы илимий конференция үчүнчү ирет өттү, кийинки иш чаралар ал туулуп өскөн Баймак айылында жана анын сөөгү коюлган Чоң мазарда, Азрети Али Эшен бубанын күмбөзүндө улантылды.

Камчыбек Камбарбеков,
журналист.