Сабактын максаты:
а)Боз үйдүн түзүлүшү жана ичинде камтылган илимдер жөнүндө маалымат алышат.
б) Топтор менен иштеп, дүйнө таанымын кеңейтишет.
в) Улуттук баалуулуктарды барктоого, каада-салт мурастарды сактоого, мекенди сүйүүгө, биримдүүлүккө тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: Боз үйдүн макети, сүрөттөр, плакаттар, проектор.
Сабактын жүрүшү:
I.Уюштуруу:
II. Үйгө берилген тапшырманы суроо.
1.Экономика жылында кандай иштерди аткарсак болот?
2.Өнөр жай завод, фабрикаларды кандай жолдор менен иштетип жумуш орундарын пайда кылса болот?
3.Туризм экономиканы өнүктүрүүгө кандай таасир этет?
Окуучулар топторго бөлүнөт.
I. “Билем”.
II. “Билгим келет”.
III. “Билдим”.
Манастан үзүндү.
Түндүгүн сонун сырдатып,
Керегесин сындатып.
Уугуна сай салып,
Жээктеп манат чырматып.
Ак кийиз басып кылдатып,
Баш алгычы жибектен
Баарын сонун чырматып,- деп “Манас” эпосунда айтылгандай байыртадан бери кыргыз баласынын оокат-тиричилиги жана өмүрү боз үйдө өткөн. Боз үй биздин заманга чейин сактардын, хуннулардын учурунда эле болгон. Археологдор Алтайдагы Пазырык дөбөсүнүн биздин заманга чейинки V- III кылымдарга таандык боз үйдүн калдыктарын табышкан. Боз үй көчмөн элдердин акыл-оюнан жаралган жеңил десең жеңил, чечкенге жана тиккенге оңой жайында салкын, кышында жылуу жөнөкөй улуу кол өнөрчүлүктүн туу чокусу.
Боз үйдөн төбөңдү карасаң түндүгүнөн көк асманды, күндүзү күндү, түнү айды көрөсүң. Сыртка чыксаң кең дүйнө шарт ачылат. Өзүңдү боз үйдөн сырткы космос жана ички дүйнө менен бирге жашап жаткандай сезесиң.
Топтор менен иштөө.
Тапшырма.
I топ. Боз үйдүн өлчөмүнө карай бөлүнүшү. (класстер)
II топ. Боз үйдүн ички бөлүнүшү. (рафт)
III топ. Боз үйдүн ичиндеги илимдердин камтылышы. (Венндин диограммасы)
Кыргыз боз үйлөрүнүн жыгачтары негизинен талдан, түндүгү арчадан жасалат. Кытай жазмаларында боз үй жөнүндөгү маалыматтар Б.з.ч доордо эле айтылган. Сыма Цянь “Көчмөндөр эшиги чыгышты карап тигилген боз үйдө жашайт”,- деп эскерген.
Боз үйдүн түзүлүшүндө эч бир жеринде темир колдонулбагандыктан чагылган түшпөйт. Боз үйдүн эң артыкчылыгынын бири жер титирөөгө мыкты туруштук бере алгандыгында. Катуу жер титирөө болгондо боз үйдүн жазылып бүктөлчү жерлери серпилип, туруштук бере алат. Боз үйдө жашоо учурда коомдо талкууга алынып жаткан гендер саясаты (аялдардын тең укуктуулугу) маселеси да, башкача айтканда, аял менен эркектин тең укуктуулугу так аныкталган. Мисалы: Боз үйдүн так ортосунан оң жагы аялдарга тиешелүү болсо сол тарабы эркектерге тиешелүү болгон. Оң тарап “эпчи” сол тарап “эр жак” деп аталган. Мына ушундай артыкчылыктарынан улам бир кездеги көчмөн кыргыз алда качан отурукташып, там үйлөрдө жашаса да боз үйдү жоготпостон кадырлап жайлоолордо жашап келе жатат.
Бышыктоо:
Үч топ башчылары чыгып үлгүсү берилген графаны толтурушат.
Үйгө тапшырма:
Боз үй жөнүндө эссе жазып келүү.
Баалоо.
Асел Хайдарова,
№ 36 Ж. Бөкөнбаев атындагы жалпы
орто билим берүү мектеби,
Кербен шаары.