Сабактын максаты:
•Билим берүүчүлүк: Окуучулар «Бугу эне» жомогу боюнча алган билимдерин тереңдетишип, бышыкташат. Текст боюнча талдоо жүргүзүп, фразеологиялык сөз айкаштарына ажырата алышат.
•Өнүктүрүүчүлүк: Кеп маданиятын, логикалык ойлоо жөндөмдүүлүгүн өстүрүшөт, өз ойлорун эркин айтууга үйрөнүшөт.
•Тарбия берүүчүлүк: Топ менен иштөөгө, бирин-бирин сыйлоого, жаратылышка аяр мамиле жасоого тарбияланышат.
Көрсөткүчтөр:
•Жомокту терең түшүнүп, терең маалымат ала алышса.
•Кеп маданиятын, логикалык ойлоо жөндөмдүүлүгүн өстүрүшсө, өз ойлорун эркин айта алышса.
•Топ менен иштеп бири-бирин сыйлай алышса, жаратылышка аяр мамиле жасай алышса.
Сабактын жабдылышы: Ч. Айтматовдун сүрөттөрү, буклеттери, таркатмалар, кыргыздын улуттук боз үйү, плакаттар, слайд.
Сабактын ыкмасы: Интерактивдүү
Сабактын тиби: Бышыктоо
Сабактын предмет аралык байланышы: кыргыз тили, сүрөт
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу.
Айткым келди, о акылман сөз жайын,
Окуу билим пайдасынан баштайын.
Окуу-түндө алдыңдагы шам чырак,
Билим алсаң маңдай ачык жаркырап.
Окуу, билим көп нерсеге жеткирет,
Бул экөөнөн урмат сыйды көп көрөт.
Сокур дешет билимсизди жок дешет,
Окуу гана жарык чачат дүйнөгө.
Мугалим: Балдар, бүгүн маанайыңар кандай?
Окуучулар: Эң жакшы!
Мугалим: Сабакка даярдыгыңар кандай?
Окуучулар: Баарыбыз мыкты даярданып келгенбиз.
Мугалим: Эң жакшы балдар! Бүгүн кайсы күн, кайсы жыл, канчанчы кылымда жашап жатабыз?
Окуучулар: 2022-жыл, жыл сүрүүдө жолборс жылы, илимдин, техниканын өнүккөн заманы 21-кылымда жашап жатабыз.
Мугалим: Ушундай улуу жылда элибизге эмне каалайсыңар?
Окуучу: Өлкөбүзгө тынчтык, өнүгүү, өсүү каалайбыз.
Мугалим: Бала тили – бал,- дейт кыргыз элимде, ылайым тилегиңер орундалсын.
Сабакка жагымдуу маанай түзүү:
Окуучулар менен биргеликте аткарабыз.
Гүлсаратты минебиз,
Саманчынын жолун карай,
Кызыл алманы бирден санайм.
Бетме-бет туруп алып,
Мугалимге кулак салып,
Ак кеме повестиндеги
«Бугу эне» жомогун талдайлы.
Жаны теманы түшүндүрүү:
Мына ушул чыгармалардын автору эл коргоп баатыр аталбаса да, чыгармалары менен дүйнөгө тааныткан жазуучубуз Ч. Айтматовдун ысымы да тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калды.
Тамшандырып, таң калтырып канчаны,
Атагы анын ай-ааламга таркады.
Ал болуучу улуулардын улуусу,
Ал болуучу залкарлардын залкары!,- деп Кыргыз эл акыны, Кыргыз эл баатыры С. Жусуев атабыз айткандай , дүйнөнү дүңгүрөткөн, залкарлардын залкары, аалам алпы Айтматов жөнүндө канча айтсак да аздык кылат.
Кана балдар, сабагыбызды улуу жазуучуга арналган ырлардан төрт саптан айтуу менен баштасак. (Окуучулар Ч. Айтматовго арналган ырлардан көркөм айтышат)
М: Балдар, биз азыр Ч. Айтматовдун кайсыл чыгармасын өтүп жатабыз?
О: «Бугу эне» жомогун.
М: Келгиле балдар, топторго ат коюп, топ башчыларын шайлап алалы.
1-“Ийгилик” тобу
2-“Бийиктик” тобу
Балдар, силердин кол эмгегиңер менен жасалган кыргыздын улуттук боз үйү турат, кайсы топтун активдүү катышкандыгына карап, өзүңөр алдыңардагы билим баштыкчасындагы чүкөлөр менен баалап турасыңар. М: Бүгүнкү сабакта «Блумдун таанып билүү шатысы» деген усулду колдонобуз. Бул усул боюнча баарыбыз таанышпыз. Мында бир тепкичтен экинчи тепкичке, жөнөкөйдөн татаалга жүрүп отуруп, бийиктикке жетебиз.
1-билим тепкичинде окуучуларга төмөнкүдөй суроолор берилет:
1. Ч. Айтматовдун буга чейин кандай чыгармалары менен тааныш болгонсуңар, дагы кандай чыгармаларын билесиңер?
2. Бул жомоктогу окуя качан, кайда өтөт?
3. Ал аймак бизден канча алыстыкта жайгашкан?
4. Ошол мезгилдин жаратылышы, табияты кандайча сүрөттөлөт?
5. Кыйын кезең күндөрдө чер токойдо кандай куш пайда болот?
6. Ошол кандай күн эле?
7. Салт бузуу деген эмне?
8. Душмандардын максаты эмне?
М: Демек автордун көрсөткөн нерсеси – азалуу элдин эч кимисинин калбай чабылышы, кектүү душмандардын максатына жетип, бир уруу журтту дүйнөдөн тыптыйпыл кылышы, алардын жерин ээлеп, сан түмөн малын олжолоп кетүү.
9) Душмандар кыргыздын баарын талкалай алыптырбы?
Жооп: Бирок душман баарын талкалай албаптыр, баарын жок кыла албаптыр. Экөө калыптыр. Уул жана кыз. Алар токойдон чыгып, айылына келгендеги ал жердин көрүнүшү: өлүү журт, кара жер канга эзилген, бырыксыган күл, үч буту көктү караган тулга.
2. Түшүнүү. М: Ушул жомокту окуп, эмнени түшүндүңөр, силерге кандай таасир калтырды? Окуучулар өздөрүнүн түшүнүгү боюнча топтордо иштешет.
“Ийгилик” тобу Венндин диаграммасы менен иштешет. Мында Бугу эне менен Майрык чаар жез кемпирдин окшоштугу жана айырмачылыктары талданат.
“Бийиктик” тобу Алмаздын кырларын табышат.
1.Зат атооч: Бугу эне
2.Сын атооч: боорукер, мээримдүү
3.Этиш: суранат, жалынат, тиленет
4.Фраза: Мүйүздүү Бугу эне – балдардын Умай энеси.
5.Этиш: Кубанат
6.Сын атооч: кайрымдуу, кечиримдүү
7.Зат атооч: Эне
3. Колдонуу. Бул тепкичте Бугу эненин батасы, тилек-ниети айтылат:
-Оо, балдарым, жер тилип, эгин эккиле! Мал баккыла, балык уулагыла! Миң-миң жыл өмүр сүргүлө! Учуңар узарсын, укум-тукумуңар көбөйсүн! Алдыңарды бала бассын, аркаңарга мал толсун!
Эне тилиңерди укум-тукумуңар унутпасын, эне тилинде эл-жерин даңазалап ырдап жүргүн! Кишиден кем болбогула, башка элге тең болгула!
Майрык Чаар Жез кемпирдин Энесайга карап айткан сөзүн образга берилүү менен айтып берүү:
«О, улуу дайра, Энесай! Эгер сага тоо омкоруп кулатса, муштумдай таш сыяктанып түбүнө чөгөт. Кылым турган карагай кесип кулатса, чабындыдай толкунуңа кетет. Эмесе , эки көздүн эки чечекейиндей болгон мобу адам баласын муздак койнуңа ал. Жер үстүндө бул экөөнө орун жок. Аны сага айтып-айтпай эмне! Эмесе, ач койнуңду, ал эки наристени алып кет. Бул жексур дүйнөдөн экөө чырымталында кетсин, абийири таза, дили ак, жамандыкты биле элек, жаман ойго кире элек периште чагында кетсин. Ач койнуңду, ал эки периштени, улуу дайра Энесай!»
Талдоо. Текст боюнча доордун белгилерин табуу, фразеологиялык сөз айкаштарына ажыратуу:
* «бирин-бири чаап алган, бири-бирин талап алган»
* «кези келгенде аттанып казат жүрүп»
* «касташкан уруунун үйүн өрттөп, күлүн көккө сапырып, элин кырып, жылкысына тийип, малын айдап кетчү»
* «эр өлтүрүү эрдик саналып, кишини киши аябай, адамды адам тукум курут кылмай»
* «эгин эгип, түшүм жыйнар, мал багып, мергенчиликтен олжо таап келер эр бүлө калбай»
* «буту менен басып, мурду менен тынгандын баары тынч эмгекти таштап салып, жоокерчилик, талоончулук менен кун көрүп калыптыр»
Теңтайлаштык, эне-балалык мыйзам бузулду. Текст боюнча адамды жана Бугу эненин маралдарынын абалын көрсөткөн таблицаны толтуруу.
Адамдар
•Жаа тартып, ак маралдын артынан сая кубат.
•Бугулук элдин ар кимиси өлгөн ата-бабасынын күмбөзүнө бугунун мүйүзүн орнотууну урмат эсептеп, орнотпосо кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болот.
•Кара өзгөй камбылдар бугунун мүйүзүн көп камдап, кардар бугулуктарга сатууну кесип кылып алат.
•Жандоочулар ит агытат.
•Ким тандап атат деп мелдешет. Ким көп сулатат деп мелдешет.
Бугу–маралдар
•Каран түн түшөт.
•Бугунун мүйүзү акчага сатылып, соодага жүрөт.
•Кыргынга калат.
•Аяган жан болбойт.
•Жайылган жайытынан куулат, түнөгөн түнөгүнөн сүрүлөт.
•Балбылдаган шам чырактай көздөрүнөн аккан жашы кургабай боо түшөт. Жайытынан маңкайып карап турчу карааны өчөт.
•Бау-бау бакырган үнү өчөт.
•Качанкы кайран бугулардын мүйүзү кагжырап, ураган күмбөздөрдүн маңдайында гана калат.
Баалоо
Бул тепкичте улуттук стратегиялык PISA-2022 боюнча эки топко тест берилет:
А). Ч. Айтматовдун «Бугу эне» жомогунда «Жылдыздар адам болсо, көккө батмак эмес» деп ким айтат?
•Майрык Чаар жез кемпир
•Кыргыздын душмандары.
•Мүйүздүү Бугу эне.
•Бугу эненин балдары
Б). Илгери-илгери кыргыз журту мекендеген Энесай жөнүндө мобул ыр калган. Ошол Энесай каякта жайгашкан эле?
Энесай, сендей жайкын өзөн барбы?
Энесай, сендей жаркын мекен барбы?ң
Энесай, сендей кыйын азап барбы?
Энесай, сендей ыйык азат барбы?
•Кыргызстандын түндүгүндө
•Кыргызстандын түштүгүндө
•Кең өзөн түндүктө Сибирь деген жерде
•Арал деңизине жакын жерде
Логикалык суроо:
1.Адам баласы күн сайын тажабай жасаган үч нерсе бар? (Жооп: аба жутуу, ойлонуу, көз ирмөө)
2.Бул нерсе ар дайым адам баласынын алдында жүрөт. Бирок аны эч ким көрө албайт. Эмне жөнүндө сөз болуп жатат? (Жооп: келечек жөнүндө ойлонуу)
6. Жаратуу
Мына эми балдар, эң бийик чокуга да келип жеттик. Үйгө тапшырма чыгарма боюнча өзүңөрдүн чыгармачылыгыңар менен окуялар боюнча сүрөттөрдү тартып келгиле дедим эле. Окуучулар тартып келген сүрөттөр боюнча көркөм баяндап беришет.
Жыйынтыктоо: Балдар, Мүйүздүү эне кыргыз тоолорундагы чыныгы бугу гана эмес, ал баарынан мурда ата-бабадан келаткан эзелки мурас, символ, ыйык эненин элеси, адам баласы тутунган идеал. Ага кол көтөрүү энеге кол көтөрүү менен барабар экенин сезели. Манас атабыздын жети осуятында айтылгандай, табият менен таттуу мамиледе бололу! Жаратылышыбызга аяр мамиле жасайлы.
Үйгө тапшырма: «Ала-Тоонун, Ысык-Көлдүн көрүнүшү» деген темада этюд жазып келүү.
Баа: Окуучулар топтордо активдүү катышкандыгына карап бири-бирин баалашат.
Гүлшайыр АТАМБЕКОВА,
Р. Солпуев атындагы №60 жалпы орто билим берүүчү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, Аксы району.