Жалал-Абаддагы «Справедливость» укук коргоо уюмуна Кара-Көл шаарынын 69 жаштагы тургуну Халима М. кайрылып, анын небересине карата 26 жаштагы эркектин жыныстык жакындыкка барган фактысына карата укук коргоо уюмдары начар аракет кылып жатат деп даттанды.
Аялдын айтуусуна караганда 1922-жылдын 15-июлунда анын 14 жаштагы небереси 50 миң сом акчаны алып, үйүнөн качып кеткен. Алар Кара-Көл шаардык милициясына кайрылышкан. Кызды 19-июль күнү Бишкектен табышкан. Ошондо кыз ал жакка Токтогул районунун 26 жаштагы тургуну М. А. менен бирге качканы аныкталган.
Ошону менен бирге М. А. жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка баргандыгы жана “Бул – сүйүү” деп ишендиргени белгилүү болгон. Халиманын айтуусуна караганда, кийинчерээк М. А.нын туугандары аны коргоо максатында “ал кыз мурда деле интимдик байланышта болуп жүргөн экен” деген имишти таркатышкан.
“Биз Кара-Көл шаарынын Ички иштер бөлүмүнө арыз жазганбыз, жасалган кылмыштын оор экендигине карабастан, алар аны эч жакка кетпөө талабы менен коё беришкен”,- деп кайгырат аял.
Халима 25 июлда Бишкекке барып, Генералдык прокурордун жана ИИМдин министринин наамына арыз жазган, бирок аялдын айтуусуна караганда, бул иш боюнча алар тараптан эч кандай аракет боло элек. М. А.ны 15-августта гана ММКлар тарабынан резонанс жаралгандан кийин камакка алышкан.
Халима Жалал-Абаддагы «Справедливость» укук коргоо уюмунан бардык соттук териштирүүлөр бүткөнгө чейин укуктук тараптан коштоп жүрүүнү суранды. «Справедливость» укук коргоо уюмунун юристтери М. А. га карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 157 статьясы – “Он алты жашка чыга элек балага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо” деген айыптоо колдонулат болушу керек деген маалымат беришти, бул статья боюнча сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө камакка алуу жазасы каралган.
Маалымат “Справедливость” укук коргоо уюмунан алынды.