Домой Чыгармачыл дүйнө Ч. Айтматов, Н. Исанов, Ш. Өтөбаевдин айкелин жасаган жасаган Козубек Нуракбаев

Ч. Айтматов, Н. Исанов, Ш. Өтөбаевдин айкелин жасаган жасаган Козубек Нуракбаев

18

Козубек Нуракбаев – Жалал-Абад облусундагы таланттуу жана көрүнүктүү сүрөтчүлөрдүн бири. Ал тарыхка калчу монументалдык чоң эмгектердин ээси. “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы” жана “КРнын маданиятынын мыктысы“ төш белгилери, андан сырткары республиканын  маданият министрлигинин жана  райондук, шаардык, облустук  мамлекеттик администрациялардын Ардак грамоталары менен сыйланган.

 

Аскерде беш айда отпуска алган

1955-жылы Аксынын Кара-Жыгач айылында, кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн Козубек Нуракбаев 1962-жылы Кербен шаарындагы Таш-Төбө орто мектебине окууга кирип, анда эки жыл билим алган соң, атасы Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнүн башчылыгына  дайындалгандыгына байланыштуу   ата-энеси, бир туугандары менен Өзгөн шаарына көчүп барып, Ю. Гагарин атындагы интернаттын 3-классына кирет. Сүрөтчүлүк шыгы  дал ушул мектепте ойгонот.  4-класста окуп жүргөндөн тартып, ийримдерге катышат да, өз классынын сүрөтчүсү болуп, кароо-сынактарга катышат. Жатак-мектептин кооздоо иштерине тартылат. Ал 1970-жылы 8-классты бүтүрөт. Ошол эле жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы  С. А. Чуйков атындагы көркөм-сүрөт окуу жайына тапшырып, аны аяктаган соң, азыркы Кочкор-Ата шаарында жайгашкан М. В. Ломоносов атындагы интернатка “сүрөт-чийүү мугалими” болуп жумушка орношот. Бирок, ошол эле жылы аскерге чакырылат да, Чечен-ингуш АССРинин борбору болгон Грозный шаарында, Түндүк-Кавказ аскердик округуна караштуу аскердик бөлүктө  милдетин өтөөгө киришет. Аскердик бөлүктү кооздоо иши аны менен кошо жүргөн, бирок жалкоолукту өтө сүйүп, бир да иш кылбаган эки прапорщиктин милдети да Козубекке жүктөлөт. Козубек аскердик бөлүктө лениндик комната менен Түндүк-Кавказ аскердик округунун офицердик жогорку составы үчүн аскердик-тактикалык даярдыктын залын талаптагыдай кооздоп, көркөмдөйт. Өрнөктүү мындай эмгеги үчүн кызмат өтөгөнүнө беш ай толгондо,  кыска мөөнөттүү  отпуска  ага сыйлык катары берилет. Аскердик отпусканын шарапаты менен туулган жерине келип, эс алып кетет.

 

Тарыхта калчу таасирлүү эмгектер

 

Жоокердик милдетин бүтүргөндөн кийин, 1976-жылы Кочкор-Ата шаарына кайтып келип,  “Кыргызнефтегаз” өндүрүштүк бирикмесине сүрөтчү-кооздоочу кызматына кабыл алынат. 1977-жылдан тартып, 1994-жылга чейин Жалал-Абаддагы көркөм сүрөт өндүрүштүк ишканасында сүрөтчү болуп иштеп, буйрутма-чакырыктарга ылайык облусту кыдырып, айыл-кыштактар менен ишкана-мекемелерди  жана шаарлардын майрам өтүүчү аянттарын, эс алуучу жайларын кооздоп  жүрдү. Чыгармачылык ишке баш-оту менен киришип, көптөгөн картиналары Ош, Бишкек, Анжиян, Ташкен, Жалал-Абад шаарларындагы сүрөт көргөзмөлөрүнө коюлду. Кыргыз элинин жашоо-турмушуна жана жаш үй-бүлөлөрдүн тиричилигине байланыштуу элестүү сүрөттөрдү жаратат. Айылдык көрүнүш, көмүр карьери тууралуу пейзаждык картиналарды тартуу менен бирге ишканаларды, Жалал-Абад курортун  да кооздойт.  Сузак районундагы “40 лет Октября” колхозунун боз үйүндө, эс алуу бөлмөсүндө жыгачтан оюп жасаган монументалдык эмгегин коёт. 1989-1990-жылдары  Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үңкүр айылында жайгашкан  “Медик” лагеринде  таштарды кирпичтердей кынап,  жаныбарларды жасап, “Жомок талаасы” деген скульптуралык-монументалдык чыгарманы жаратканы эсте калаарлык эмгектерден.   Ленин (Ноокен) районуна караштуу “Арал” айылындагы кесипчилик-техникалык окуу жайдын  клубу менен дубалына “Пахтакерлер” аттуу сүрөт тарткан. Кочкор-Ата шаарындагы облустук ден соолукту калыбына келтирүү санаторийинин эс алуу холлдорун, неврология бөлүмүн көркөмдөйт. Ноокен районунун Ноокен айылындагы  орто мектепке аты коюлган колхоздун башкармасы болгон Артык Төрөгелдиевдин айкелин да тургузган. Козубек ал эстеликти жасап бүткөндө А. Төрөгелдиевдин туугандары менен аны көзү тирүүсүндө  көргөн-билген аксакалдар айкелдин кандай жасалганын көргөнү сүрөтчүнүн өнөрканасына барышат. Козубектин өнөрканасына кирип бараткан аксакал,  А. Төрөгелдиевдин бир тууган иниси бюсттун тирүү адамдай жасалган таасиринен улам башын ийип, көзүн далдалай коёт. Көрсө, Козубек ал айкелди кадимки тирүү кишидей жасаган экен. 1997-жылы кесиптеши Калил Чамашев менен бирге  Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын аянтында турган “Баатырлар аллеясын” курганы да райондун тарыхында кала берчүдөй каарман иш. Козубек менен Калил бул аллеяга коюлган райондон чыккан он алты Баатырдын эстеликтерин жасап, тургузушат.  Ал эми 1999-жылы Кочкор-Ата шаарындагы М. Ломоносов атындагы мектеп-интернаттын алдына өлкөбүздүн биринчи премьер-министри болгон Насирдин Исановдун бюстун жасап, орнотот. Эстеликтин ачылышында анын өмүрлүк  жары менен бирге тууган-уруктары окшоштугуна аябай ыраазы болушкан. Кийин ушул шаардагы №14 орто мектепке Губкиндин бюстун жана  №28 орто мектепке Чынгыз Айтматовдун айкелин  атактуу жазуучунун чыгармаларындагы каармандарынын паннолору менен бирге жасаган.  Ушул эле шаардагы музыкалык мектепке ыраматылык эстрада ырчысы Шамшыбек Өтөбаевдин бюст-эстелигин тургузган. Масы айылына караштуу үч орто мектептин алдына белгилүү үч инсандардын эстеликтерин орноткон.

Ал ушул күндөрдө  да директор болуп, иштеп жаткан Кочкор-Атадагы балдардын көркөм сүрөт мектеби 1994-жылы адегенде музыка мектебинин филиалы болот да, 2000-жылы республиканын маданият министрлигине караштуу балдардын өзүнчө көркөм-сүрөт мектеби болуп, кайра ачылган. Сүрөт мектебинде Кочкор-Ата шаары менен ага коңшулаш турган айыл-кыштактардын сүрөтчүлүккө кызыккан көптөгөн өспүрүмдөр билим алышып, сүрөт өнөрүнө үйрөтүлүүдө. Бул мектепти  жүздөн ашык улан-кыз  аяктаган. Алардын жыйырма-отуздан ашык өкүлү азыркы кезде көркөм-сүрөт боюнча жогорку жана атайын орто окуу жайларын да бүтүрүшүп, өлкөбүздүн ар кайсы жерлеринде иштеп жүрүшөт.

 

Ырысбай АБДЫРАИМОВ.