Домой Без рубрики Үч бурчтук жана анын түрлөрү (7-класс, геометрия сабагы)

Үч бурчтук жана анын түрлөрү (7-класс, геометрия сабагы)

24

Сабактын максаты:
• Үч бурчтук жана анын түрлөрү боюнча жаны билимдерге ээ болушат;
• Ар кандай көнүгүүлөрдү иштөө менен ык-машыгууларын калыптандырышат жана көндүмгө ээ болушат;
• Алган билимдерин турмуш менен байланыштырат жана изденүүчүлүккө тарбияланышат.
Көрсөткүчтөр:
• Үч бурчтуктун аныктамасын айтып, анын негизги элементтерин билсе;
• Практикалык ык-машыгууларын калыптандыруу үчүн мисалдарды чыгара алышса;
• Алган билимдерин турмуш менен байланыштырса жана изденүүчүлүккө тарбияланышса.
Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү
Сабактын усулу: Интерактивдүү
Сабактын жабдылышы: Мээге чабуул стратегиясы, фигуралардын эскиздери, макеттер, таркатмалар, сүрөттөр, алтын эреже, чиймелер, үч бурчтуктардын классификациясы, видеопроектор, баалоо баракчасы ж.б.
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу. Саламдашуу. Классты топторго бөлүү: 1-топ “Жактар”, 2-топ “Бурчтар”.
• Түстүн өзгөчөлүгү боюнча топторго мотивация берип, шыктандыруу.
• Баалоонун жүрүшүн түшүндүрүү.
• Бири-бирине жакшы сөздөрүн арноо менен жагымдуу атмосфераны түзүү.
• Алтын эрежени кабыл алуу.
• Мээге чабуул оюнун ойнотом жана төмөнкүдөй суроолор берилет:
1. Быйылкы жыл президентибиздин жарлыгы менен кандай жыл деп белгиленди?
2. Эң чоң бүтүн терс сан кайсы?
3. 2002-жыл 17-март кыргыз тарых барактарында кандай күн?
4. Дүйнө жүзүндөгү адамдар бир эле убакытта эмне кыла алышат?
Үй тапшырмасын текшерүү жана өбөлгө түзүүчү түшүнүктөрдү кайталоо.
Ыкчам тест менен иштөө
I. Чекиттердин ар кандай куру эмес көптүгү эмне деп аталат?
а) кесинди б) айлана
в) шоола г) геометриялык фигура
II. Бир чекиттен чыгуучу эки шоола менен чектелген тегиздиктин бөлүгү – бул?
а) кесинди б) көптүк
в) бурч г) биссектриса
III. Латын сөзү, бизче которгондо “тең экиге бөлүү” дегенди түшүндүрөт. Сөз эмне жөнүндө болуп жатат?
а) көптүк б) кесинди
в) бурч г) биссектриса
Жаңы теманы түшүндүрүү
Аныктама:
Бир түз сызыкта жатпаган үч чекиттен жана аларды удаалаш эки-экиден туташтыруучу үч кесиндиден түзүлгөн фигура үч бурчтук деп аталат. Үч бурчтуктун 3 чокусу, 3 бурчу, 3 жагы бар. Үч бурчтуктун 3 жагы жана 3 бурчу негизги элементтери деп аталат. Үч бурчтуктун А, В, С чокуларына карама-каршы жаткан жактарды тиешелүү түрдө а, в, с тамгалары менен да белгилөөгө болот. Анда ВС=а, СА=в, АВ=с. Ал эми бурчтарын < А,<В,<С же <САВ,<АВС,<ВСА деп белгилөөгө мүмкүн. Аларды үч бурчтуктун ички бурчтары деп айтабыз. Ал эми АВС үч бурчтугу дегенди ▲АВС белгиси менен белгилеп жаза баштайбыз. (1-2-слайддар көрсөтүлөт). Үч бурчтуктун кыскача жазуусун (белгини) геометрияга грек математиги Герон Александрийский киргизген. Эми үч бурчтуктун түрлөрүнө токтололу. Жактарына карата түрлөрү: 1. Бардык жагы бири-бирине барабар болбогон үч бурчтук түрдүү жактуу үч бурчтук деп аталат. 2. Эки жагы барабар болгон үч бурчтук тең капталдуу үч бурчтук деп аталат. 3. Үч жагы барабар болгон үч бурчтук тең жактуу үч бурчтук деп аталат. (3-4-слайддар көрсөтүлөт). Бурчтарына карата түрлөрү: 1. Эгерде үч бурчтуктун бардык бурчтары тар бурч болсо, анда ал тар бурчтуу үч бурчтук д. а. 2. Эгерде үч бурчтуктун бир бурчу тик болсо, анда ал тик бурчтуу үч бурчтук д а. 3. Эгерде үч бурчтуктун бир бурчу кең болсо, анда кең бурчтуу үч бурчтук деп аталат. Үч бурчтуктун негизги касиети: Каалаган үч бурчтуктун ар бир жагы калган эки жагынын суммасынан кичине болот. а<в+с в < а+с с <а+в Эми ушуга карата мисал карап көрөлү. Берилген үч бурчтуктун жактары төмөнкүдөй болушу мүмкүнбү? А) 4см ;3см;1см Б) 5см; 3см; 4см Окуучулар чыгарышат: 4+3< 1 4+1 < 3 3+1=4 Жообу: Үч бурчтук түзүүгө болбойт. 5+3< 4 5+4< 3 3+4< 5 Жообу: Үч бурчтук түзүүгө болот. Чыгаруу: FC=CN=x Р=FC+CN+FN 36=x+x+6 2x=30 x=15 Жообу:15см Үч бурчтуктардын жактарына жана бурчтарына карата классификациялайт. Окуучулар фигуралардын эскизин алып келип, тиешелүү жерлерине жайгаштырып, таблицаны толтурушат. Өзүн-өзү баалоо баракчасынын жыйынтыгы менен баалоо. “Үч бурчтуктар биздин жашообузда “деген темада эссе жазуу. №4, №6 Бүбайша АШЫРБЕКОВА, №4 А. Эрматов атындагы Миң-Булак орто мектебинин математика мугалими, Аксы району.