Домой Илим Чаткал — карт тарыхтын жандуу күзгүсү

Чаткал — карт тарыхтын жандуу күзгүсү

29

Кыргыз – эң байыркы элдердин бири. Элдин байыркылыгы – анын карт тарыхында камтылган. Бирок тарыхты тилсиз сактап калуу мүмкүн эмес, себеби элдин тарыхы менен тилдин тарыхы тыгыз байланышта. Ушундай эзелки тарыхтан кабар берген маалымат булактарын биз топонимдерден (жер – суу аттары) табабыз.
Топоним грек тилинен которгондо topos «орун, жер» жана onyma «ат, ысым» деген уңгу сөздөрдөн туруп, жердин географиялык аталышын билдирет. Топонимдер кандайдыр бир аймактын аталышын далилдөөчү тарыхый документ. Ошон үчүн, топонимдерди окуп-үйрөнүү тарыхый-лингвистикалык зарыл маселелерден экендиги талашсыз. Андыктан, биздин чакан макалабыз «Чаткал» топонимиясын иликтөөгө арналат, себеби, Чаткал топонимиясын окуп -үйрөнүү кыргыз тил илимине гана салым кошпостон, кыргыз тарыхы жана география илими үчүн да өтө маанилүү.
Ырас, Чаткал – тоолордун арасында жайгашкан өзөндүү аймак. Ошого карабастан, Чаткал аймагы байыркы доорлордон эле тарыхчылардын, тилчи-окумуштуулардын кызыгуусун арттырып келген. Алсак, араб изилдөөчүсү Ал-Истахри (920-ж) Жадгал (азыркы Чаткал) Фергана (Перикана, Периштелер каанасы) облусунун курамындагы өзөн деп белгилеген. Ибн-Хаукалдын пикири боюнча (9 -10-к ) Жадгал облусунун борбору Ардланкет (байыркы Күлбөсхан ордосу) жана бул чөлкөмдө мындан башка калаа жок болгон. Ал эми «Китаб Худуд ал-Алам мин ал-Машрик ила — л — Магриб» («Книга о предела мира от востока к западу») (11. 35-280) деген белгисиз автор (982 -983 ж.ж.) жазган китепте Жадгал – Фергананын тоо арасындагы жайгашкан бир району экендигин жазылып калтырылган.
16-кылымда тажик тилинде жазылган молдо Саид-аддин Аксикенттин «Мажму-ат-Таварих » («Тарыхтар жыйнагы ») деген эмгегинде Жадгалда үч шаар болгондугу тууралуу айтылат. Кийинки археологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, алар – Күлбөсхан (байыркы Ардланкет), Үч-Булак, Жанчархан ордолору экендиги далилденген. Мындагы маалыматтар 10 — 11- кылымда бул аймакта чоң калаалардын орду, эски коргондордун калдыктары жана тоо-кен металлургия ишканалардын болгондугун тастыктайт.
Чаткал топонимиясын илимий жактан изилденип, түптөлүшүнө чыгыштын чыгаан ойчулдары Махмуд Кашкари, Жусуп Баласагын кийинчерээк Чокон Валихановдордун кошкон баа жеткис салымдарын көпчүлүк окумуштуулар белгилешет. Арийне, жогоруда аты аталган лингвисттердин эмгектери кыргыз тил илимине гана эмес, кыргыз тарыхына да эбегейсиз зор салым кошуп, Чаткал топонимин изилдөөдө негизги башат болуп калды.
Алардын иштерин улантып, толуктаган белгилүү чыгыш таануучулар С. М. Абрамзон (1990), А. Н. Бернштам (1957), В. В. Бартольд (1996) Чаткал чөлкөмү Улуу Жибек жолунда жайгашкандыгын илимий жактан далилдешкени бизге тарыхтан белгилүү.
Ошондой эле, Чаткал тононимиясы кыргыздын белгилүү окумуштуулары Б. Ө. Орузбаевнанын (1957, 1994), Д. Исаевдин (1970, 1977), Б. М. Юнусалиевдин (1985), С. Умурзаковдун (1971) эмгектеринде кеңири изилденген. Бул эмгектер азыркы учурда кыргыз тил илиминин жүзүн көрсөтүп турат.
Бирок, Чаткал топонимине негиз болгон чат + кал топониминин жаралышы (этимологиясы) кийинки мезгилдерде деле окумуштуулардын бүйүрүн кызытып, талаш-тартыштарды жаратып келүүдө.
Атап айта турган болсок, Орто Азия топонимиясын иликтеген Х. Х. Хасанов (14. 45) Чаткал топонимин “орчуктуу тегиз эмес жер, тар, кууш” деген маанини түшүндүрөт деп эсептейт. Изилдөөчүнүн мындай пикирине кошулууга мүмкүн эмес, себеби, анын топонимге карата үстүртөн берген мүнөздөмөсү илимдин талабына толук жооп бербейт.
Э. М. Мурзаевдин Кыргызстандын топонимиясына арналган эмгектери ушул күнгө чейин илимге өз жемишин берип келет. Аталган окумуштуу Чаткал топонимиясын иликтөөгө алып, Чат топонимиясын Чад (Африка) топоними менен байланышы бар болуш керек деп божомолдоп, кыргыз тилинде кеңири учуроочу ала компонентине төмөндөгүдөй мүнөздөмө берет: «комплексная равнина, где выделяется пятна разных почв растительности» (13.44).
Албетте, лингвисттин пикирине кошулууга болбойт, себеби жердин ала-була болушу, же Чаткал тоолорунун ала-чокул болушу менен эле Чаткал топонимиясы пайда болду деген пикир шектенүүлөрдү пайда кылат.
Белгилүү окумуштуу К. К. Коңкобаев (10.57-66) бул маселенин тарыхый-лингвистикалык мааниге ээ экендигин белгилеп, Чаткал деген топоним «эки тоонун ортосундагы колот» деп жазат. Андан ары К. К. Коңкобаев айры, алыш, же болбосо эки башка агымга ажыраган дарыялардын аталыштарын камтыган Айры-Там, Ача-Суу, Жиктеме сыяктуу топонимдерди иликтөөгө алып, «эки ача, бөлүктөн турган агым жана дарыянын же болбосо суунун эки айрылыш жери кыргыз тилинде айры, айыр, айрык сөздөрү аркылуу берилерин бышыктап көрсөткөн. Ал эми географиялык аталыштардын курамын болсо «тоодогу колот, тоолуу аймактагы эки агымдын кошулган жери жана тоолуу өрөөндүн эки башка колотко ажыроосу, же болбосо эки тайпак тоонун кошулушу» деп өз оюн жыйынтыктайт.
Ал эми, Чаткал топонимиясына арналаган илимий ишти колго алган жаш илимпоз Д. Ш. Абдуллаевдин эмгеги мактоого арзыйт, себеби бул эмгек Чаткал топонимиясына атайын арналган биринчи илимий эмгек (1,3-128 б.б.) Эмгекте жаш аспирант Чаткал топонимиясына тарыхый-лингвистикалык терең мүнөздөмө берип, чаткал топонимин тарыхый жактан ширелишкен чат + кал (өзөн) эки компоненттин биримдигинен туруп, эки тараптан перпендикулярдуу абалда кошулган дарыянын куймасы (1.65) деп жазат. Аспирант топонимдин этимологиясын Чаткал аймагынын аталышы байыркы түрк тилинде активдүү топоним болуп саналган чат, сат деген терминдер менен байланыштырат. Ал эми экинчи компоненти катары жалпы түрк тилиндеги активдүү гол топонимин жолуктурабыз деп, азыркы мезгилде аталган топоним «фонетикалык адаптацияны башынан өткөрүп, Чаткал формасына ээ болгон» деп эсептейт (1.64). Бирок, топоним кандай фонетикалык адаптацияга кабылганын жана эки компоненттен турган Чаткал деген аталыштын келип чыгышы жөнүндө түшүндүрмө бербейт.
Аталган окумуштуулардан тышкары Чаткал топонимиясына О. Т. Молчанова (1971, 1976), Д. Исаев (1970, 1977) жана Н. Р. Жапаров (2006) ж. б. өздөрүнүн илимий эмгектеринде көңүл бурушкан.
Мындан тышкары, Чаткал этимологиясы элдик уламыш боюнча Чаткал өрөөнүндө бир мезгилдерде кар найза бою түшүп, эл кыйналган экен. Ошондо Чаткалды таштап, Чапчыма ашуусуна жетип, артын кылчая карап, кол булгап « Сен эч ким келбей жат (ээн) кал, бул жерди эч ким жердебей жат калсын» деп кете берген экен. Ошондон кийин «Жаткал » аталып жүрүп, бара – бара Чаткал аталып калыптыр» деген элдик тарых бүгүнкү күндө да эл оозунда. Биз, бул элдик этимологияга кошула албайбыз, себеби жогоруда аталган араб изилдөөчүлөрү орто кылымдарда Чаткалда чоң шаарлар болгонун, ири тоо — кен ишканалардын иштегенин белгилешкен. Ал эми улуу чыгыш таануучулары болсо Чаткал кыргыз урууларына таандык чөлкөм экенин, алар байыркы доорлордон ушул күнгө чейин туруктуу жашап келе жатканын баса белгилешкен. Азыркы учурда деле Чаткал өрөөнүндө, өзгөчө Ак -Таш айылында, Беш — Арал коругунда жана Баркырак тарапта найза бою кар жааган учурлар кездешет. Эл көчпөй эле, эч ким эч жакка көчөм дебей эле, эл өз жеринде бактылуу өмүр сүрүп келе жатат. Андыктан, «жат кал» деген элдик этимология биздин оюбузча туура эмес, себеби «жат кал» деген аталыш каргыш иретинде айтылган сөз. Ошондуктан, илимдин талабына таптакыр жооп бербейт деп айткыбыз келет.
Ал эми, «Чаткалаа» деген уламышка кайрыла турган болсок, Манас Аккуланы алып келиш үчүн Ферганага бара жатып чаттын ичиндеги жаркыраган калаага туш келет имиш. Ал жердеги бир тургундан бул кандай жер деп сураса, ал адам Чаткалаа, чатка курулган калаа деп жооп берген экен. Чаткалаа деген сөз укумдан- тукумга тарап, чаткал деген атка конуптур деген уламыш жашап келет. Бул чындыкка бир аз болсо да жакындашкан уламыш тарыхтан ордун табыш үчүн археологиялык, этнографиялык (улут белгилери) жана лингвистикалык иликтөөлөр талап кылынат. Анткени, калаа деген термин байыркы доорлордо «калай» иштетүүнүн негизинде, «калай» иштеткен жерлерде гана калаалар (шаарлар) пайда болгон. Ошон үчүн, Чаткалаа деген сөздүн этимологиясын такташ үчүн Чаткал өрөөнүндө археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл. Ал илимдин алдында турган чоң жумуш.
Акыркы учурларда Чаткал топонимиясы боюнча маалыматтар кытай тилиндеги сөздүк катмарлардан табылгандыгын тастыктаган пикирлер бар. Алсак, Ош МУнун профессору К. З. Зулпукаров Чаткал топонимиясынын пайда болуу тарыхы кытай катмарына тиешелүү деп эсептейт. Ал өзүнүн пикирин төмөнкүдөй далилдейт. «Чаткал топонимиясындагы ачык муундагы ча тополексемасы кыргыз тилинде ача, ур деген мааниге ээ экендигин» айтат. Ал эми кол (кал) деген экинчи компонент дарыя, суу дегенди туюндурары баарыбызга белгилүү.
Белгилүү коомдук ишмер Д. И. Сарыгулов (7. 45 — 46) биздин заманга чейинки тарыхты изилдеген окумуштуулардын эмгектери менен терең таанышып, «Тилдин жаралып, өнүгүүсү, илим аныктагандай, ачык тыбыш жаратып, аны жабык тыбыш менен кенен айкалыштыруу мүмкүнчүлүккө байланыштуу болгон деп эсептеп, ээк пайда болгондон кийин гана мындай мүмкүнчүлүккө адам ээ болгон жана эң алгачкы сөздөр кыска, бир муундуу эле болгон деп, сүйлөө мүмкүнчүлүк өнүккөн сайын улам көп муундуу, татаал сөздөр жарала баштаганын айтып, кыргыз табиятына тиешелүү болгон сөздөрдү мисал катары келтирет. Алар төмөнкүлөр: күн, ай, жер, суу, кар, кыр, сай, ак, от, ит, ич, эл, кой, үй, чап, сүт, баш, каш, чач ж.б.у.с. сөздөр.
Кыргыз тилинде мындай сөздөр 78% түзөрүн атактуу окумуштуу Н. А. Баскаков «Историко-типологическая фонология тюркских языков» деген эмгегинде баса белгилеген (4.31.).
Кытай тилиндеги ача деген маанини туюндурган ачык муундагы ча деген уңгу сөз байыркы доорлордо кыргыз тилине да тиешелүү болгон болуш керек деген ойдобуз.
Дагы бир биздин ойду бышыктоочу нерсе – бул, Ынанчы Уграчка (2. 57) коюлган (№10) эстелик. Бул эстелик Энесайдагы Ча деген көлдүн жанында жайгашкан. Көлдүн Ча деген аталышы кытай тилиндеги ча деген сөз менен толук шайкеш келип калышы жөнөкөй кокустук болбосо керек.
Албетте, бул уңгу сөздөр тээ байыркы доорлордун тереңинен кабар берип, ошол учурдагы бабалардын добуштары кулакка жаңырып тургансыйт.
Бул маселе боюнча Н. К. Асанбеков (2.76) «Орхон-Энесай жазма эстеликтеринин философиясы» деген эмгегинде мындай деп жазат: «Түрк – көчмөн тили филологдордун ырастоолору боюнча агглютинативдик мүнөздө, б.а. сөздүн уңгу менен мүчөсү убакыттын жана башка тилдердин басымы астында да жуурулушпайт. Уңгу өзгөрбөйт, ал ар дайым «көч башында». Ал мүчөгө таасир тийгизе алат, тескерисинче болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан түрк тили жалпысынан өзгөрүлбөй сакталып келген». Ошон үчүн, Евразиядагы жер-суу аттары бүгүнкү күндө да түпкү аталышын сактап калгандыгы ошондон. М: Чолок-Чат, Кыргыз-Көл, Түмөн (Россия), Улуу-Чат (Кытай), Кыргыз-Нур (Монголия) ж.б.д.у.с.
Андыктан биз, коом өнүккөн сайын байыркы доордогу кыргыз тилиндеги ча тыбыштык өзгөрүүлөргө дуушар болуп, азыркы мезгилде чат, чап, чан деген жабык муундагы сөздөр пайда болгон деген пикирди тутунабыз, себеби Чаткал дарыясы Чандалаш дарыясы менен кошулуп, ошол эки суунун кошулган жери – чатты, ачаны элестетет. Муну бүгүнкү күндө Чаткал өрөөнүнүн аталышы, кыскасын айтканда, жандуу тарых тастыктап турат, же жогоруда айтылган түшүнүк таза бойдон сакталып келгендигине азыркы кыргыз тили күбө.
Д. И. Сарыгуловдун пикири боюнча: «Ар бир чоку, кыр, сай, көл, суу, ашуу өз атына ээ болуш үчүн бабаларыбыз ошол жерде бир нече кылым эмес, бир нече миң жылдар жашап өткөн». (7.43). Андыктан, Чаткал өрөөнүн байырлаган эл миңдеген жылдар бою ушул жерде жашап, ошол жердин географиялык түзүлүшүнө карай так, таамай географиялык аталыш бергени – бул тарыхый чындык.
Ал эми Чаткал районундагы азыркы Чандалаш айылы бир мезгилдерде Зарталаш (“Алтын, күмүш зар жүктөп”. “Манастан”) деп аталган деген ойлор бар. Анткени, бул жерде алтын көп болуп, аны адамдар талашып, аягы кайгылуу окуялар менен аяктаган деген пикирлер ушул күнгө чейин жашап келет. Дагы бир белгилей кетчү нерсе, азыр да Чандалаш айылында алтын казылып, элдин күнүмдүк жашоосуна пайдасы тийүүдө. Бул айылдын Чандалаш деп аталып калышы, биздин оюбузда, ошол байыркы доордогу кыргыз жана кытай тилине бирдей тиешелүү болгон ачык бир муундуу ча сөзүнө (ачага, чатка) байланыштуу болуш керек деген ойдобуз.
Андыктан, Зарталаш деген элдик этимология кийинки түшүнүктөрдөн, себеби кыргыз тили үй-бүлө пайда боло элек, аталык (патриархат), энелик (матриархат) доордон мурда жаралган, уруулук түзүлүш боло элек мезгилде пайда болгон деп эсептешет көпчүлүк изилдөөчүлөр (6. 46, 3.31).
Мындан тышкары, азыркы кытай тилиндеги ча кыргыз тилинде ур деген маанини билдирет деген окумуштуунун пикирин айтканбыз. Кыргыз тилинде ур жана чап деген сөздөр синоним сөздөрдөн. Андыктан, Чаткал районундагы деңиз деңгээлинен 2841 метр бийиктикте жайгашкан «Чапчыма» ашуусунун этимологиясы да байыркы ча деген компонентке тиешеси бар деп ойлойбуз.
Ушунун өзү кыргыз жана кытай эли бир мезгилдерде бир эле тилде сүйлөгөн болсо керек деген ойго алып келет. Бирок, мындай ой дагы кошумча изилдөөлөрдү талап кылаары шексиз.
Анализ көрсөткөндөй, иран, түрк, монгол катмарлары боюнча окумуштуулардын пикирлери бирдей эмес. Андыктан, Чаткал топониминин аталышы боюнча илимий чөйрөнүн купулуна толгон, же коомду ынандырган жыйынтык жок деп айтууга болот. Талдоолор көрсөткөндөй, топонимдерди иликтөө ары татаал, ары табышмактуу иштерден, себеби көпчүлүк окумуштуулардын көз карашы боюнча топонимдер, анын ичинде суу аттары – топонимдер эски уңгуларды сактап, тарыхый жактан изилдениши татаал болот. Ушундай топонимдердин бири Чаткал топоними экенине күбө болдук.

Илияс ИСАБЕКОВ,
филология илимдеринин кандидаты,
доцент.
Ош шаары.