Домой Агартуу айдыңында Чаткал – Нарын достук көпүрөсү

Чаткал – Нарын достук көпүрөсү

18

Жакында республикадагы райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн арасында методикалык иш тажрыйба алмашуу жана алдыңкы педагогдордун натыйжалуу иш тажрыйбаларын билим берүү тармагында жайылтуу максатында Кыргыз-Манас театрынын демилгеси менен «Чаткал – Нарын» достук көпүрөсү деп аталган иш чара уюштурулду. Иш чарада белгиленген тартипке ылайык Нарын районунан курамы 19 кишиден турган делегация Чаткал районуна келип, бири-биринен кыйла алыста жайгашкан райондордун педагогдорунун арасында өз ара тажрыйба алмашуу боюнча алгачкы кадам жасалды.
Иш чарада Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу “Бүчүр”, “Келечек”, “Айчубак” мектепке чейинки билим берүү уюмдарында методикалык иш тажрыйба алмашуу презентациясы, Б. Камчыбеков, С. Дозонов, Т. Жаналиев жана Чакмак-Суу мектептеринде методикалык семинар уюштурулуп, «Кичи Чаарат » кен казуу ишканасына, «Беш-Арал » мамлекеттик коругуна экскурсия уюштурулду жана булардан тышкары дагы көп сандаган пландаштырылган иш аракеттер жасалды.
Иш чаранын жыйынтыгын чыгарган жыйында Нарын районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Анара Жээнбекова, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлбарчын Бейманжанова, Нарын мугалимдердин Нарын областтык кесиптик бирлигинин төрагасы Мукамбеталы Жунушалиев, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн метод кабинет башчысы Бурулсун Исакова өткөрүлгөн иш чарага карата өздөрүнүн жакшы пикирлерин билдиришти.
Белгилей кетсек, эми ушундай эле иш чара Нарын районунда да уюштурулмакчы.